HRW: Чек арадагы окуялар тез арада иликтениши керек

Human Rights Watch Logo

Сүрөттүн булагы, JOHN MACDOUGALL

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Ошондой эле уюм эки тарапты миномет, артиллерия жана ракеталардан ок чыгарбоого чакырды. Себеби булар так эмес болгондуктан, көп учурда жайкын тургундар жабыркайт. Буга мисал катары Тажикстандын чек арачыларынын минометтон атканынан улам жаш кыргызстандык кыз каза тапканы көрсөтүлөт.

"Бейшемби күндөн бери социалдык медиага тараган видеолордон колуна курал кармаган тажик жарандары, Тажикстандын аскерлери менен бирге жайкын тургундардын мүлктөрүн өрттөп, булдозер менен имараттарды талкалап жатканын көрүүгө болот. Бул видеолор Кыргызстандын аймагында тартылган...эки тарапты согуштун мыйзамдарын сыйлоого чакырабыз. Анда аскердик менен жарандык имараттар айырмаланат, жайкын тургундардын үйлөрүн, мектептерди жана медициналык жайларды аскердик багытта колдонбой, жайкын тургундардын өмүрүнө коркунуч жаратууга тыюу салынат",-деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Ошондой эле уюм жайкын тургундардын мүлктөрү талкаланганы боюнча тез арада иликтөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартып, жайкын тургундарга компенсация төлөп берүүгө үндөдү.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы