Экономикалык мунапыс: казынага канча каражат түштү?

Райымбек Матраимов

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казынага акча төккөндөр арасында Бажы кызматынын мурунку жетекчилеринин бири Райымбек Матраимов бар экени белгилүү, калган чиновниктерди ысымдары аталбай жатат
Published

Экономикалык мунапыс алкагында казынага 572 миллион сом каражат түштү. Казынага акча төккөндөр арасында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бар экени белгилүү, калган чиновниктерди ысымдары аталбай жатат.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров кечээ 7-каналга маек куруп жатып, өзү бир ай мурун жарыялаган экономикалык амнистиянын жыйынтыгына да токтолду:

"Бир айдай болуп калды. Жаңы мыйзам кабыл алыш керек. Ал экинчи окуудан өтүп, үчүнчү окуудан өтпөй турат дешкен. Мыйзам кабыл алынса, күчүнө кирет, дароо иштей баштайт. Ар ким өз эрки менен төгүп жаткан каражаттар бар. Так суммасын сурай алган жокмун. Бир топ эле акча чогулуп калды. Бир топ эле кишилер келип акчасын төгүп жатат".

Баш прокуратуранын маалымат бөлүмүнүн прокурору Эрмек Асанов Би-Би-Сиге билдиргендей, бир ай ичинде экономикалык амнистия алкагында казынага 572 миллион 490 миң 492 сом кайтарылды. Бул акчалар төрт кылмыш ишинин эсебинен түштү.

Казынага акча төккөндөрдүн алды эки жарым миллион, эң азы бир миллион 200 миңдей акча которгон. Экономикалык мунапыс алкагында кызматташууга барып жаткандарды бири Бажы кызматынын мурунку аткаминери Райымбек Матраимов экени белгилүү. Баш прокуратура тергөө купуялыгы деп, калгандарынын ысымдарын ачыктабай жатат.

"Коррупционер, уурулар, мамлекетке кыянат кылгандар менен чечкиндүү күрөшүшүбүз керек. Бирок тергөө купуялуулугун сактоого милдеттүүбүз. Ошондуктан фамилия, аттарын атай албайбыз. Азыр коомчулукка жарыяласак, төлөп аткан каражаттарын мүмкүн токтотуп коюшу мүмкүн",- деген эле буга чейин баш прокурор Курманкул Зулушев.

Курманкул Зулушев: Тергөө купуялыгы үчүн акча төккөндөр аты жөнү ачыкталбайт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Курманкул Зулушев: Тергөө купуялыгы үчүн акча төккөндөр аты жөнү ачыкталбайт

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаровдун айтымында, экономикалык мунапыс тууралуу мыйзам долбоору өкмөт тарабынан демилгеленип жатат. Бирок долбоордун текстин өкмөттүн да, парламенттин да сайтынан табуу мүмкүн болгон жок.

Отуз күндүк экономикалык амнистияга ылайык, мурда кийин мамлекеттик кызматта иштеп эсепсиз байыган чиновниктер, көмүскө схемаларын ачыктап, жеген акчаларын кайра казынага кайтаруусу керек эле.

Бул айрыкча, энергетика, бажы, тоо-кен, тармагында лиценция берүү тармагында иш алып баргандарга тийиштүү эле. Бирок мунапысты жол-жобосу, механизми жана укуктук ченемдери жок бир ай ичинде толук кандуу ишке ашыруу мүмкүн болбоду көрүнөт.

Мунапыс ишкерлерге да тийиштүү болуп, көмүскө экономикада иш алып барып, чыныгы кирешесин катып, салыктан качкан ишкерлерге тийиштүү болот делген.

Бизнес коомчулугу экономикалык мунапыс алкагында басым болбогонун, бирок пандемиядан улам убагында салык төлөбөй калган ишкерлерге өкмөт тарабынан жеңилдик болбой жатканын айтышты.

"Азыркы шартта Салык кызматынын өкулдөрү колунда бар рычагдарга таянып эле легалдуу иштеген кандайдыр бир кысым көрсөтүшү толук ыктымал. Шаар ичинде, аймактарда болсун пандемиядан улам салык төлөй албай калган ишкерлерге айып пулдар салынганын угуп жатабыз. Ансыз деле кыйналып отурса, эсептерин камакка алганга чейин барышыптыр. Алар көбүнесе аткезчилик, көмүскө экономика менен иштегендерге чара көрүшсө болмок. Болбосо барып-барып эле мыйзамдуу иштеген компанияларга барып сайылып калып атышат. Саясий чечим менен коррупционерлерге өзүнчө мунапыс жарыяласа болмок, ишкерлер менен чогуу кеткени туура эмес болууда",- деди ЖИА ишкерлер бирикмесинин төрагасы Жоодар Омошев.

Ошентип бир айлык экономикалык мунапыстын мөөнөтү чыгып, бирок бийлик бул иш-чаранын жыйынтыгын расмий жарыялай элек. Постсветтик өлкөлөрдөн экономикалык мунапыс коңшу Казакстанда жана Грузияда тажрыйбаланган.