Жогорку Кеңеш Кумтөр келишимин четке какты

Published

Жогорку Кеңеш шаршембидеги жыйынында Кумтөр алтын кени боюнча "Центерра Голд" компаниясы менен өкмөттүн ортосундагы жаңы меморандумду четке какты. Депутаттар кыргыз өкмөтүнө канадалык инвестор менен сүйлөшүүлөрдү улантууга 23-декабрга чейин убакыт берип, Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга жеткирбесе, келишимдер бир тараптуу жокко чыгарылсын деген талап койду.

"Центерра Голд" болсо кыргыз өкмөтүнүн үлүшүн 50 пайыздан өйдө көтөрө албайбыз деп жатат.

Кыргыз өкмөтү Кумтөр кенин иштетүү боюнча "Центерра" менен узак убакытка созулган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, теңме-тең үлүшкө ээ болгон орток компания түзүү жөнүндө меморандумга келген эле. Өкмөт бул мамлекетке утуш алып келет деп ынандырууга аракеттенген.

Бирок Жогорку Кеңеш буга макул болбой, өкмөттүн буга чейинки жасаган ишин жеткиликтүү эмес деп тапты. Ошондой эле 23-декабрга чейин канадалык компания менен сүйлөшүп көрүүнү өкмөткө тапшырды.

Депутаттар Кыргызстан 50 пайыздык үлүш менен өз кызыкчылыгын коргой албастыгын айтып, аны 67 пайызга чейин жеткирүүнү, андан майнап чыкпаса, Кумтөр боюнча келишимдерди денонсация кылууну талап кылды.

Кумтөр саясий талаш-тартыш жана митингдердин себеби болуп келет. Май айында Жети-Өгүздө орун алган Кумтөр боюнча нааразылык райондо өзгөчө кырдаал киргизгенге чейин өсүп жеткен.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кумтөр саясий талаш-тартыш жана митингдердин себеби болуп келет. Май айында Жети-Өгүздө орун алган Кумтөр боюнча нааразылык райондо өзгөчө кырдаал киргизгенге чейин өсүп жеткен.

Ал тапта Жети-Өгүздөгү айрым айылдардын тургундары митингге чыгып, жаңы меморандумга каршылыгын билдирип чыгышты.

"Центерра Голд" компаниясынын жетекчилиги болсо жаңы ишканадагы өз үлүшүн 50 пайыздан азайтууга макул болбостугун, эгер кыргыз парламенти менен өкмөт келишимдерди бир тараптуу жокко чыгарса, өз акционерлеринин укугун коргоо үчүн эл аралык арбитражка кайларын билдирүүдө.

"Центерра" эл аралык сотко кайрылса, кыргыз өкмөтү бул ишти утуп чыга алабы деген түкшүмөл суроолор жаралууда. Адистер соттон жеңип чыгуу үчүн Кыргызстан буга чейинки келишимдер коррупциялык жолдор менен түзүлгөнүн далилдеп бериши керек дешет.

Кумтөрдөгү абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын былтыркы корутундусунан кийин Башкы прокуратура мурдагы жогорку даражалуу кызматкерлерге карата кылмыш ишин козголгон. Бирок бул иштер боюнча азырынча сот чечими чыга элек.

Ысык-Көлдө жайгашкан Кумтөр Кыргызстандагы эң көп алтын кору катылган кен болуп саналат. Кумтөр өлкөнүн экономикасына олуттуу таасир тийгизген бирден-бир өндүрүш жана башкы салык төлөөчү. Мындан улам кыргыз өкмөтү Кумтөр токтоп калса, экономика эмне болот деп кабатырланып келет.

Деген менен парламенттеги айрым депутаттар Кыргызстандагы кен тармагы коррупциялашып кеткенин айтып, кен иштетүүгө убактылуу мараторий жарыялоо демилгесин көтөрүп жатышат. Алар өкмөт өз ишин жакшыртып, коррупциялык элементтерден арылса, кендерден түшчү каражатты толуктап алса болот деп ишенишет.

Эми парламент тапшырма берип, өкмөт сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү менен "Центерра" жаңы талаптарга көнөбү? Көнбөсө маселе кандай чечилет? Же парламент өз чечимин өзгөрткөнгө аргасыз болобу?

Бул макалага калтырган ой-пикириңизди модератор карап чыгып, сайтка чыгарат. Бирөөнүн ар-намысына, беделине шек келтирген пикирлер жарыяланбай турганын эскертебиз.