Рамзан Кадыров 21 жаштагы кызын министр орун басары кылды

Сүрөттүн булагы, Getty images
Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун 21 жаштагы кызы Айшат Кадырова маданият министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Кадыров кызы буга чейин Firdaws мода үйүн жетектеп, чечен артистерине колдоо көрсөтүп келгенин айтты. Жакында эле атасы менен кошо кызы Айшат дагы АКШнын санкциялык тизмесине киргени бар. Айшат Кадырова жетектеген Firdaws мода үйү өткөн жылы Парижде, Москва жана Дубайда мода көрсөткөн.
Маданият министри Хож-Бауди Дааев "Инстаграм" баракчасына бул дайындоону алкаган билдирүү жазды.
Бул макалада Instagram мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
Instagram посттун аягы
Чечен бренддин 2009-жылы Кадыровдун аялы Медни негиздеп, кийин кызына компания башкаруусун өткөрүп берген эле.
"Firdaws алектенген моданы маданияттын бир бөлүгү катары кабылдап келгем",-деген Айшат Кадырова Би-Би-Сиге маегинде.
Айшат Кадырова 1998-жылы туулган. Чечен мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн. 2016-жылы Кадыровдун жакын досунун уулуна турмушка чыккан. (AbA)






























