Тоолуу Карабак: эки тарап ок чыгарбоого макул болду

Сүрөттүн булагы, EPA
АКШ ортомчу болгон сүйлөшүүлөрдө Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабак аймагында ок чыгарбоого макул болду. Келишим дүйшөмбү күнү күчүнө кирди.
Буга чейин Орусия ортомчулук кылып Армения менен Азербайжан эки жолу ок чыгарбоо боюнча келишимине жетишкен. Бирок тараптар салгылашууларын уланта бергени үчүн келишим дароо эле күчүн жоготкон.
Вашингтондо болгон сүйлөшүүгө АКШнын мамлекеттик катчысы жана Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери катышты. Жекшемби күнү кечинде президент Трамп мунаса табылганы үчүн эки тарапты куттуктады.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы

Эми Бейшемби күнү Женева шаарында ЕККУ дагы Тоолуу Карабактагы жаңжалды талкууга алат. Сүйлөшүүлөргө Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлеринин катышуусу күтүлүүдө. Тараптар тынчтыкка жетүү жолдорун карайт.
Эки тараптын жаңжалынан миңдегендер каза тапты, турак-жайлар талкаланды. Он миңдегендер аргасыздан жер которду. Орусиянын президенти Владимир Путиндин айтымында, Тоолуу Карабак аймагындагы Азербайжан менен Армения ортосундагы салгылашууда дээрлик беш миң адам каза тапты. Бул согушуп жаткан эки тарап жарыялаган сандан кыйла жогору.
Азербайжан менен Армения сентябрь айында кайрадан согушуп баштаганы менен, Тоолуу Карабактагы жаңжал 1988-жылы башталган. Анда Тоолуу Карабак автоном облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарылган. Кийин 1992-1994-жылдардагы эки өлкөнүн ортосундагы аскердик тирештин жүрүшүндө Азербайжан Тоолуу Карабакка көзөмөлүн жоготту. Жаңжалды жайгаруу боюнча 1992-жылы ЕККУнун Минск тобу түзүлөт. Аймактын кимге таандык экени тууралуу талаштар согушка чейин жетип, 1994-жылы жарашуу келишими кабыл алынган.
Азыркы маалда эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган көз карандысыз Тоолуу Карабак республикасын армян күчтөрү көзөмөлдөйт. Баку аймак оккупацияланган деп санайт. Ереван болсо расмий түрдө анын көз карандысыздыгын тааныганы менен анын коопсуздугун өз кепилдигине алган.




























