Германия буйрутма киши өлтүрүү боюнча Орусияны айыптады

2019-жылдын сентябрында Грузиянын Германиядагы элчилигинин алдында Хангошвилинин өлүмү боюнча митинг өткөн

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2019-жылдын сентябрында Грузиядагы Германия элчилигинин алдында Хангошвилинин өлүмү боюнча митинг өткөн
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Германия чечен талаа командири Зелимхан Хангошвилинин өлтүрүүгө буйрутма берген деп орус бийлигин айыптады.

Ал өткөн жылдын август айында Берлиндеги паркта киши колдуу каза тапкан. Федералдык прокуратура "анын өлүмү Орусиянын мамлекеттик кызматтары жана борбордук өкмөтүнүн буйругу менен болду" деп эсептейт.

Буйрукту ишке ашырган деп тергөөчүлөр Вадим К. атуу орус жаранын атады. Буга чейин Орусия Хангошвилиге байланыштуу айыптоолорду четке кагып, чындыкка коошпойт деп билдирген. Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас орусиялык элчи чакырылганын ырастады.

Германиядагы орус элчиси Сергей Нечаев "айыптоолор эч кандай фактыларга негизделбегенин жана далилсиз экенин" билдирген.

Мурдагы чечен талаа командири Зелимхан Хангошвили грузин жарандыгын алган. Өткөн жылы 23-августта аны Берлинде өлтүрүп кетишти. Көп өтпөй буга шектүү бир киши кармалган.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Германиянын федералдык прокуратурасы кармалган шектүү орус жараны орус өкмөтүнүн буйругун аткарган деп эсептейт. Тергөө маалыматына караганда, айыпталуучу Вадим К. август айында Москвадан Парижге учуп, Варшава аркылуу Берлинге келген. Жанында бир ай мурун Орусиядан алган жаңы паспорту болгон.

Ал Хангошвилини Glock 26 тапанчасы менен атып, жерге жыгылып калгандан кийин башына эки жолу ок аткан, деди тергөөчүлөр.

Хангошвили 2016-жылы саясий качкын макамы менен Германияга келген. 2000-2004-жылдары чечен жикчилдеринин катарында орусиялык армияга каршы согушкан.