Алексей Навальныйдын тарапташтары анын өлгөнүн тастыкташты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
BBC News Russian жарыялаган маалыматтардан.
Навальныйдын командасы анын сөөгү Салехарддагы морггдо жок экенин билдирди.
Алексей Навальныйдын жактоочусу менен апапсы салехарддагы моргго келишкени менен ал жер жабык болуп чыкты. Моргдо иштегендер Навальныйдын сөөгү ал жерде жок экенин телефон аркылуу билдиришти. Бул тууралуу оппозиционердин пресс-катчысы Кира Ярмыш ("чет элдик агент" реестрине кирген) билдирди.
Буга чейин апасы менен Навальныйдын жактоочусу Харп айылындагы колонияга барышкан. Навальный соңку мезгилде ошол жакта камакта болчу. Колониядагылар Навальныйдын апасына уулунун өлүмү тууралуу билдирмени беришкен жана уулунун сөөгү "изилдөө, тактоо" үчүн салехарддагы моргдо экенин айтышкан.
Навальныйдын өлүмү тууралуу тарапташтары эмне дейт?
Мария Певчих (Орусияда "чет элдик агент" деп таанылган) :
"Навальный өлтүрүлдү. Мындан ары кандай жашаарыбызды жакшы түшүнө албай турам, бирок биз жакын арада биригип сөзсүз бир нерсе ойлонуштурабыз. Алексей миллиондогон жүрөктөрдө, биздин оюбузда жана эскерүүлөрүбүздө түбөлүк жашайт. Болбосо биздин эмне керегибиз бар? Өлтүргүчтөр жазаланат. Эч кимди кечирбейбиз"
Иван Жданов (Орусияда "чет элдик агент" деп таанылган ):
"Эми даана бүттү. Алексей Навальный өлтүрүлдү. Расмий билдирүү боюнча, Москва убактысы менен 16-февралда 2024-жылы саат 12ден 17 мүнөт өткөндө".
Руслан Шаведдинов (Орусияда "чет элдик агент" деп таанылган ):
"Урматтуу жетекчи, дос мугалим, өрнөк. Сени эч качан унутпайм жана бул боюнча эч кимди кечирбейм. Сенин элесиң түбөлүк калышы үчүн колдон келгендин баарын кылам. Сенин ишиңди жеңишке чейин жеткиребиз, биздин өлкө эркин болот".
Любовь Соболь (Орусияда "чет элдик агент" деп таанылган ):
"Навальныйдын сөөгү тезинен анын үй-бүлөсүнө берилиши керек".
Уулануу, ачкачылык, дарт, түрмө. Навальныйдын соңку жылдары көргөн күнү
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Орусиянын бийлиги Алексей Навальныйдын өлүмү тууралуу билдирди. Мындай кабарды алгач Жазаларды аткаруу Федералдык кызматынын Ямало-Ненец округу боюнча бөлүмү таратты.
Маалыматка караганда, 16-февралда №3- түзөтүү колониясында камактагы А.А.Навальный сейилдеп чыккандан кийин өзүн жаман сезип, дароо эсинен танганын билдирген.
Оппозиционер саясатчы соңку жылдары саламаттыгынан бир топ эле запкы жеди. Негизинен мунун басымдуусу орус бийлигинин куугуунтугунан улам болду. 2017-жылы анын бетине суюк дарыны чачып жибергенден кийин бир көзүнүн көрүүсү абдан начарлап кеткен. 2020-жылы Федералдык коопсуздук кызматына кол кайрыды деп айыпталган учурда ууланган. Анда согуштук ууландыруучу зат пайдаланылганы айтылган. Навальный Орусияга кайрылып келгенден тарта камакта калган. Камалган соң айып изоляторунда оор шартты, ачкачылыкты башынан кечирди.
Би-Би-Си саясатчынын соңку жылдардагы саламаттыгына байланышкан жагдайларды талдап, колонияда ал-абалы эмне болгонуна сереп салат.
2017-жылы аз эле жерден көзүнөн ажырап кала жаздаган
Саясатка аралашкан жылдары Алексей Навальныйдын үй-бүлөсү жана тарапташтары анын дени сак экенин бир нече жолу айтып келишкен. Навальныйдын тарапташы Любовь Соболь (орус бийлиги аны “чет өлкөлүк агент” деп эсепетейт) кезинде “саясатчы куландан соо, туйлап турат”, такай чуркоо менен алек жана ичичмдикти аша чаап ичпейт деп сыпаттаган.
Навальныйдын саламаттыгы массалык маалымат каражаттарынын көңүл борборунда турган теманын бири болуп келген. Саясатчынын ден-соолугундагы көйгөйлөр негизинен ал түрмөгө түшкөнгө чейин эле соңку жылдары Орусияда көргөн куугунтугу менен тыгыз байланыштуу.
2017-жылы Москвада өткөн форумда сөз сүйлөгөндөн кийин белгисиз киши химиялык суюк заттты чачып кеткен. Бул болжолду жартты тазалаган суюктукка дагы бир затты аралаштырган болушу мүмкүн. Ал учурда саясатчы 2018-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коё тургандыгын жарыялаган эле.
Навальный ал учурда бийликке ыктаган SERB кыймылынын активисттери кол салды деп айыптаган. Суюктукту чачып жибергенде саясатчынын оң көзү жабыркап, химиялык күйуккө чалдыккан. Навальный дарыгердин айтканына таянып, оң көзү тумтак эле корбөй калышы мүмкүн экенин жазган.
Ал учурда Навальныйдын дарылануусу үчүн Испанияга барууга туура келген. Бирок ал мезгилде Навальный ага чейин эле шарттуу кесилгенедигине байланыштуу чет өлкөгө чыга турган паспорту жок, документ ала алган эмес. Президенттин алдындагы Адам укутары боюнча кеңештин кайрылуусунан кийин гана тез арада ага паспорт даярдалган.
Жыйынтыгында, көздүн айнек челин алмаштырып, көздү сактап калган. Бирок көрүүсү кыйла эле начарлап калган.

Сүрөттүн булагы, EVGENY FELDMAN/ETO NAVALNY PROJECT
Ошол кол салуудан эки жыл өткөндөн кийин аны ууландыруу аракети болгонун саясатчы айтып чыккан. 2019-жылдын июль айында митингге катышуу чакырыгы үчүн Навальный бир айга камакка алынган. Төрт күндөн сон аны шашылыш ооруканага алып барышкан. Анда анын бети-башы дулайдай шишип, териси кызарып чыккан. Москвалык дарыгерлер муну аллергия деп түшүндүрүшкөн.
2020-жыл. Навальный кайрадан сүйлөгөндү, басканды үйрөнгөн
2020-жылдын августунда Навальный аз эле жерден өлүп кала жаздаган. Анда ал “Акылдуу добуш берүү” долбоорунун талапкерлерин колдоо үчүн Сибирь боюнча турга жөнөгөн. Ал Томкс жетип токтогон. Ошол жактан кайра Москвага учкан. Дарыгерлердин ыкчам аракеттеринен улам ал аман калган. Бир топ машакаттан кийин ал дарылануу үчүн Германияга барган.
Германиянын ошол учурдагы бийлиги "Шарите" ооруканасында комада жаткан орусиялык оппозиционер Алексей Навальный "Новичок" тобуна кирген, нерв системасын шал кыла турган химиялык зат менен ууландырылганын билдирген.
Өкмөттүк эксперттер Навальныйдын анализдерин изилдеп чыккандан кийин ушундай тыянакка келген эле. Ал жандандыруу бөлүмүндө, жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан.
"Анын айыгышы узак мөөнөткө создугушу мүмкүн деп эскертишкен. Мындай уулануудан кийин болжолдуу кесепеттери кандай болорун алдын ала айтууга азыр эрте",-деп айтылат клиниканын сайтындагы ошол учурдагы жарыяланагна маалыматта.
"Новичок" боюнча биринчи жолку сөз эмес эле. Аны менен 2018-жылы Солсбериде Сергей Скрипаль менен кызы Юлия ууланган. Ошондо британ өкмөтү бул үчүн орусиялык бийликти айыптап чыкканы бар. Бирок Москва айыптоолорду кескин четке каккан.
"Новичок" деген эмне болгон уулу зат?
"Новичок" деп аталган затты СССР 1970-80-жылдары жашыруун аскердик жайларда чыгарган. Аны "жаңы муундагы" уулуу заттардын катарына кошсо болот.
- "Новичок" камтыган A-230 химиялык заты Литвиненкону өлтүргөн VX затынан сегиз эсе күчтүү. VX затын ичип алган адам бир нече мүнөттүн ичинде каза табат.
- "Новичок" затынын суюк жана катуу түрлөрү бар. Ошондой эле "Новичоктогу" химиялык заттар өз алдынча кармалат, алар аралашканда гана өтө күчтүү уулуу затка айланат.
- Айрым маалыматтарга ылайык, "Новичок" затын Орусиянын армиясы химиялык курал катары каттаган.
- Орусиядан башка тарапка өтүп кеткен мурдагы чалгынчылар "Новичок" тууралуу биринчилерден болуп айтып беришкен. Ага чейин уулу зат тууралуу дүйнөлүк коомчулуктун кабары жок болчу.
- Ууланган кишинин жүрөгү, ичеги-карыны, табарсыгы жакшы иштебей калат. Ошондой эле уулуу зат мээге дагы түз таасир этет.
Навальныйдын ууланышы боюнча атайын журналисттик иликтөлөр даярдалган.
Өтө маанилүү жагдай - Навальный командасы менен бирге өзү да бул ишти иликтөөнү баштап, бул ишке аралашкан, тапшырма берген адамдардын бир тобуна кызмат адамы, жетекчи катры байланышка чыгып, тапшырма кандай коюлганын, анын аткарылышын, кимдер аралашканын телефон аркылуу сурап, бир топ жагдайларды ашкерелеген.
Германияда дарыланып келгенден кийин дароо эле камакка алынган

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жердин жети түбүндөгү түрмө

Абактагы шарттар, аны абактан абакка которуу тууралуу маалыматтар чыгып турган. Соңку ирет 2023-жылдын декабрь айында анын жакындары жана жактоочулары дагы кабарсыз экенин билдирген.
“Коррупцияга каршы күрөшүү (ФБК)” фондунун директору Иван Жданов (Россияда “чет элдик агенттердин” реестрине киргизилген) X (мурдагы Twitter) социалдык тармагында саясатчынын өнөктөштөрү анын жүргөн жери тууралуу маалымат ала алышпай жалпысынан 618 суроо-талап жолдогонун жарыялаган.
“Ал жерде шарттар катаал, адамдар түбөлүк тоң зонасында өзгөчө режимде кармалышат. Ал жакка жетүү абдан кыйын жана анда Федералдык жаза аткаруу кызматынын - Zonatelecom же кат жеткирүү системалары иштебейт. Адвокат бүгүн ошол жерде болуп келди. Ал Алексейге жолугуп чыкты. Жактоочуну да дароо киргизбей, кармап турушту”, - деген Жданов.
Ага чейин Навальный Владимир облусунда күчөтүлгөн тартиптеги колонияда болчу.
Август айынын башында Москва шаардык сотунун көчмө сот отурумунда саясатчыны “экстремисттик иш” деп аталган кылмыш иши боюнча 19 жылга өзгөчө режимдеги колонияга кескен.
Атайын режимдеги колониялар жаза өтөөнүн эң оор шарттагы мекемелери болуп саналат. Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, ал жакка өмүр бою эркинен ажыратылган же “өзгөчө коркунучтуу кылмыштарды кайталап жасап” соттолгондор жиберилет.
2023-жылы 6-декабрда Навальный өз арыздарынын бири боюнча өтүп жаткан соттук отурумга видеобайланыш аркылуу чыккан эмес. Ошондон кийин анын дайыны билинбей, бир нече күндөн кийин кабар чыккан.
Алгачкы бир нече күндө ар кандай шылтоолор менен анын адвокаттарын саясатчы кармалып турган Владимир облусундагы колонияга киргизбей коюшкан. Андан кийин колония Навальный "Владимир облусунан 11-декабрда которулуп кеткенин" билдирген, бирок так кайда экенин тактап айтышкан эмес.
Анын кайда болгондугу тууралуу суроолорго бирден-бир даректүү жооп 12-декабрда Федералдык Жазаларды аткаруу кызматынын тастыктамасы болгон, анда саясатчы 19 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Владимир облусундагы өзгөчө режимдеги колониядан которулуп кеткени айтылган.
Москвадан Салехардга учак менен үч саат, андан кийин Обь аркылуу паром (жайкысын) же муз үстүндө (кышкысын), андан кийин дагы 50 км машина менен жүрүү керек болот. Же поезд менен дээрлик эки күндүк жол. Азыр Алексей Навальныйдын адвокаттарында ага жетүүнүн ушундай гана жолдору бар. Ал Ямало-Ненец автономиялуу округунун Харп кыштагындагы ИК-3кө которулган.
Айылдын өзү Салехарддан болжол менен 60 км түндүк-чыгыш тарапта, Арктикалык уюл тегерегинен ары, Полярдык Уралдын этектеринде жайгашкан. 2021-жылга карата, анда беш миңден бир аз ашык адам жашачу. Конуш Сталиндин Баренцтен Охотск деңизине чейинки мега-темир жол долбоору “Трансполярдык темир жолду” куруп жаткан туткундардын лагери катары ачылган. Сталин каза болгондон кийин курулуш токтоп, темир жолдун курулган участоктору кароосуз калган. Бирок айыл жана анын аймагындагы түрмөлөр сакталып кала берген.































