Орусиянын Жаза аткаруу кызматы Навальныйдын өлүмү тууралуу кабарлады

Алексей Навальный

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алексей Навальный
Published

Жазаларды аткаруу Федералдык кызматынын Ямало-Ненец округу боюнча бөлүмү Алексей Навальныйдын өлүмү тууралуу билдирди. Би-Би-Си азырынча саясатчынын өкүлдөрү менен байланыша алган жок. Навальный Харп кыштагындагы өзгөчө режимдеги колонияда жазасын өтөп жаткан. Кремль Орусиянын президентине Навальныйдын өлүмү тууралуу кабарлаганын билдирди.

Жазаларды аткаруу Федералдык кызматынын маалыматына караганда, 16-февралда №3- түзөтүү колониясында камактагы А.А.Навальный сейилдеп чыккандан кийин өзүн жаман сезип, дароо эсинен танганын билдирген.

Колониянын тез жардам кызматынын экипажы окуя болгон жерге дароо келгенин кошумчалаган.

Навальныйдын катчысы Кира Ярмыш ("чет өлкөлүк агент" реестрине катталган) саясатчынын өлүмү тууралуу маалыматты тастыктаган жок.

"Жазаларды аткаруу Федералдык кызматынын Ямало-Ненец округу боюнча бөлүмү Алексей Навальныйдын №3- тузөтүү колониясында каза тапканы тууралуу маалымат таратууда. Бизде азырынча бул боюнча тастыктай турган маалымат жок. Алексей Навальныйдын жактооочусу азыр Харп кыштагына учуп барат. Бизде кандай маалымат болору менен биз аны кабарлайбыз",- деп жазылган билдирүүсүндө.

Чуулуу кабарга байланышкан соңку жагдайлар:

  • Грузиянын борбору Тбилисиде, Батумиде акцияга чогулгандар бар. Алар гүл-чамбар, шам, Навальныйдын сүрөттөрүн жана ар кандай жазуулары бар плакаттарды көтөрүп келишүүдө.
  • Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) кыйноо маселелери боюнча атайын баяндамачысы Элис Эдвардс пикирин билдирди. "Навальныйдын өлүмү тууралуу кабар эңгиретти. БУУнун бир нече эксперти жана мен жеке сүйлөшүүлөрдө дагы, ачык кайрылууларда дагы орус бийлигин Навальныйга карата жазалоочу оор шарттарды токтотууга чакырганбыз. Навальныйга карата кыйноо тууралуу ишенимдүү дооматтарды иликтөөнү айтканбыз. Биз анын медициналык жардам алуусу, өзгөчө 2020-жылы ууланганы тууралуу божомолдон кийин бул иштин зарылдыгын белгилегенбиз. Биздин чакырыктарыбыз Крмель тарабынан көз көрүнө тебеленгени, адам укугуна кылган мамилеси Навальныйдын үй-бүлөсү, тарапташтары үчүн трагедия",- деди атайын баяндамачы.
  • Орусиянын Ригадагы элчилигине Навальныйдын сүрөттөрүн, гүл-чамбар, шам көтөргөндөр келип жатат.
  • Алексей Навальный өлдү деген кабар тууралуу Франциянын президенти Эммануэль Макрон пикирин билдирди. "Бүгүнкү Орусия эркин духтагы адамдарды ГУЛАГга айдап, өлүм жазасына өкүм кылууда",- деди Макрон.
  • Алексей Навальныйдын жубайы Юлия Навальная коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясында билдирүү менен чыкты. Ал азырынча Алексей Навальныйга байланышкан расмий кабаралар гана чыгып жатканын, аларга ишенүү кыйын экенин айтты. Ал ошондой эле эгер айтылып жаткан маалымат тасытыктала турган болсо, Путин, Путиндин айланасындагылар Орусиянын абалы, күйөсү үчүн жооп беришет, ал күн алыс эмес деди. Ошондой эле дүйнө коомчулугун мындай кара мүртөздүктү жеңүү үчүн биригүүгө чакырды.
  • Алексей Навальныйдын апасы азырынча эч кандай көңүл айтууну уккусу да келбей турганын, 12-февралда эле уулунун абалы жакшы экенинен кабар алганын маалымат каражаттары жазууда.
  • Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттарына Алексей Навальныйдын өлүмү жөнүндөгү билдирүүлөрдү чектеп, "кырдаалга байланыштуу жаңылыктарды" гана берүү тапшырмасы берилгенин жазышууда. Ошондой эле мамлекттик каналдардын журналисттерине белгилүү инсандардын Навальный каза тапты деген кабар боюнча айткандарын жазбагыла деп суранганын "Осторожно, новости" телеграм-каналы жазды.
  • Ушул эле телеграм-канал Орусиянын ар кайсы шаарларында тымызын эскерүүгө чогулуп, пикетке чыгып жатышканын жазууда. Буга байланыштуу алгачкы кармоолор болгонун да кошумчалаган. Мындан сырткары кээ бир шаарларда саясий репрессиянын курмандыктарына мурда тургузулган айкелдерге гүл-чамбар койгондор да бар.

Навальный кайда эле?

2023-жылдын декабрындагы маалымат.

Ошол учурда бир нече күн саясатчынын кабары чыкпай, тарапташтары издегени айтылган.

“Коррупцияга каршы күрөшүү (ФБК)” фондунун директору Иван Жданов (Россияда “чет элдик агенттердин” реестрине киргизилген) X (мурдагы Twitter) социалдык тармагында саясатчынын өнөктөштөрү анын жүргөн жери тууралуу маалымат ала алышпай жалпысынан 618 суроо-талап жолдогонун билдирген.

Навальный жайгашкан колония, Ждановдун айтымында, жалпысынан эң түндүктөгү жана эң алыскы колониялардын бири болгон.

“Ал жерде шарттар катаал, адамдар түбөлүк тоң зонасында өзгөчө режимде кармалышат. Ал жакка жетүү абдан кыйын жана анда Федералдык жаза аткаруу кызматынын - Zonatelecom же кат жеткирүү системалары иштебейт. Адвокат бүгүн ошол жерде болуп келди. Ал Алексейге жолугуп чыкты. Жактоочуну да дароо киргизбей, кармап турушту”, - деген Жданов.

Журналист Фарида Рустамова белгилегендей, чындыгында ИК-3 Zonatelecom кызматына туташкан. Навальныйга онлайн кат жөнөтсө болот, бирок жооп кагаз түрүндө гана орусиядагы дарегине келет, деп жазган ал.

Ждановдун айтымында, саясатчыны Харпдагы “Полярный волк” ИК-3 абагына которуу чечими апрель айында Федералдык Жаза аткаруу кызматынын башчысы Аркадий Гостев ал жакка барганда кабыл алынган болушу мүмкүн.

Түрдүү талкуулар

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Синин кабарчысы Сергей Горяшко Навальныйга байланышкан декабрь айындагы жагдайды алдыда боло турган шайлоо менен байланыштырган эле.

«Москвадан Салехардга учак менен үч саат, андан кийин Обь аркылуу паром (жайкысын) же муз үстүндө (кышкысын), андан кийин дагы 50 км машина менен жүрүү керек болот. Же поезд менен дээрлик эки күн жүрүү абзел. Азыр Алексей Навальныйдын адвокаттарында ага жетүүнүн ушундай гана жолдору бар. Ал Ямало-Ненец автономиялуу округунун Харп кыштагындагы ИК-3кө которулган.

Айылдын өзү Салехарддан болжол менен 60 км түндүк-чыгыш тарапта, Арктикалык уюл тегерегинен ары, Полярдык Уралдын этектеринде жайгашкан. 2021-жылга карата, анда беш миңден бир аз ашык адам жашачу. Конуш Сталиндин Баренцтен Охотск деңизине чейинки мега-темир жол долбоору “Трансполярдык темир жолду” куруп жаткан туткундардын лагери катары ачылган. Сталин каза болгондон кийин курулуш токтоп, темир жолдун курулган участоктору кароосуз калган. Бирок айыл жана анын аймагындагы түрмөлөр сакталып кала берген.

Биринчиси - белгилүү ИК-18 "Полярная сова" - өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн колония. Экинчиси, Алексей Навальный “экстремисттик иши” боюнча өкүмү чыккандан кийин жөнөтүлгөн ИК-3 “Полярный волк” өзгөчө режимдеги колониясы. Соттун өкүмү күчүнө кирип, Владимир облусундагы колониядагы саясатчынын камак жайын дагы катаалыраак кылып өзгөртүшкөн. Катаалдыгы формалдуу гана эмес. Кышында Харпта температура минус 40 градуска чейин төмөндөйт. Жайында айылды чиркей-чымын каптайт. Колонияда туткундар үчүн “ ФСИН-Письмо” электрондук почта кызматы жок, байланыш почта аркылуу гана жүргүзүлөт.

ИК-3тун алыстыгы да, анын жабык мүнөзү да, бийлик Навальныйды жаңы мекемеге жөнөтүүнү тандап алган учур да жөн жерден эмес. Жаңы жылга аз калганда, өлкө майрам алдындагы кымгуутка киришкен учурда оппозициячы эң изоляцияланган абалга кептелди. Президенттик шайлоого үч айга жетпеген убакыт калды, сыягы, Кремль үч жылдан бери темир тор артында отурган саясатчыны мүмкүн болушунча обочолонтууну зарыл деген көрүнөт. Навальныйдын шериктери аны мынчалык тез таап алганы таң калыштуу. Орусияда камактагыларды ташуу системасынын өзгөчөлүгүн эске алсак, үч жумада дайынын табуу – өтө кыска мөөнөт”.