Жаңы Зеландиядагы мечитке чабуул: террорчу өмүр бою абакка кесилди

Victims
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Крайстчерч шаарындагы эки мечитке болгон кол салууда курман болгондор
Published

Жаңы Зеландиянын соту 2019-жылы Крайстчерч шаарындагы эки мечитте ок жаадырып, 51 кишинин өлтүргөн террорчуну өмүр бою абакка кести жана түрмөдөн эрте бошоп кетүү укугунан ажыратты. Мындай катаал жазаны Жаңы Зеландияда эч ким ала элек болчу.

29 жаштагы Брентон Таррант 51 кишинин өмүрүн кыйганын, 40 кишини өлтүрүүгө аракеттенгенин жана терроризм кылмыштары боюнча күнөөнү мойнуна алды.

Brenton Tarrant during sentencing at the High Court in Christchurch

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 29 жаштагы Таррант өмүр бою абакта отурат

Сот Тарранттын кылмышын "мыкаачылык" деп атап, ал эч тандабай алдына чыккандардын өмүрүн алганын белгиледи.

"Кылмыштарың ушунчалык каардуу болгондуктан өмүр бою абакта отурсаң дагы жетишсиз жаза алган болосуң",-деди Крайстчерч шаарынын соту Камерон Мандер.

Justice Cameron Mander sentences Christchurch mosque gunman Brenton Tarrant

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Крайстчерч шаарынын соту Камерон Мандер өкүмдү окуп жатып Таррантка катуу сөздөрдү айтты

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн соттун өкүмүн уккандан кийин террорчунун "мындан ары эч кандай платформасы жок...анын ысымын башка укпайбыз, аны көрбөйбүз жана ал тууралуу ойлойбойбуз" деп белгиледи.

"Бүгүн террорчунун ысымын акыркы жолу угуп, ал тууралуу сөз кылган болобуз деп үмүттөнөм",-деди Ардерн. Буга чейин премьер-министр бул окуяны "Жаңы Зеландия тарыхындагы эң каргашалуу күндөрдүн бири" деп мүнөздөгөн.

Өткөн жылдагы үрөй учурган окуя

2019-жылы Крайстчерч шаарындагы кол салууда террорчу Брентан Таррант башындагы шлемге камера орнотуп, кандуу окуяны "Фейсбук" аркылуу түз көрсөткөн. Кийин коомчулуктун басымы менен тасма бардык жерден өчүрүлгөн.

Facebook алгачкы 24 саат ичинде бир жарым миллион видеону жок кылган.

Map

Террордук чабуул алдында Таррант атайын кайрылуу жасап, ашынган улутчулдардын идеологиясын кубаттап, мигранттарга каршы пикирин билдирген. Ошондой эле террорчу интернетке ашынган оңчулдарды жактаган документти да жүктөгөн.

Ашынган оңчулдар интернетте кайрылууларын өтө кылдаттык менен жүргүзөт. Көп учурда өздөрүнүн кайрылууларын өздөрү четке каккандыктан, коопсуздук кызматкерлери эч кандай илинчек таба алышпайт. Мына ушундай ыкма менен алар экстремисттик көз карашын коомдук тармактарда жайылтууга жетишет.

Террордук чабуулдан кийин полиция тинтүү жүргүзүп, мечиттер жайгашкан аймактан жардыруучу зат, курал-жарак жана ок-дары табылганын маалымдаган.