Шатдаун: АКШ өкмөтүнүн айрым түзүмдөрү ишин токтотту

Соңку жолу АКШ өкмөтү ишин 2018-жылы, Трамптын президенттик биринчи мөөнөтү маалында жарым-жартылай токтоткон

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Соңку жолу АКШ өкмөтү ишин 2018-жылы, Трамптын президенттик биринчи мөөнөтү маалында жарым-жартылай токтоткон
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

АКШнын Сенаты федералдык чыгымдарды каржылоо тууралуу эки мыйзам долбоорунун бирин дагы кабыл ала албай, бүгүнтөн тарта өкмөттө шатдаун, башкача айтканда айрым мамлекеттик түзүмдөрдүн иши токтой турган болду.

Шейшембиде Демократиялык партиянын каржылоону улантуу тууралуу мыйзам долбоорун Сенат көпчүлүк добуш менен четке каккан. Сенатта демократтар көпчүлүктү түзбөйт. Бирок Сенат Республикалык партиянын мыйзам долбоорун да кабыл ала албады, себеби алар көпчүлүктү түзгөн менен жалпы чечим үчүн добушу жетишсиз.

Ошону менен шаршембиге караган түнү АКШнын айрым федералдык мекемелеринде иш токтоду. Анын жыйынтыгында жүз миңдеген мамлекеттик кызматкер белгисиз мөөнөткө акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө жөнөтүлдү. Муну шатдаун же болбосо "жабылуу" же "өчүрүү" деп которсо болот.

"Демократтар өкмөттүн ишин токтотуп туруу чечимине келишти, бирок биз аны кайра жандандыра алабыз", - деди Сенаттагы республикачыл көпчүлүктүн лидери Жон Тун.

"Бул үчүн бир нече демократ республикачыларга кошулуп, алдыбызда турган, партиядын тышкары мыйзамга добуш бериши керек", - деп кошумчалады ал.

Ак үйдүн башкаруу жана бюджет бюросу шейшембиде меморандум чыгарып, анда бул үчүн демократтарды айыптады.

"Канчага чейин демократтар мындай дараметсиз позицияны карманышары бүдөмүк, ошол үчүн шатдаун дагы канчага уланат, айтыш кыйын", - деп айтылат меморандумда.

Бюджеттин тегерегиндеги конфликттер кошмо штаттардын саясатындагы кадыресе көрүнүш болгону менен бул жолу чыгымдар үчүн күрөш Трамптын федералдык бийликтин штатын жана чыгымын кыскартуу боюнча ырааттуу тогуз айлык саясатын эске алганда курч жүрүп жатат.

Эмне үчүн АКШ өкмөтү ишин токтотот?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жөнөкөй тил менен айтканда, шатдаун эки партиянын келише албаганынан жана мамлекеттик кызматтарды каржылоо тууралуу мыйзамды кабыл ала албаганынан болуп жатат.

Республикачылар Конгрессте эки палатаны тең көзөмөлдөйт, бирок Сенатта алар мыйзамдарды кабыл алуу үчүн жетиштүү жүздөн алтымыш добушту камсыздабай албайт.

Андыктан демократтар республикачылар сунуштаган бул мыйзам долбоорун ишке ашырууну үзгүлтүккө учуратышы да мүмкүн. Республикачылар муну менен америкалык жарандардын медициналык кызмат көрсөтүүлөргө болгон мүмкүнчүлүгү татаалдашып жатат деген пикирде.

Демократтар миллиондогон америкалык жаранга медициналык камсыздандырууну жеткиликтүү кылуу үчүн мөөнөтү бүтүп бара жаткан салыктык жеңилдиктерди узартууну каалашат. Ошондой эле Трамп тарабынан демилгеленген Medicaid программасынын кыскартылышын жокко чыгарууга чакырышууда. Мындан тышкары демократтар Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (CDC) жана Саламаттык сактоо улуттук институту (NIH) чыгымдарына деген каражатты кыскартууга да каршы чыгышууда.

Өкүлдөр палатасы бюджеттин чыгымдарын каржылоо тууралуу убактылуу мыйзам долбоорун кабыл алган.

Соңку жолу АКШ өкмөтү ишин 2018-жылы, Трамптын президенттик биринчи мөөнөтү маалында жарым-жартылай токтоткон.