Кумтөр боюнча келишпестиктер көп

- Author, Ибраим Нуракун уулу
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
- Published
Кумтөр кенине байланыштуу талаш-талкууларга ушул аптанын аягында Кыргыз парламенти мыйзамдык жактан чекит коюушу ыктымал. Өкмөт көп айларга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин чет элдик инвестор менен бул кенге теңме-тең ээлик кылуучу жаңы келишим түзүүгө макулдашкан.
Ага ылайык канадалык Centerra компаниясы менен өкмөттүн алдындагы “Кыргызалтын” ишканасынын ортосунда биргелешкен компания түзүлүп, буга чейинки Кумтөр кенин улутташтыруу демилгелеринен баш тармак.
Кыргыз өкмөтү жана анын чет элдик кеңешчилери улутташтыруу кендин ишинин токтошуна жана талаш-талкуулардын эл аралык соттордо уланышына алып келет деп эсептешет.
Сынчылар болсо, Кыргызстан өзүнүн эң негизги байлыгына ээлик кылуудан кооптонуп жатканына суроолуу карайт.
Кумтөрдүн айланасындагы талаш-талкуулар кенди улутташтыруу чакырыктары менен коштолуп келет. Жаз айларында парламент Кумтөр боюнча келишимди Кыргызстандын кызыкчылыгына дал келгидей кылып кайрадан түзүү тапшырмасы менен өкмөткө күзгө чейин мөөнөт берген.
Көп айларга созулган сүйлөшүүлөрдөн соң, канадалык Centеrra менен өкмөттүн алдындагы “Кыргызалтын” ишканасы үлүшү 50-50 пайызды түзгөн, биргелешкен ишкана түзүү чечимин алып келди.
“Кыргызалтындын” вице президенти Кылычбек Шакиров бул келишим Кыргызстан үчүн эң чоң жетишкендик деп эсептейт: “Мындан ашык чечимге жете албайбыз. Бул меморандумда кызыкчылыгыбызды максимум деңгээлдеги коргодук”.
Өкмөт чет элдик инвестор менен түзүлгөн жаңы келишим аркылуу кенди улутташтыруу талаптарын четке кагууда. Сүйлөшүү жүргүзгөн тараптардын айтымында, кенди толук бойдон Кыргызстандын көзөмөлүнө өткөрүү эки тарапка тең зыян алып келмекчи.
Мисалы Кыргызстан мындан болжолу менен эки же үч миллиард доллардык чыгым тартышы ыктымал. Андан тышкары, Кумтөр чыры өлкөнүн тышында чечилиши мүмкүн деп түшүндүрүүдө Кыргыз өкмөтүнүн кеңешчиси Мэтью Сандерс: “Албетте, парламенттин улутташтырууга баруу укугу бар. Бирок, мындай учурда укуктук-мыйзамдык териштирүүлөргө Кыргызстандын соттору катыша албай калат. Маселе Нью-Йорк, Париж же Стокгольмдогу соттордун кароосуна өтүшү ыктымал. Анын арты Кыргызстанга чоң кесепеттерин тийгизет”.
Анткени менен парламенттеги алдын ала талкууларда жаңы келишимди колдоого караганда колдобогондордун үнү көбүрөөк угула баштады. Алардын айрымдары бул келишим улуттун кызыкчылыгына каршы келет деген кооптонуу менен маселени, атүгүл, референдумга алып чыгып, жалпы элдик талкууга коюуну сунуштаган.
Тышкы иштер министрлигин мурдагы кызматкери, дипломат Таланбек Кушчубеков Кумтөр Кыргызстан үчүн ички саясатка эле эмес, эл аралык байланыштарына дагы таасир этүүчү маселе экенин белгилөөдө.
“Бул экономикалык эле маселе деп айтуу туура эмес. Чет элдик инвесторлор мындан ары Кумтөрдөгү үлүшүбүзгө карап, бизге мамиле кылат. Эгер биз андан уттуруп койсок, биздин башка байлыктарыбызды да, ошондой эле шарттар менен бергиле деп кысым көрсөтө башташат”, - дейт дипломат.
Кушчубековдун айтымында, өкмөт чет элдик инвестор менен биргелешкен ишкана түзүү чечимин туура тандаган. “Бирок, үлүштөрдү бөлүштүрүүдө эл аралык тажрыйбага таянса, нааразылыктар азыркыдан азыраак болмок. Себеби, улуттук байлыкты чет элдик компания менен 50-50%га бөлүшүү туура эмес. Аны толук көзөмөлдөп туруу үчүн көптөгөн өлкөлөр кур дегенде 49-51%ы менен бөлүшөт”, - дейт Кушчубеков.
Кумтөр алтын кени запасы боюнча дүйнөдөгү эң ири алтын кендердин алдыңкы сабында турат. Кен советтик мезгилде табылып, бирок, Кыргызстан эгемендик алган 1990-жылдардан баштап иштетилип келе жатат.
Кендин айланасындагы талаш-талкуулар бул өлкөдө ар бир президент же парламент алмашкан сайын көтөрүлүп жүрөт. Айрым учурларда Кумтөр өкмөт башчылардын кызматтан кетишине да себеп болгону бар.
































