Лондондо автобуста 21 жыл жашаган качкындын тагдыры

Лондондогу автобус

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Вениша Мензис
    • Role, Журналист жана фотограф
  • Published

Британ бийлиги качкын макамын бербей койгондон кийин Санни жыйырма жылдай Лондондогу күнү-түнү тынбаган автобустарда жашап жүргөн. Күн сайын эки кабаттуу автобуста түндү өткөрчү.

Short presentational grey line

Санни (өзүнүн өтүнүчү менен ысым өзгөртүлдү) сабырдуулук менен автобусту күтүүдө. Кыштын ызгаар шамалы анын эски күрмөсүн көзөп, сөөгүнө жетип, көк муштум болуп тоңот. Түн жарымы, шайы ооп чарчаган, бирок күлүмсүрөп, ордунан жылбай күтөт. Акыры күткөн автобусу келди. Ал башка жүргүнчүлөрдү алдыга өткөрүп жиберип, айдоочуга башын ийкеп учурашып, Oyster электрондук карточкасынан жол акысын төлөп, ичкери кирди.

Санни акыркы орундукта олтурганды жактырат. Автобустун биринчи кабатындагы акыркы орундар бош болгондо кадыресе көңүлү жайгарылып, шаардын кызыл-тазыл түнкү көчөлөрүн аралаган узак сапарга даярдык көрөт.

Болгон буюм-тайымдары салынган сумкеси тизесине коюп алып, көзүн жумат. Автобуста акырындап денеси жылып, көшүлүп уктайт.

Саннинин транспорт акысын төлөө үчүн алган Oyster электронндук карточкасы

Сүрөттүн булагы, Venetia Menzies

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саннинин транспорт акысын төлөө үчүн алган Oyster электронндук карточкасы

Санни автобустун ичине чейин кирип келген каңылжарды жарган куурулган тоок этине, көчөдөгү ызы-чууга көңүл да бурбайт.

Анын эскерүүлөрү өткөн күндөрүнө байланган. Нигериядагы абакта тизелеп олтуруп алып, өлүмүн күтүп, сыйынып олтурчу. Ал демократия үчүн күрөшүп, кылмышкер аталды. Күтүүсүз жерден абактан кутулуп чыкты. Тагыраагы, жакындары абак жайдын кызматкерлерине пара берип, өмүрүн сатып алышты. Андан соң Лондондогу учакка олтургузушкан.

Санни автобуска кызып алган жүргүнчүлөр топурап кирип келгенде, экинчи кабатка өтүп кетет. Сыртта түн ооп калган, үч менен төрттүн ортосу. Дал ушул маалда ыңгайсыз абал жаралат.

Саннинин байкоолору боюнча, ушул маалда жүргүнчүлөрдүн үч тобу түшөт автобуска. Британияга жакшы жашоо издеп келгендер таң атпай жумушка жөнөшөт. Алар офистерди, көчөлөрдү күн чыкканча тазалап кетүүгө шашылгандар. Жумуш убактысы ушундай.

Экинчи топ, ушул маалда түнкү үлпөттөн кайтып келе жаткан британдыктар. Алар катуу сүйлөп, тез татым тамактарды жеп, бака-шака түшөт.

Үчүнчү топтогулар, өзү сыяктуу баш калкасы жок кишилер. Алар автобуска уктоо үчүн чыгышат.

Санни бака-шака түшкөн топтон кооптонбойт деле. Ага компания жагат. Алар каткырып күлүшсө, жылмайып коюп кете берет. Өзү дагы ушул мастар сыяктуу бактылуу болгон учурун эстегиси келет.

Санни фото долбоордун катышуучусу

Сүрөттүн булагы, Venetia Menzies

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Санни фото долбоордун катышуучусу

Балким, андай мезгил саясий качкын макамы каралып жаткан учурда болгон чыгаар. Ал кезде экинчи жашоосу башталганынан чексиз бактылуу эле. Документалдуу тасмалардын режиссеру болуп, атайын курстарга жазылып, өзүнүн долбоорун жылдыргысы келет. Долбоордо Лондондо үй-жайсыз жүргөн кишилердин тагдыры тууралуу айтып бермек.

Санниге британ бийлиги баш калка берүүдөн баш тартты. Анын эки жолу бар эле: өлүм жазасына тартылган Нигерияга кайтып баруу, болбосо, Лондондун көчөлөрүнө ың-жыңсыз сиңип кетүү. Албетте, экинчи жол ага ылайык.

Short presentational grey line

Ошентип 21 жыл, автобустан автобуска көчүп жүрүп, жан сактады. Биринчи айда ага жол акы үчүн төлөнгөн Oyster картасын чиркөөдөгү бир кызматкер аял сатып берди. Ай сайын ушунтип жардам берип, төлөп берип турду. Ал жок болуп калганда башкалар дагы төлөп берип жардам көрсөтүшкөн.

Кундүзү Санни өз ыктыяры менен эле чиркөөлөрдөгү жумуштарды жасап жүргөн. Андан кийин Вестминстер китепканасына барып, гезит, китептерди окуйт эле. Кечинде ресторандарга барып артып калган тамак-ашын сурайт. Сейрек учурда гана баш тартышпаса, негизинен ага арткан тамактарды беришчү.

Саннинин сүрөттөрү дүйнөнү үй-жайсыз кишилердин көзү менен көрсөтөт

Сүрөттүн булагы, Sunny

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саннинин сүрөттөрү дүйнөнү үй-жайсыз кишилердин көзү менен көрсөтөт

Кечки саат тогуздарга барып, Санни түнөп калуу үчүн биринчи автобусуна олтурат. Таң атканча кээде үч-төрт автобус алмаштырат. Жүрө берип кайсыл каттам ыңгайлуу экенин дагы жаттап бүткөн.

Айрым үй-жайсыз кишилер автобустагы бир нече орундукту ээлеп алышат. Бирок Санни башкаларга тоскоолдук жараткысы келчү эмес.

Санни в центре Лондона

Сүрөттүн булагы, Venetia Menzies

Автобуста олтуруп уктоо азап эле. Анткени автобус дайыма чукул бурулуштарды жасап олтурат. Жүргүнчүлөрдүн кобур-собуру, көчөдөгү ызы-чуу...

Күн чыгаары менен тамактануу үчүн "Макдоналдска" жөнөйт. Эч качан кайыр сураган эмес, болгону суранып айтса, жок дешпей жардам бергендери бар. Дааратканага кирип, жуунуп алууга уруксат беришет.

Рождестводо Санни түндү чиркөөдө өткөргөн күндөрү көп болду.

Сүрөттө: "Бош автобуста уйкуга орун бар",- деп жазылып турат

Сүрөттүн булагы, Sunny

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: "Бош автобуста уйкуга орун бар" деп жазылып турат

Санни автобустун терезесинен Лондон акырындап өзгөрүп жатканын көрдү. Ак кишилер азайды, үй-жайсыз кишилер көбөйдү. Лондондо дүйнөнүн булуң-бурчунан келген кишилер. Санни сүйлөгөн сөздөрүнө карап, ким кайдан келгенин ажыратып биле алат. Көчө жашоосу аны коркунучту алдын алып билүүгө үйрөттү.

Өз тагдыры үчүн Санни британ бийлигин күнөөлөбөйт. Эгерде Нигерияда баары жакшы болгондо, бул жерде темселеп жүрмөк эмес.

Автобус

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Акыр соңу Лестер скверге жакын жердеги француз чиркөөсү Санниге туруктуу жашоого уруксат берүү өтүнүчү менен Ички иштер министрлигине кайрылган. 20 жылдан ашуун Улуу Британия аймагында жашагандарга туруктуу жашоого уруксат берилет.

21 жылдан бери жашап жүрүп, Санни миграция кызматы байкап калбасын деп, бир дагы документ албаптыр. Британияда жашап жүргөнүн кантип тастыктады?

"Туруктуу жашап калганга уруксат бериш үчүн мурдакыдай эле документтер талап кылынат. 1995-жылдан бери турукту жашап жүргөнүн тастыкташы керек",-деп айтылган Ички иштер министрлиги жолдогон ката.

"Банк эсептери, электр дүмүрчөгү, батир ээси менен келишим...".

Санни Лондондун борбордук бөлүгүндөгү француз чиркөөсүнө келет

Сүрөттүн булагы, Venetia Menzies

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Санни Лондондун борбордук бөлүгүндөгү француз чиркөөсүнө келет

Санни айрым ага боор тарткан айдоочулардан ушул жылдар аралыгында аны көрүп жүргөнүн тастыктап, кат жазып берүүнү суранган. Айрымдары буга макул болушту.

Ал өз ыктыяры менен иштеп берип жүргөн чиркөө дагы анын жашап келгенин ырастайт.

Азыр Санни өзү сүрөт тартат. Анын сумкесинде белекке берилген фотоаппараты бар. Долбоорун ишке ашыруу үчүн ага көмөк көрсөтүшкөн.

2017-жылы Санни 55 жашка келип калганда, туруктуу жашоого уруксат алды. Бул жараянга бир жылдай убакыт кетти, бирок ага ыраазы. Азыр эми ижарага батир алды. Мыйзамдуу түрдө жумушка орношууга укук берилди.

Бул кишилер аялдамада жашайт

Азыр Лондондун түштүгүнөн турак-жай тапты. Бирок кээде түндү автобусту өткөрөт. Автобустарга ушунчалык көнүп алгандыктан, кээде кадыресе сагынып калат.

Жылдар анын өмүрүн уурдады. Мурдакыдай эмес, чачын ак аралап, сөөгү оорлошуп, картайды. Автобустан түшүп баратып, айдоочуга ыраазычылык билдирди да, тротуарга жай басып өттү. Андан кийин көңүлү жайдарыланып, батири тарапты көздөй кадам шилтеди. (AbA)