Тажикстан 20 000 резервистти мобилизациялады

Владимир Путин менен Эмомали Рахмон

Сүрөттүн булагы, Asia-Plus

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Владимир Путин менен Эмомали Рахмон чек арадагы кырдаалды талкуулашты
Published

Чет өлкөлүк күчтөр Афганистандан толук чыгып кетип жатканда Талибан улам жаңы аймактарды басып алууда. Кечээ Тажикстан Афганистан менен чек арасын бекемдөө максатында 20 000 резервистти мобилизациялады. Кечээ кечинде Оруссиянын президенти Владимир Путин менен тажик президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу чек арадагы кырдаалды талкуулашты. Кремлдин маалыматына ылайык, Оруссия жамааттык коопсуздук макулдашуулары алкагында өлкөгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.