"Агай адамдын асылы эле": өмүрүн тил илимине арнаган профессор

Раимжан Эгембердиев 31-январда дүйнө салды

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Раимжан Эгембердиев 31-январда дүйнө салды
    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Бүт өмүрүн кыргыз тилиндеги фразеологизмдерди жана "Манас" эпосун изилдөөгө арнаган окумуштуу, филология илимдеринин доктору, профессор Раимжан Эгембердиевдин ааламдан өтүшү илимий чөйрө жана билим берүү тармагы үчүн чоң жоготуу болду. Ал 81 жашта эле, жакындары анын жүрөк оорусунан көз жумганын айтты.

Раимжан Эгембердиев өмүрүнүн аягына чейин студенттерге билимин берип, илим изилдөөнү токтоткон жок. Ал сөзгө чоркок, китеп окугандан зериккен, ою чачыранды муунга алмашып жаткан доордо илимди ийне менен кудук казгандай казууну улантып отурду. 1970-жылы Улуттук университетти кыргыз тили жана адабияты боюнча аяктап, ошондон ушу күнгө тилдин өзгөчөлүктөрүн изилдеп, аны студенттерге, китептери аркылуу мугалимдерге, окуучуларга жана тилчилерге жеткирүү менен алек болду.

Эгембердиев азыркынын сейреги болуп, такай радио угуп, гезит окуйт эле. Анын ичинде Би-Би-Сини калтырбай угаарын айтканы бар.

Эгембердиев өмүр бою тил илимин изилдеп өттү

Сүрөттүн булагы, Social media/Bermet Egemberdieva

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эгембердиев өмүр бою тил илимин изилдеп өттү

"Студент балдар сынакта билбей калса, жакында кайсы китепти окудуң деп сурайт экен, - деп эскерди акын, Жазуучулар союзунун мүчөсү Жантөрө Суранов. - Жаңы китепти окуган болсо, билбегенине карабай баа коём деп мени таң калтырган. Китепке үндөгөнү - бул тарбиянын, билимдин да башаты деп ойлойм. Азыр эми төрөлгөн баладан баштап сексендеги чал дагы компьютер менен болуп жатпайбы, китепти унутуп коюшту, китепти баалабай калышты. Китеп нан сыяктуу эле баарынын башаты, нан адамга кандай зарыл болсо, китеп да ошондой зарыл. Ошого окуткан адамдын өзү бийик. Дүйнөдө адам көп, бирок адамдын адамы, асыл адамдар, көрсө, аз турбайбы. Жакында "Ак үйгө" чуркагандар китеп окубагандар деген макала окудум. Чынында китеп окубаган муун ошентип бүлдүрөт, талкалайт. Раимжан ушундай нерселерден алыс жүрүүгө чакырган адам эле".

Жогорку класстын окуучулары үчүн кыргыз тил китебин жазган Раимжан Эгембердиев. Бул китеп өткөн жылы жети жолу кайра басылды. Фразеологизмди мектепте тереңирээк окутуу идеясын айтып, 1990-жылдардан кийин аны мектеп программасына сунуштаган ушул киши. Мугалимдер, илимпоздор үчүн түрдүү усулдук китептерди, тилдин өзгөчөлүгүн изилдеген көптөгөн илимий эмгектерди жазган. 70тен ашык илимий макалалардын автору. Кандидаттык ишинде "Манас" эпосундагы фразеологизмди изилдеген. Фразеология ойду таамай жана көркөм кылып айтуу үчүн колдонулган чукул, курч сөз айкаштары эмеспи. Ошого жараша өзүнүн сүйлөгөнү да уккан адамдын моокумун кандырат эле дешет жакшы тааныгандар.

Профессор Эгембердиев эмгек жолун койчулуктан баштагамын деп эскерчү

Сүрөттүн булагы, Social media/Bermet Egemberdieva

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Профессор Эгембердиев эмгек жолун койчулуктан баштагамын деп эскерчү

"Тилчи, окумуштуу катары бул кишинин сүйлөгөнү башкача эле. Кайсы маселеде болбосун өтө жай, коңур үн менен, жеткиликтүү кылып айтат эле. Тамаша сөздү ушунчалык сонун, ийинине жеткире, бирок капа кылбай турган кылып айтчу өзгөчөлүгү бар эле. Касиеттүү киши болчу. Фразеологизм боюнча бул кишиден артык окумуштууну билбейм", - деп эскерди Бишкек мамлекеттик университетинин ректору, филология илимдеринин доктору Абдылда Мусаев.

Эгембердиев доктордук диссертациясын да фразеологизм темасында коргоду. Профессор тандаган багытына, дегеле илимге сүңгүп кирип, ага бир өмүр дагы аз болоорун көрсөттү. Адабий чыгармаларды да чиймелей калчу экен.

"Раимжандын улуулугу да, жылуулугу да ушунда - адамга абдан жакын, кишини сүйгөн адам эле. Даанышман деген атка татыктуу деп баалайм. Шакирттеринин жазгандарын окуганда бул кишинин ким экенин таасын түшүнөсүң. Илимий багытта эмес, анча-мынча чыгармаларын окуганда адабият жагынан кеткенде деле залкар жазуучу болмок экен деп ойлоп калдым. Аларды жакында жыйнак кылып чыгармак эле. Эми балким балдары ишке ашыраар", - деди Жантөрө Суранов.

Жубай менен

Сүрөттүн булагы, Social media

Профессор Эгембердиев кыргыз тили боюнча табылгаларын китептерде калтырып кетсе, 50 жылдай убакытта окутуп чыгарган шакирттери, студенттери аркылуу коомго агартуу үрөөнүн септи. Алды академик, эл жазуучусу, эл акыны болуп чыккан окуучулары дагы далай жерге чейин билимдин жайылуу чынжырын улап жүргөн чыгаар. Өзү дагы ошондой таланттуу, билимдүү жарандарды тарбиялаганы ал үчүн чоң сыйлык экенин айтып, шакирттери үчүн өтө сыймыктанчу жайы бар эле.

"Раимжан аке менен 1970-жылдары студент кездери эле тааныш болчубуз. Үйлөнгөндөн кийин аралашып, катышып жүрдүк. Университетте көп жыл чогуу иштедик. Көптүн арасында кадырлуу, барктуу болчу. Сөзгө чечен, оратор эле, маңыздуу сүйлөчү. Сабактарды идеялык, теориялык жактан жогорку деңгээлде өтөт эле. Жалал-Абадга чейин барып декан болуп иштеп келди. Жашабай кеткен калган өмүр жашы болсо бала-чакасына берсин. Дайыма аны эстеп жүрөбүз", - деди философия илимдеринин доктору Каныбек Туркманов.

Раимжан Эгембердиевдин үч кыз, бир уулу бар. Жубайы Бегайым Макибаева да тилчи, окутуучу. Кыргыздын төбөсү көрүнгөн интеллигент жуптарынын бири эле деп эскеришти кесиптештери.

"Раимжан менен Бегай өмүрүн жакшы өткөрүштү, маңыздуу күндөрдү жашашты. Анын мурасы болуп калган эмгектери кыргыз элинин билим алуусунда, агартуу иштеринде мындан ары да жашай берет", - деди филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева.

Эгембердиев 1970-жылы Улуттук университетти артыкчылык диплому менен аяктап, эмгек жолун ошол жерде окутуучу болуу менен баштаган. Кийин түрдүү редакцияларда да иштеди. 2003-жылдан бери Бишкек мамлекеттик университетинде жаштарды тарбиялап, алардын илимге келишине жол ачып, устаттык кылып келген эле.