"Өтүнөм, азамды, ачуумду бөлүшүңүз": Юлия Навальная тууралуу эмнелерди билебиз?
Анастасия Голубева, Нина Назарова, Елизавета Фохт
Би-Би-Си Орус кызматы

Сүрөттүн булагы, AFP
"Мен бул жерге чыгып, бул видеону жаздырбашым керек эле"... Юлия Навальная видео кайрылуусун ушинтип баштады. Ал күйөөсүнүн ишин уланта турганын билдирди.
Ал узак жылдар бою саясатчы эмес, саясатчынын жубайы бойдон калгысы келген. Ошол эле учурда батыштын саясатчылары жана жалпыга маалымдоо каражаттары Алексей Навальный камакка алынгандан тарта, эми болсо күйөөсү өлгөндөн бери Юлия орус оппозициясынын жаңы лидери боло алат деп жатышат. Ал өзү да бул ишти колго алууга даяр экенин дүйшөмбү күнү алгачкы ирет ачык билдирди.
Би-Би-Синин Орус кызматы Юлия Навальная тууралуу эмнелер белгилүү экенин баяндайт.
"Саясатчы эмес, саясатчынын жубайы болсом…"

Сүрөттүн булагы, ANDREY RUDAKOV/BLOOMBERG VIA GETTY IMAGES
Юлия Навальная 2014-жылы "Афиша" журналына берген маегинде "Навальныйга чейинки байсалдуу өмүр баяным" деле жок деп тамашалаган.
Алексей менен Юлия экөө тең жыйырма эки жаш курагында Түркияда эс алып жүргөндө таанышкан. Захар Прилепинге курган эски маектеринин биринде Алексей "эсимде, ал алгачкы кездешүүбүздө эле мени таң калтырган, акжуумал, сулуу, анысы аз келгенсип министрлердин баарын фамилиясынан бери билет экен" деген.
Ал учурда Навальная Плеханов институтунун эл аралык экономикалык байланыштар факультетин аяктап, Даниядагы ишкердик мектебинде тажрыйба өтүп жүргөн эле.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Андан соң Москвадагы банктардын биринде иштеп, кийин сырткы соода-сатык компаниясында ишин уланткан.
"Ал жактагы жумушта график бир топ эле оор болчу. 31-декабрь күнү саат тогузга чейин офисте отургам. Ал учурда Алексей менен жолугушуп жүргөн элек. Чыкканымда Алексей укмуш дегидей эмес бир нерсе айтты",- деп эскерген 2014-жылы.
Навальныйдын бүлөсүнө жакын адамдар өз кесиби боюнча Юлиянын амбициясы болбогонун Vanity Fair журналына айтып беришкен.
Ал Навальныйдын ата-энесинин фабрикасында даярдалган талдан токулган буюмдарды да сатып жүргөн учуру болгон. Бирок кичүү баласы төрөлгөндөн кийин иштеген жумушуна кайрылып барган эмес. Мындай чечимин бир жагынан жолдошунун иликтөөлөрү менен ачык байланыштырган.
"Алексейдин коррупцияга каршы ишмердиги кенен тааныла баштаганда менин иштей албай турганым айдан ачык болуп калды. Мен кандай гана уюмга, мекемеге барбайын, алар үчүн да, мен үчүн да оор болорун түшүндүм”,- деп "Афишага" маек курган.
Юлия 2014-жылы "мен саясатчы эмес, саясатчынын жубайы болгум келген" деген сөзүн бир нече жылдык куугунтук жана Навальныйды ууландыруудан кийин 2021-жылы Harper's Bazaar басылмасына сөзмө-сөз кайталаган.
Ошол маегинде ал "кандай гана болбосун бүлөбүздө эч нерсе өзгөргөн жок. Балдар баладай, үй үйдөй бойдон калышы менин башкы милдетим" деген.
Анткен менен 2021-жылы Навальная "мен өз ордумда эмне кылсам дагы бул саясаттын кандайдыр бир бөлүгү" дегени бар.
Бул айткандары анын мисалында ал такай оппозиционер күйөөсүнүн жанында болгонунун өзү эле. Батыштын айрым маалымат каражаттары Орусияда саясатчылардын аялдары негизинен көмүскөдөгү фигура экенин, Навальнаянын мисалы орус саясатына анчейин коошпой турганын жазышкан. 2013-жылы Владимир Путин ажырашкандан кийин Орусияда биринчи айым деген такыр эле жок.
Навальная өзү эл арасында аялдардын ачык-айкын мейкиндиги жоктугун Орусиянын патриархалдык мүнөзүнөн эле эмес, коррупциянын да таасиринен экенин айткан.
"Орусиядагы чиновниктер аялдарын эбегейсиз көмүскө кирешелерин мыйзамдаштырууга гана пайдаланышат. Ачык саясатта, митингдерде кол кармашып туруу дегени жок”,- деген эле Юлия "Афиша" журналына берген маегинде.
Навальная өзү Алексей менен ондогон соттук жыйынга, 2018-жылы президенттик шайлоо өнөктүгүндө такай жанында жүрүп, митингдер учурунда эл алдына чыгып, күйөөсү менен жетелеше жүргөн.
Көбүнчө, 2013-жылы сентябрда Навальный Москванын мэрлигине ат салышканда Навальная эл алдына чыгып сөз сүйлөгөн. Анда ошол кезде эле Навальныйга басым башталганын, чоң энесиникине чейин тинтүүгө келишкенин айтып чыккан.
"Биздин үй-бүлө бийлик ура турган талылуу жер катары каралууда. Бирок эгерде бийликтеги ким бирөө үй-бүлөнү аялуу жер катары караса, алар жаңылышат. Мен аларга үй-бүлө ар бир нормалдуу адамдын, чыныгы саясатчынын күчү, очогу экенин айтканы чыктым" дегени бар.

Сүрөттүн булагы, MYUNG J. CHUN / LOS ANGELES TIMES VIA GETTY IMAGES
"Алексей турган аска"
Навальныйдын үй-бүлөсү менен жакшы алакасы бар журналист Евгения Альбац 2021-жылы Independent басылмасына маек куруп, оппозиционер саясатчынын аялынын ролу тууралуу кеп кылган.
"Юлия анын машыктыруучусу. Ал аны мыкты кыла алат. Анын бүтүндөй өмүрү биринчи кезекте Юлиянын макулдугун алууга багытталган",- деп сүрөттөгөн.
Альбацтын сөзүнө караганда, Навальный эмне жазса, аны жарыялаганга чейин Юлия баарын окуп чыкан. Навальный өз идеяларын кандай тизмектесе жакшы болорун аялы менен акылдашкан.
Оппозиционердин пресс-катчысы пайда болгонго чейин баарын Юлия жазып, Навальный административдик абакта жатканында социалдык сайттарга жарыялап турган.
Ал Навальныйдын кийим-кечегин тандап, анын образын калыптандырууга жардам берген.
"Юлия - Алексей турган аска",- деп жазган ФБКнын мурдагы менеджери Владимир Ашурков (орус бийлиги тарабынан "иноагент" деп жарыяланган).
































