Блог: Кетмен-Төбөнүн сейиттери

Кетмен-Төбө өрөөнү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Арслан Капай уулу Койчиев
    • Role, Жазуучу, тарыхчы
  • Published

Жыйырманчы кылымдын башындагы "тап күрөшү" деп аталган большевиктик ураан кыргыз элинин башына кыйла эле мүшкүл үйгөнү эми билинип отурат.

Тап күрөшүнүн кесепетинен ириде кыргыз элинин "манаптар" деп аталган катмары куугунтукталып, алды атууга, арты сүргүнгө айдалганы белгилүү. Мындай кордук кыйгап өтпөгөн кыргыз жеринин бир да кокту-колоту, уруу-уругу болгон жок.

Большевизмдин ушундай азап-тозогун тарткан түптүү, ары тектүү журттун, ата уулунун бири - Кетмен-Төбөнүн сейиттери.

Чын-жалганы белгисиз, иши кылса атактуу Токтогул ырчы:

"Атакан, Минбай алдамчы,

Эгемберди, Бактыяр,

Эл жегенге жардамчы",-деп, кызыл тилин сайратып, жаагын жана ырдаган имиш дегенден кийин, Кетмен-Төбөнүн илгери жашап өткөн бий-манаптарына "беш каман" деген ат жармашты да калды. Ошондон кийин элдин ырыскысын жеп-ичкен, арам оокат катмарды "беш каман" деп атыктыруу лакабка айланды. Чындыгында, "Рыскулбектин беш жаман" деген жалаага дүңүнөн кабылган кишилер суурулуп чыккан топ кимдер эле?

Он сегизинчи кылымда Кетмен-Төбө элинде Садыр, Сейит деген бир тууган баатырлар жашап өткөн. Садыры - санжырада аты аңыз болгон кадимки Хан Садыр, кыргыз-казак чабыштарынын маалында Аблай хандын колунан өлгөн. Анын иниси Сейит Арзымат уулу кийин чагында Кетмен-Төбөнү бийлеп, укум-тукуму "сейиттер", "сейиттер тобу" деген ат менен белгилүү. Маселен, мурдакылардан Рыскулбек Нарбото уулу, хан Дыйканбай, Керимбай болуш, кийинкилерден Асанкалый Керимбаев жана башкалар мына ушул сейиттер тукумунун мыкты чыкма, чыгаан уулдары.

Асанкалый Керимбаев

Сүрөттүн булагы, kmborboru

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кийинкилерден Асанкалый Керимбаев жана башкалар мына ушул сейиттер тукумунун мыкты чыкма, чыгаан уулдары

Бир тууганы хан Садыр он төрт жаштагы уулу Доскулу менен чогуу туткунга түшүп, кыргыз-казак чабыштарында Аблайдын колунан өлүм табышса да, кудайдын көзү түз экен, Сейит Арзымат уулунан тарагандар кийин бир өрөөн элдин орчун бөлүгүн түзүп калган эле.

Большевиктер заманды бийлегенде эки кылым бою куралган көп сандуу сейиттер тобун эки жылдын ичинде эле чилдей таратты. Тың чыкмаларын сүргүнгө айдады. Ошентип сүргүнгө айдалгандарынын бири - Токтогул ырчынын ырында кеп болгон кадимки Бактыярдын жана Атакандын укум-тукуму. Булар Өзбекстандын аймагына айдалып, Наманган менен Анжыяндын калкы жыш аймактырына куулган экен. Алар Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдары гана эркинирээк дем алып, алды кайрадан ата-журтуна кайтып келе баштады. Кыйласы кыргыз паспортун ала алышпай да кыйналып жүрүштү.

"Өзбекстан менен мамиле оңолгону андагы туугандарыбыз менен катышуу жеңилдеди. Кыргыз паспортун да ала баштадык", - деп кубанды мени менен маегинде сейиттердин бактыяр тобунун бир уулу.

Бактыяр манаптын кечээ жакында эле Кыргызстанга кайтып келген урпагы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бактыяр манаптын кечээ жакында эле Кыргызстанга кайтып келген урпагы

Аны менен кобурашып отуруп, кан Садырдын, анын бир тууганы Сейит Арзымат уулунун жана андан тараган көптөгөн урпактарынын баяны элибиздин тарыхынан өзүнүн татыктуу баасын таба элек орчун бөлүгү экенине ынандым.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.