Европа Биримдиги Беларуска каршы санкция жарыялайт. Лукашенко тизмеде жок

Саммит ЕС

Сүрөттүн булагы, AFP

Published

Европа Биримдиги август айындагы шайлоодон кийинки Беларустагы абалга тынчсызданып, өлкөнүн лидерлерине каршы санкция жарыялоо боюнча макулдашты. Бул тууралуу Европа кеңешинин башчысы Шарль Мишель билдирди.

Кырк кишиден турган тизмеде Александр Лукашенконун ысымы жок. Эми санкция жарыялоо боюнча расмий кат бекитилиши керек.

Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен тизме алдын ала даярдаларын, ал эми аны бекиткен жараян техникалык жүрүм экенин билдирди.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон болсо Лукашенкону тизмеге кошуу Беларуста бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү сүйлөшүүлөрүнө тоскоолдук жаратышы мүмкүн экенин айтты. Дал ушул себептен кырк кишиден турган тизмеге Лукашенко кирген эмес.

Беларустун президенти "өз эли менен диалогго бара албаса, анда ал дагы санкцияга кабылышы" мүмкүн, деп кошумчалады Макрон. Лукашенко 2016-жылга чейин Европа Биримдиги тарабынан санкцияга алынган.

Светлана Тихановская

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Беларустагы оппозициянын лидери Тихановская Лукашенкого каршы санкция жарыялоого чакырып келген

Августтун аягында Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер Беларустагы президенттик шайлонун расмий жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген. Биримдик кайрадан шайлоо өткөрүүгө чакырып, бийликтин тынч өткөрүлүп берилишин талап кылган.

Сентябрдын аягында Канада менен Британия Лукашенко жана Беларустун бир нече расмийине каршы санкция жарыялады. Ошондой эле Латвия, Литва жана Эстония дагы бир катар Беларустун расмийине санкция жарыялаган.

23-сентябрда Лукашенко Минск шаарында шашылыш түрдө ант кармап, ишине киришкен. Анын инаугурациясы тууралуу алдын ала эч кандай маалыматтар болгон эмес. Бул кадамдан кийин бир катар Батыш мамлекеттери Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жар салган.

Буга чейин Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей Бириккен Улуттар Уюмундагы Башкы Ассамблеясындагы сөзүндө Беларус расмийлерине каршы санкция жарыялоо тескери натыйжа берет деп айткан.

9-августта өткөн президенттик шайлоодон бери Беларуста каршылык жүрүштөрү токтобой жатат. БШК шайлоодо Лукашенко добуштардын 80 пайызын алып, жеңишке жетишкенин жарыялаган. Бирок көптөр шайлоо бурмаланганын айтып, президенттик шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылууда.

Андан бери Минскиде өлкө тарыхындагы эң масштабдуу митингдер өттү. Жүз миңдеген кишилер көчөгө чыгып, Лукашенконун отставкасын талап кылды. Миңдегендерди полиция кармады. Камакка алынгандар зомбулукка кабылганын дагы айтышууда.