Саруулуктарды ким сабаган?

Камактагыларды коргоо комитети баш прокуратурага доо арыз беришти.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Камактагыларды коргоо комитети баш прокуратурага доо арыз беришти.
    • Author, Чолпон Бекболотова
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Учурда ондон ашуун адам камакта, алардын жакындары камактагылар менен байланыша албагандыктан парламент өкүлдөрүнөн жардам сурашкан. Кечээ абакка кирип чыккан депутат Равшан Жээнбеков да кармалгандардын сабалганын тастыктады.

“Мен абакка кирип ар бири менен сүйлөшүп чыктым. Денелеринде көгала дагы деле кете элек экен. Митинг бүткөндөн кийин Караколдун сыртына алып барып, баштарына мүшөк кийгизип алып сабашты деп айтышты. Бирок ким сабаганы белгисиз”, - деп билдирди депутат.

Караколдо митингден кийин кармалгандардын бири Наристе Калчаев.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Караколдо митингден кийин кармалгандардын бири Наристе Калчаев.

Жети-Өгүз районунун жети айылынан бирден өкүл дайындалып, кармалгандарды коргоо үчүн түзүлгөн комитеттин мүчөлөрү кармалгандарды ким сабаганын таап берүү үчүн баш прокуратурага доо арыз берүү үчүн келишкен. Колдорунда сабалган балдардын сүрөттөрү бар.

“Бул Ак-Терек айылынан Нурлан деген бала, он күн мурда сабалса да көгалалары кете элек, мына бөйрөк тушу капкара эзилип калган. Бул Калчаев Нарис, ал таанылбай калыптыр, биз биринчи көргөндө тааныган жокпуз”, - деп комитеттин мүчөсү Учкунбек Сакылов сүрөттөгү балдардын таржымалын айтып берди.

Улуттук коопсуздук комитети бүгүн таркаткан расмий маалыматта, убактылуу абак жайында эч кандай зордук-зомбулук болбогонун, кармоо шарты мыйзам чегинде гана болуп жатканын билдирди.

Саруулуктар митингчилер кармалгандан кийин сабалган дешсе, ички иштер министрлиги митингди таркатуу учурунда жаракат алгандар болушу мүмкүн деп билдирет.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саруулуктар митингчилер кармалгандан кийин сабалган дешсе, ички иштер министрлиги митингди таркатуу учурунда жаракат алгандар болушу мүмкүн деп билдирет.

Ал эми митингди таркатууга тартылган ички иштер министрлиги митингдин катышуучулары кармоо убагында сабалды деген билдирүүлөрдү четке кагууда.

“Тополоңду басуу милиция кызматкерлери үчүн оңойго турган жок. Абдан катуу каршылык көрсөтүлдү, катуу кармаш жүрдү, милиция кызматкерлерин таш менен урушту, милиция кызматкерлери өзүлөрү да жаракаттарды алышты. Араң дегенде кармашкан, ошол учурда алар да жаракат алышкан. Ал эми кармап алып сабады дегенге негиз жок”, -дейт министрликтин өкулү Эрнис Осмонбаев.

7-октябрда Каракол шаарында жергиликтүү калк Кумтөр кенин иштетүү боюнча өз талаптары менен митингке чыгышкан. Бирок анын аягы тополоңго айланган эле. Губернатор барымтага алынып, облустук админстрацияга кирүү аракети күч менен токтотулуп, милиция кулак тундурчу граната, көздөн жаш агызчу газ пайдаланып тараткан.

Бул окуяга байланыштуу ондон ашуун адам кармалып, аларга хулигандык, массалык баш аламандык уюштуруу жана мамлекеттик кызматкерди барымтага алуу сыяктуу айыптар тагылууда. Митингдин катышуучулары тынч митингке чыккандарын, башка күчтөр тарабынан чагымчылдык кылынып, жергиликтүү калк курал болуп калганын айтып келишет.

Бул макалага калтырган ой-пикириңизди модератор карап чыгып, сайтка чыгарат. Бирөөнүн ар-намысына, беделине шек келтирген пикирлер жарыяланбай турганын эскертебиз.