"Өлүктөр фермасы"

Сүрөттүн булагы, IFAAS/USF
- Author, Карлос Серрано,
- Role, Би-Би-Си
- Published
Бир караганда бул жер кадимки эле шалбаа болуп көрүнөт -калың чөп, кай бир жеринде бийик өсөт. Алыстан караганда, сейилдегенге эң сонун жер болуп сезилет.
Бирок бул жердин чөбү бир метр жогору, себеби бир нече апта бою аны өлгөн адамдын чириген денелери менен азыктандырышкан.
Бүгүн күн ысык болду. Эгер талаага чыксаң, өлүктүн жытына чыдабай, көзүңөн жаш агып кетет.
Жалпы аянты бир гектардан көбүрөөк бул талаада баардыгы 15 адамдын өлүгү жатат. Алардын баары жылаңач, кээ бири металл торчого салынган, башкалары көк пластик менен жабылган. Бир нече өлүк анча терең эмес чуңкурда жатат, бирок көбү ачык асман алдында.
Ар бир өлүктү кургак чөп менен тегеректеп коюшкан. Бирок так ушул жерде бара-бара чөп бат өсөт - анткени кыртышка жер семирткичтер барат.
"Соттук мүрзө"

Биз Түштүк Флоридан Университетинин соттук антропологиялык лабораториясында турабыз. Ал Нампа шаарына жакын жерде округдук түрмөнүн жанында жайгашкан.
Кээ бирөөлөр бул жерди өлүктөр фермасы деп аташат, окумуштуулар өздөрү «соттук мүрзө» же кээде «тафономия лабораториясы» дешет. (Тафономия - сөөк коюнун жол-жобосун изилдеген палеонтология жана археологиянын бир бөлүмү).
Бул жерде адам организми өлгөндөн кийин эмне болорун изилдешет.
Ачык асман алдындагы бул лаборатория 2017-жылы ачылган. Башында аны коңшу турган Хиллсборо шаарчасында ачалы дешкен, бирок жергиликтүү эл каршы болгон экен.
Көрсө, мындай илимий мекемеге жөнөкөй эл гана эмес, кээ бир окумуштуулар да каршы чыгыптыр.

АКШда мындай фермадан алтоо бар, ушул жылы ага окшогондор Улуу Британияда, Канада жана Австралияда ачылган жатат.
Бул талаада жаткан өлүктөрдүн көбү өздөрүн өлгөндөн кийин илимге мурастаган адамдардыкы, кээ бирлери туугандары тапшырган.
Окумуштуулардын алдындагы негизги милдет - адамдын организми кантип чирий турганын жана өлүк жаткан жерде эмне болорун түшүнүү.
Анын натыйжасында окумуштуулар кылмыштардын бетин ачууга пайдасы бар маалыматты чогултуп, соттук экспертизага жардам беришет.
Өлүк дене эмне болот?

"Адам өлгөндөн кийин көп сандаган процесстер бир убакта башталат, - дейт доктор Эрин Киммерли. - Табигый түрдө бузулгандан баштап курт-кумурскалардын айрым бир түрлөрү пайда болуп, айлана чөйрөдө өзгөрүү жүрөт".
Доктор Киммерли - Түштүк Флорида Университетиндеги соттук антропология институтунун директору. Ал өзү жана кызматкерлери да реалдуу убакытта, реалдуу чөйрөдө бузулуп чириген өлүк денелерди изилдөөнүн мааниси чоң экенине ишенишет.
Анын айтымында, адам денесинин чириши бир нече этап менен өтөт:
1.Жаңы өлүк: Жүрөк сокпой токтоп, температура түшүп, кан айланбай токтоп, айрым органдарда кан чогулуп калгандан кийин дароо бузулуп баштайт.
2.Көөп чыгуу: бактериялар жумшак ткандарды бузуп, теринин түсү өзгөрө баштайт. Өлүктүн өзүнүн газы чыгып, жумшак ткандар жарыла баштайт.
3.Активдүү чирүү: бул этапта дененин массасы азайып, жумшак ткандарды курт-кумурска жейт же суюк түргө келип, жер кыртышына жана чөп-чарга сиңе баштайт.
4.Чирип бүткөнү: бул учурга карата жумшак ткандардан эчтеке калбайт, бактериялар, курт-кумурска азаят. Эгер өлүк жерде жатса, анын айланасындагы чөптөр соолуйт, кыртыштын кычкылдыгында өзгөрүү болот.
5. Кургак калдыктар: дене скелетке окшой баштайт - беттен, кол менен буттардан башталат. Эгер нымдуу жерде болсо, дене мумиялашы мүмкүн. Кыртышка түшкөн азыктандыргыч нерселердин натыйжасында дененин айланасында чөп дүркүрөп өсө баштайт.

Бирок бул этаптар бирдей болбойт, анткени айлана-чөйрөнүн таасири ар кандай болушу мүмкүн.
Ошол себептүү доктор Киммерли менен анын кызматкерлери фермада шарттарды ар кандай кылып өзгөртүп турушат.
Өлүктөрдү кантип карашат
Кээ бир жансыз денелер жөн эле жерге ыргытылат, башкалары металл торчолорго салынат, кээ бирин пластик пленка менен жаап коюшат.
Окумуштуулар өлүк дене бузула баштагандан кийинки ар бир көрүнүшкө көз салып турушат - курт-кумурска кандай жейт, карга-кузгун, майда кемирүүчүлөр, опоссумалар качан келерин, ошонун баарын байкоого алышат.

Кээде кузгундар үйүр-үйүрү менен келет. Ачка жырткычтар өлүктөрдүн терисин тиштеп үзүп, ичин жарып, ички органдарын чубап жейт.
Окумуштуулар ошону баарын кылдаттык менен жазып, сүрөткө тартып алып турушат. Алар дененин кандай абалда болгонун, суунун булагына жакынбы же алыспы, жердин үстүндөбү же астындабы, тордобу же ачык асман алдындабы, бардык абалын белгилешет.
Геологдор менен геофизиктер алар менен кошо иштеп, жер кыртышындагы, суудагы, абадагы бардык процесстерди, өсүмдүктөрдүн эмне болгонун изилдеп иликтешет.
Жансыз дене куурап, скелетке айланганда, аны кургак лабораторияга жиберишет. Ал жерде сөөктөр тазаланып, кургатылып, окуу жана изилдөө иштерине пайдаланууга жиберилет.
Кантип пайдаланылат
Табигый түрдө бузулуу процессин түшүнүү өлүмдүн келген убактысын, кайсы бир жерде канча жатканын, өлгөндөн кийин башка орунга көчүрүлгөнү жөнүндө маалымат бере алат.

Бул маалыматтар менен өлгөн адамдын ким экенин да аныктоого болот. Генетикалык маалыматтар жана сөөк калдыктарын изилдөө менен бул маалымат бети ачылбаган киши өлтүрүү кылмыштарын иликтөөдө колдонулушу мүмкүн.
Этика жагы
Кээ бирөөлөр мындай иштен жаа бою качышы мүмкүн. Бирок доктор Киммерлиде санаа жок.
"Кесипкөй окумуштуу катары сен баарын үйрөнөсүң", - дейт.
"Биз киши өлтүрүү кылмыштарын иликтөөгө катышабыз, - дейт доктор. - Эң жаманы - адамдын башка адамга кандай жырткычтык кылганын көрүү".

Доктор Киммерли менен анын кесиптештеринин балдарын 20 же 30 жыл мурун жоготуп, алардын калдыктарын издеп жүргөн үй-бүлөлөр менен сүйлөшкөн учурлары болгон.
Анын сөзүнө караганда, АКШда 1980-жылдан бери 250 миң киши өлтүрүү кылмыштары бети ачылбай келатканы бул иштин маанисин көрсөтүп турат.
Бул ферма ачылгандан бери 50 донордун денесин алды, ошондой эле 180 адам өлгөндөн кийин өздөрүнүн денесин мурас калтырмай болушту. Алар негизинен ажал оозунда турган картаң адамдар.
Ланкастер Университетинин антропологу жана анатому Сью Блэк мындай изилдөөлөрдүн көп туура көрбөйт, анткени алынган маалыматты аз жана так эмес дейт.
Анын үстүнө маселенин этикалык жагы да бар.
"Мен мындай ишти жагымсыз жана жаман иш деп билем», - деп жазат Блэк 2018-жылы чыккан "Бүт калган нерселер» деген китебинде. - Мени ушундай жерлерге чакырганда ого бетер жиним келет».
Бирок доктор Киммерли мындай полигондордун келечеги бар дейт, башка өлкөлөрдө ушул сыяктуу лабораториялардын ачылып жатканын мисалы тартып.
"Биздин бул жерде аткарып жаткан ишти түшүнгөн жана анын практикалык маанисин билген адам анын керек экенинен шек санабайт", - дейт Эрин Киммерли. (КС)
































