Коронавирус: Кытайдан Кыргызстанга келген дарынын чуусу

Сүрөттүн булагы, Official
Саламаттык сактоо министрлиги гуманитардык жардам менен келген дары-дармектер өз өлкөсүндө текшерилет деди. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, гумжардамдагы дарылар экспертизадан өтпөйт.
Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева коронавируска каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик штабдын 2-декабрдагы жыйынында элге текшерилбеген дарылар таратылганын айтып, тиешелүү адамдар жазасын алыш керек деген.
«Бишкек шаарындагы поликлиникалардын врачтары жайында вируска каршы кытай таблеткаларын таркаткандыгы кооптондурат. Эмне себептен тийиштүү текшерүүлөрдү өткөрбөстөн, бул дармектер медициналык мекемелерге багытталган? Алардын курамын, сертификатташтырылгандыгын эч ким текшерген эмес. Бирок аларды пандемия учурунда иммунитети алсызданган жарандарга беришкен. Мындай учурлар үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин жоопкер жактары тартиптик жоопкерчиликке тартылышат", - деген сөзүн өкмөт аппаратынын маалымат кызматы жарыялады.
Аталган гумжардамдын дарылары үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна таратылганы анык. Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова борбордогу бейтапканалар алганын ырастады.

Сүрөттүн булагы, Gov.kg
"Кайсы жакка керектиги аныкталып, август, сентябрь айларында таратылган экен. Гуманитардык жардам Саламаттык сактоо министрлигинен түз кетет. Шаардык башкармалыкка отчет да берилбейт, биз аркылуу өтпөйт дагы. Бирок өзүбүзгө караган үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунан сурадык. Белгилүү номердеги буйруктун негизинде ошондой гуманитардык жардам берилгенин айтышты", - деди Исмаилова Би-Би-Сиге.
Маалыматтарга караганда дарылардын кутусу, кагаздарынын баары кытайча болгон.
Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек саясаты боюнча башкы адиси Айгүл Жакупбекованын айтымында, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, гуманитардык жардам аркылуу келген дарылар экспертизадан өтпөйт. Ал аталган дары тууралуу Кытай фирмасынын сайтынан карап, курамын, пайда-зыянын, колдонулушун териштиргенден кийин таратышканын кошумчалады. Жакупбекова берген маалыматка ылайык, Кыргызстанда курч респиратордук ооруларда, сасык тумоодо берилчү чөп ширелеринен жасалган дарыларга окшош.
"Биздин мыйзамыбыз боюнча, өзгөчө кырдаалда гуманитардык жардам аркылуу келген дары-дармектер өзүнүн өлкөсүндө катталган күбөлүгү менен жеткирилет. Ошондуктан ал мамлекеттик каттоого алынбайт. Гуманитардык жардамды алуучу тарап өкмөт болуп саналат", - деди Жакупбекова.

Сүрөттүн булагы, Official
Ошондо марттан бери элге жетип жаткан гуманитардык жардамдагы дарылардын баары эле ушундай жол аркылуу кетүүдө. Министрликтин өкүлү донордун алып келген документи он пункттан турат, ал жок бажыдан өтө албайт деп кошумчалады.
Ага карабай, гуманитардык жардам менен келген дарылардын баары ишеничтүүбү деген суроо туулат.
"Абдан сапаттуу дарылар келип жатат деп айта алам, - дейт Жакупбекова. - Эл аралык ири уюмдардан, өлкөлөрдөн келет. Меценаттар деле жаман дарыны сатып берет деп ойлобойм. Бизде бир эле маселе болду, келген дарылардын айрымдары биздин клиникалык жободо жок. Мисалы, Орусиядан келген "Авифавир" биздин жободо жок болгондуктан аларды колдоно албайбыз. Кытайдан келген үч дары өсүмдүктөрдүн негизинде жасалган сироп. Курамында жалбыз, мыя, зефир гүлү, чүкүрү сыяктуу өсүмдүктөр бар. Алар биз ичип жүргөн "Линкас", "Трависил" деген дарыларга окшош".
Ал келген дарылардын баары министрликтин алдындагы дары-дармек департаментинен өтөөрүн кошумчалады.
Министрликтин штаттан тышкаркы башкы фармакологу Аида Зурдинованын айтымында, демейде жаңы дарылар болсо, фармакологдордон маалымат чогултуп берүүнү сурашат.

Сүрөттүн булагы, AFP
"Кытайдан келген дарылар кандай даары экенин билбейм. Дары-дармек департаментинен өтүш керек. Атайын комиссия түзүлүп, ал караш керек деп ойлойм. Мен андай комиссияга кирген эмесмин. Мурда бардык дарылар дары-дармек департаменти аркылуу гана өтчү. Азыр, мисалы, биологиялык активдүү кошулмалар санэпидем көзөмөл департаментине келет. Анда кайсы дары кайдан, канча келип жатканы тууралуу бирдиктүү электрондук система болуп, көрүп турушубуз керек", - дейт Зурдинова.
Башкы фармаколог белгилегендей, COVID-19 инфекциясын өлтүрчү дары болбогон соң сасык тумоону жана курч респиратордук ооруларды дарылаган дарылар колдонулуп жатат. Өзгөчө вирус пайда кылган патогенезге жараша дарылоого көңүл бурулууда. Бул негизинен канды суюлтуу. Кыргызстанда азыр төртүнчү клиникалык жобо иштеп жатат.
3-декабрда вирустан 4 киши каза болду, 420 киши жаңы жуктурганы аныкталды. Марттан бери курмандыктардын саны 1281ге жетти.
































