"Мамлекеттик кызматкерлер 10 пайызга кыскарат": ишке ашпай келген реформа

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер санын 10 пайызга кыскартканы жатышат. Кыскартуу мамлекеттик аттестация аркылуу ишке ашат.
Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын башчысы Бакыт Аманбаев билдирди. Ал мамлекеттик органдарды реформалоого сунуштарды иштеп чыгуу комиссиясын жетектеди.
"Азыркыдай бирин-бири кайталаган министрлик, кызматтар болбойт. Баш мыйзам кабыл алынгандан кийин жаңы өкмөт, жаңы курам менен экономиканы калыбына келтирүү үстүндө иштей баштайбыз",- деди Аманбаев.
Өкмөт курамындагы ар бир мамлекеттик орган бул аптанын соңуна чейин канча кызматкерин иштен алып, кантип акча үнөмдөсө болот так планын өкмөткө алып келүүсү керек.
Кыргызстанда 18 миңге чукул мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бар. Айсулуу алардын бири:
"Өкмөттүн мамлекеттик кызматкерлерди кыскартуу демилгесина каршымын. Анткени, биздин айлык ансыз деле аз. Ойлошот мамлекеттик кызматтагылар бекер эле отурушат деп, такыр андай эмес. Жумуш деген көп эле. Эгер ар бир бөлүмдөн киши кыскартса, жумуш кайра ошол эле бизге түшөт да. Айлыгыбыз он миң сом болсо, анда иштин эффективдүүлүгү деле жоголот го".

Мамлекекеттик кызматкерлерди кыскартып, казынаны үнөмдүү идеясы жаңы эмес. Буга чейин экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылы 1500 кызматкерди иштен алууну демилгелеген. Анда бул реформа ириде Айыл чарба, Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министрликтерине тийиштүү болот делген.
Абылгазиев өкмөттү андан кийин дагы эки жылча башкарганы менен бул реформа ишкен ашкан эмес. Ал түгүл карачечекей бажасы Иманкадыр Рысалиевдин "Ачык өкмөт" катчылыгынын башчысы болгону бир топ ызы-чуу жараткан эле.
Тааныш-билиш аркылуу мамлекеттик кызматка алуу Кыргызстанда кенен жайылган тажрыйба, дейт укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова.

Сүрөттүн булагы, Social media
"Эгемендик алгандан бери акыйкат кадр саясатын көрө албадык. Система ушунчалык коррупцияга маалынып, тааныштык, жезде-таеке, өкүл бала, өкүл ата, бажа дегендер көбөйдү. Керек болсо былтыр "Ачык өкмөт" деген эл аралык демилгени колдойбуз деп, акча да салдык. Бирок натыйжа көрө албадык. Мамлекеттик кызматка алууда сынак, принциптер керек".
Өкмөттүн аппаратынын башчысы Бакыт Аманбаев мамлекеттик кызматка эми сынактын негизинде гана алууну демилгелеп жатат. Бир эле тармакта бири-бирин кайталап иш алып барган мекемелерди жоюудан эки миллион сомдой акча каражат үнөмдөлөт делип атат.
Бирок бул сумма президенттик жана Жогорку Кеңештин аппараттарынын, иш башкармалыктарынын чыгымынын алдында шоона эшпей калаары айтылууда. Былтыр парламенттин чыгымы 765 миллион сом, ал эми президенттик аппараттыкы 156 миллиард сомдон ашкан.
"Президенттик аппаратка бир эле адамды тейлегенге канчалаган каражаттар бөлүнүп атат. Баш прокуратура, УКМКга да көп акчалар бөлүнөт, бирок алар ишин эффективдүү аткарып жатат деп айта алабызбы? Буга чейин мамлекеттик кызматкерлерди кыскартышып, бирок айрымдары сотко даттанып утуп алган да учурлар болгон. Эки миллионду өндүрөбүз деп, андан көп доого жыгылбаш үчүн баарын мыйзам чегинде кылуу керек",- дейт жарандык коом өкүлү Динара Ошурахунова.
Өткөн айда Садыр Жапаров Мамлекеттик кадр кызматынын жаңы дайындалган жетекчиси Абдырахман Маматалиевди кабыл алды.
Жапаров өлкөдө 1200дөй адам сынагы жок мамлекеттик жумушка алынышы жемкорлуккка жол ачат деп, мындай тажрыйбану токтотууга көрсөтмө берди.
Мамлекеттик штаттарды кыскартуу мурунку президенттер тарабынан да көтөрүлүп келген. Эксперттер өлкөдө төрт кабаттуу бюрократиялык-коррупциялык башкаруу системасы орногонун, андан оңой-олтоң кутулуу оор болорун айтышууда.

































