Беш жаштагы балага протез кол cалышканда, дароо инисин кучактады

Jacob Scrimshaw and his brother

Сүрөттүн булагы, Ben Ryan

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жэйкоб жаңы протез алганда инисин кучактап кубанды
Published

Жэйкоб ара төрөлүп, тубаса сол колу жок эле.

Анын ата-энеси crowdfunding же кайрымдуулук үчүн чогулган каражатка - 16 миң фунт топтоп, уулуна кыймылдаган протез алышкан.

Дарыгерлер чыканак жок болгондо кыймылдаган протезди иштетүү мүмкүн эмес деп айтышкан эле. Ошондо Жемма Тёрнер менен Крис Скримшоу баласына протез издеп жүрүп, Бер Райанга кезиккен.

Райандын уулу он жашында кырсыкка кабылып, колунан ажыраган. Райан өз аракети менен гидравликалык протез иштеп чыккан экен. Кийин Райан психолог катары ишинен кетип, Ambionics аттуу компанияны негиздейт. Ambionics польшалык Glaze аттуу компания менен бирикти, Жэйкоб анын биринчи кардары эле.

Jacob with his mother Gemma

Сүрөттүн булагы, Ben Ryan

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жэйкоб энеси Жемма менен

Жэйкобдун ата-энеси протездин чыканагы менен манжалары колдой эле кыймылдаганын каалаган жана манжаларды улам башка аспапка алмаштырууну дагы суранышкан.

Райан иштеп чыккан протез 3D принтерден эмес, лазерлер менен кесилип даярдалган эле.

Jacob Scrimshaw and his brother

Сүрөттүн булагы, Ben Ryan

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жэйкобдун жаңы протези
Jacob Scrimshaw

Сүрөттүн булагы, Ben Ryan

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эми Жэйкоб протези менен каалаган буюмду кармай алат

"Жэйкобдун сунушун дагы эске алдык. Ал түсүн кино тасмада көргөн каармандардай жашыл кылып боеп бергиле деп сураган. Негизгиси, Жэйкоб манжаларын кыймылдатып, бөтөлкө сыяктуу буюмдарды кармай алат",-деди Райан.

Жэйкобдук ата-энеси дагы протезге сүйүнүштү. Cowdfunding аркылуу акча топтоп жатканда, ысымын жашыруун калтыргысы келген бир кишии 5 миң фунт акча жөнөткөн экен. Ал "кайрымдуулук иштерин көп жасаган аял катуу ооруп жатканын", айрым максаттары жете албай акчасын Жэйкоб сыяктуу балдарга таратып жатканын айткан.

Jacob Scrimshaw

Сүрөттүн булагы, Ben Ryan

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жэйкоб тубаса сол колу жок төрөлгөн

Жемма болсо башында жардамга акча сурагысы келбей, "аягында баламды ойлоп баарына даяр экенимди түшүндүм" деп айтты.

"Уулум бир топ кыйналды. Улам бир дарыгерге барсак, жардам бере албайбыз деп жооп кайтара беришти. Өзүбүз каалагандай протезге жеткенибизге кубанып турабыз",-дейт Жемма.