А. Атамбаев Кумтөрдү улутташтырууга каршы

Кумтөр боюнча парламент жоопкерчиликти толугу менен өз моюнуна алып, ачык добуш берип, кайсыл депутат кандай добуш бергени тизме менен көрсөтүлүшү керек деди президент
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кумтөр боюнча парламент жоопкерчиликти толугу менен өз моюнуна алып, ачык добуш берип, кайсыл депутат кандай добуш бергени тизме менен көрсөтүлүшү керек деди президент
Published

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, Кумтөр маселеси боюнча өз позициясын ачыктап, кенди улутташтыруу өлкө үчүн кесепеттүү болоорун айтты. Бул маселе боюнча парламент жоопкерчиликти толугу менен өз моюнуна алышы керек дейт президент.

“Эгер депуттар калааса улутташтырууга дагы укугу бар, бирок анын эртеңки жоопкерчилигин ким алат? Ал эми бүгүнкү өкмөт жетишкен макулдашууларды четке каккандан, Кыргызстан кандай пайда көрүп, эмне зыян тартышы мүмкүн? Андыктан парламент Кумтөр боюнча ачык добуш берип, кайсыл депутат кандай добуш бергени тизме менен көрсөтүлүшү керек”,- деди президент.

Айрым депутаттар бул парламентке карата басым көрсөтүү деп баалап жатышат. Анткени добуш берүү формасын, Жогорку Кеңеш ички регламентин шарты менен өзү аныктайт. Саясий серепчи Уран Ботобеков, өкмөт алып барган меморандумду кабыл алдыруу үчүн депутаттардын ачык добуш берүүсу бийликке оңтойлуу деген оюн айтууда:

“Депутаттардын ар бири менен жекече сүйлөшүү болот. Бирлерине “бизнесиңе жеңилдик беребиз” же жана башка деп убадаларды берсе, башкаларды компроматтар менен коркутушу мүмкүн. Андыктан бийлик үчүн добуш берүүнүн жыйынтыгын көзөмөлдөө маанилүү болуп жатса керек”,- дейт серепчи.

Ошондой эле президент Атамбаев Ысык-Колдөгү соңку окуяларга өз баасын берип, Кумтөрдүн шылотоосу менен бийлик талашуу, өлкөнү баш-аламандыкка алып келүү аракететри жүрүп жатат деп айтты. Бирок мындай аракеттерге бийлик мыйзамдуу чараларды көрөт жана мындан ары эч ким Кыргызстанды каалагандай калчай албайт деди өлкө башчы.