Кубанычбек Кулматовдун талаштуу паспорту

Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматов
    • Author, Венера Алымкул кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовдун паспортун жараксыз деп табуу тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын сотко жолдогон арызын, анын жактоочулары жарандыгынан ажыратуу аракети катары баалап жатат. Мындан эки күн мурун Мамлекеттик каттоо кызматы Кулматовдун ID картын мыйзамсыз деп табуу боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылганы белгилүү болгон.

Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты каттоо департаменти Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун ID-картын жараксыз деп табуу боюнча Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылган. Аталган мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Мелис Эржигитов бул боюнча түшүндүрмө берип, УКМК тарабынан Кулматовго козголгон иштин негизинде Мамлекеттик каттоо кызмат тарабынан атайын комиссия түзүлүп, ал Кубанычбек Кулматовдун 1995-жылы алган паспорту жараксыз деген жыйынтык чыгарган дейт.

"Ошол жылы алган паспортунун негизде Кубанычбек Кулматов Кыргызстандын жараны. Бирок анын ID-картын жараксыз деп табуу, ал жарандыктан ажыратылды дегенди түшүндүрбөйт".

Кубанычбек Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев муну жарандыктан ажыратуу аракети катары баалап жатышканын айтат. Анткени паспорт кишинин тигил же бул мамлекеттин жараны экенин далилдөөчү негизги документ эмеспи деди Слесарев.

"Алар Кулматовду Кыргызстандын жараны экенин далилдетүүгө аракет кылып жатышат. Аны декилдөөнүн кереги жок. Кулматов Кыргызстанда төрөлүп, өскөн жана Кыргызстанда жашайт. ID-карт эмненин негизинде мыйзамсыз деп табылышы керек? Ал дал ошол мамлекеттик мекеме тарабынан берилген да. Бардык стандарттарга туура келет",- деди адвокат.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы, парламенттин экс-депутаты Курманбек Осмоновдун пикиринде ID-картты жараксыз деп табуу менен аны жарандыктан ажыратуу мүмкүн эмес. Жарандыктан ажыратуунун өзүнөн тартиби бар. Жарандыктан ажыратуу жана кабыл алуу бир гана президенттин ыйгарым укуктарына кирет дейт Осмонов.

"Кыргызстандын жарандыгы боюнча атайын мыйзам бар. Баш мыйзамда Кыргызстандын жарандары укуктук жактан жакшы корголгон. Кыргызстан өзүнүн жаранын башка мамлекетке өткөрүп бербейт. Эгер анын паспорту негизсиз деп табыла турган болсо, мыйзамдын талабын сактабай документ берген орган жоопкерчиликке тартылышы керек",- деди Осмонов.

Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси, Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов коррупция жана Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алуу боюнча айыпталып, учурда камакта.

Кубанычбек Кулматов коррупция жана Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алуу боюнча айыпталып, учурда камакта

Сүрөттүн булагы, RUFAT ERGESHOV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кубанычбек Кулматов коррупция жана Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алуу боюнча айыпталып, учурда камакта

Кулматовго быйыл 18-майда Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү "Коррупция" боюнча кылмыш иши козголгон. Ал Бишкек шаарын башкарып турганда Кытайдын TBEA компаниясы "Калыс-Ордо" конушундагы мектептин курулушуна берген 2 млн АКШ доллар өлчөмүндөгү гранттык акчаны мыйзамсыз жумшаган деп айыпталууда.

Ал эми экинчи иш 2018-жылдын июнунда Кылмыш жаза кодексинин 350-346-беренелеринин негизинде козголгон. Тактап айтканда ага "Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу" жана "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" деген айтып тагылган.