Атамбаевди кармоо операциясы жүрүүдө

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы мурдакы президент А.Атамбаевди кармоо операциясы өтүп жатканын билдирди.

"Мурдакы президент А.Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция УКМКнын атайын күчтөрү тарабынан өткөрүлүп жатат. Операциянын жүрүшүндө эч кандай ок атуучу курал колдонулган жок. Жоокерлер желим октор менен гана жабдылган. Учурда операция уланууда",-деп айтылат билдирүүдө.

кой таш

Сүрөттүн булагы, screenshot

Кечке маал Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө куралчан күч кызматкерлери жүргөнү тууралуу коомдук сайттарда түз эфир аркылуу интернетте тасмалар тараган. Окуя болгон жерден кабарчыбыз билдиргендей, Атамбаевдин үйүнүн жанына кишилер жыйналууда, жолдорду бууп, бак-дарактар менен тосуп жатышат.

Чогулган кишилер Атамбаевдин үйүнө кирүүгө аракет кылып жатышат. Ичинен үн күчөткүч граната сыяктуу жарылуулардын үнү угулуп жатат,-деди кабарчыбыз. Окуяга болгон жерге "Тез жардам" унаалары барды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги беш кишини ооруканага алып келингенин ырастады.

"Фейсбук" коомдук сайтындагы түз эфир аркылуу кеткен тасмада желим ок тийген кишилердин бирине аскер кызматкерлери жардам берип жатканы көрсөтүлдү. Бир нече киши желим октон жаракат алганы тууралуу айтылат. Расмий бийлик бул окуялар боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек.

Президенттин расмий сайты Сооронбай Жээнбеков кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотуп, Бишкекке жөнөгөнүн кабарлады. Президент 5-августта эмгек өргүүсүнө чыккан эле.

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы

КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева мурдагы президенттин үйүнө атайын күч түзүмдөрү келгенин жазып чыкты. Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери мурдагы президентти кармап кетүү аракети болгонун айтууда.

Окуя болгон жерден кабарчыбыз билдиргендей, Атамбаевдин үйүнүн жанына кишилер жыйналууда, жолдорду бууп, бак-дарактар менен тосуп жатышат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Окуя болгон жерден кабарчыбыз билдиргендей, Атамбаевдин үйүнүн жанына кишилер жыйналууда, жолдорду бууп, бак-дарактар менен тосуп жатышат.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди кол тийбестик укугунан ажыраткан эле. Анын иши боюнча парламентте маалымат берип жатып, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаев өлкөнү башкарган жылдары ыйгарым укуктарынан аша чаап, мамлекеттин кызыкчылыгына оор залака келтирген деп билдирген. Ошондой эле ал мурдагы президенттин ишинде оор кылмыштын белгилери боюнча материалдар жетиштүү экенин айткан эле. Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө бир нече аптадан бери тарапташтары чогулуп, бийликке нааразылык билдирип жаткан.

жол бөгөлдү

Буга чейин Ички иштер министрлиги Атамбаевди күбө катары үч жолу суракка чакырып, бирок ал барбай турганын ачык айткан. Анын адвокаты Сергей Слесарев Жогорку Кеңеш мыйзамды одоно бузуу менен мурдагы президентти кол тийбестигинен ажыратуу токтомун кабыл алганын айтып, Атамбаев эч кандай тергөө сурагына барбай турганын билдирген эле.

Бишкектен бир нече чакырым аралыктагы Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүндө анын тарапташтары атайын штаб уюштурган. Күн сайын кечинде Атамбаев тарапташтары менен жолугуп жаткан.

24-июнда Атамбаев Канттагы Орусиянын авиабазасынан атайын борт менен Москвага учуп барып келди. Аны бир нече тарапташы узатып келген эле. Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолукканы белгилүү болгон.

"Биз региондогу жана Кыргызстандагы кырдаал боюнча сүйлөштүк", -деген эле Путин.

Кремлдин басма сөз кызматы Атамбаевдин тегерегиндеги окуялар боюнча Путиндин маалыматы бар экенин айткан. (AbA)