Бишкекте "Нелегал" рейдинин жүрүшүндө 120 чет элдик текшерилди

Индиялыктар

Сүрөттүн булагы, GUVD BISHKEK

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бишкектин Ош базарында рейд өтүп, 120дан ашуун чет элдик текшерилди. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, рейд 7-ноябрда өткөн.

Текшерүү миграция мыйзамдарынын бузулушун аныктоо жана алдын алуу максатында жүргүзүлдү.

Рейддин жыйынтыгында 23 чет өлкөлүк жаранга Кыргызстандын аймагында жүрүү тартибин бузгандыгы үчүн, ал эми 2 кыргызстандык жаранга чет өлкөлүк жумушчу күчүн мыйзамсыз пайдаланганы үчүн административдик протоколдор түзүлдү.

Шаардык милиция миграция мыйзамдарынын сакталышын текшерүү боюнча рейддер мындан ары да туруктуу негизде улантыларын билдирип, алардын максаты коомдук тартипти сактоо жана чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз жүрүүсүнө жол бербөө экенин эскертүүдө.

Мурдараак Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте маңзат сатууга шектелген эки индиялык студентти кармаганын кабарлаган.

Быйыл жайында өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн мигранттарга, чет элдиктерге 10-июнга чейин укуктук абалын жөнгө салышы керектигин, андан соң миграция мыйзамдарын бузгандар депортацияланарын эскерткен.

Кыргыз бийлиги былтыр чет элдик жарандарга Кыргызстанга келип иштөөгө 25 миң квота бекитип берген.