Дүйшөмбүгө сапар: кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсүндө жылыш болобу?

чек ара

Сүрөттүн булагы, VICTOR DRACHEV/AFP/Getty Images

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков эки күндүк расмий иш сапары менен Тажикстанга бара турганы белгилүү болду.

"Мамлекет башчысы 2018-жылдын 1-2-февралында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Дүйшөмбүгө расмий визит менен барат. Бул визит мурда болжолдонгон, ошондуктан эки өлкөнүн тышкы иштер ведомстволору бул иш-чарага карата кылдат даярдык көрүштү. Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен тар жана кеңейтилген форматтарда жолугушат. Ошондой эле Мамлекет башчысынын Тажикстан Республикасынын Премьер-министри жана парламент спикери менен жолугушуулары да пландаштырылган. Визиттин жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын бардык олуттуу маселелери, анын ичинде мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча пикир алмашуу болот",-деп жазды президенттин расмий сайты.

Расмий иш сапар тууралуу бүгүн президенттик аппаратын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрдү.

«Күн тартибинде бир катар олуттуу маселелер бар. Соода-экномикалык өз ара аракеттешүү маселелери боюнча пикир алмашуу болот. Өлкөлөр ортосунда товар алмашуу өсүп жатат, бирок, анын темпи колдо бар мүмкүнчүлүктөргө шайкеш келбейт. Ошондуктан тараптар бул багыттагы иштерди активдештирүүнү пландашууда», - деп белгилеген Айзада Субакожоева.

Коомчулук бул расмий иш сапардан көбүрөөк чек ара маселесинин талкууланышын күтүп жатат. Кыргызстан менен Тажикстан чек арасы дээрлик 1000 чакырымга, бийик тоолуу, татаал географиялык аймакта созулуп жатат. Чек аранын жарымы гана такталган, анда ондогон талаш бөлүктөрү бар.

Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы чек аранын такталбаганы жыл сайын чыңалууларды жаратып келүүдө. Буга чейин куралдуу тирешүүлөргө чейин жеткен жаңжалдар катталган.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Тажикстан менен чектешкен Кыргызстандын Баткен аймагы өлкөдөгү чек ара көйгөйү эң курч аймактардын бири болуп калды. Коңшулаш Тажикстандын чек ара конуштары менен кыргыз айылдарынын ортосундагы маал-маалы менен чатакташуулар орун алат.

Чыр-чатактардын көбү Тажикстандын Баткен аймагындагы Ворух анклавынын тегерегинде көп катталган. Кыргыз тараптын айланма жолдорду салуу аракетине тажик конуштарындагы тургундар каршылык көрсөтүп, чек арачылар атыша кеткен окуялар болгон. Бирок ошого карабастан Кыргызстан чек арага чатактары көп катталган аймактарына айланма жолдорду курган.

"2000-жылы чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөр башталып жатканда эки тарап эки башка документти негиз катары колдонууга сунуш кылышкан. Тажикстан тарап 1924-жылдагы улуттук-аймактык бөлүштүрүү учурундагы документтерге таянууда. Кыргызстан 1958-59 жылдардагы жана андан кийинки паритеттик комиссиялардын документтерин негиз катары сунуш кылган",-деп айтып берген эле буга чейинки маектеринде кыргыз өкмөтүнүн чек ара аймактарын өнүктүрүү жана чек араны тактоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров.

Кыргыз тарап чек арадагы талаш жараткан айрым жерлерди алмашуу жолу менен чечүү сунушу менен дагы чыккан. Бирок тажик тарап чек араны аныктап, тактоо боюнча сүйлөшүүлөр өтө солгун жүрүп келүүдө. (AbA)