Т. Сарлыкбек уулу: Президент түркиялык ишкерлерге өзү сөз берди

Кыргыз-түрк тараптардын экономикалык кызматташуу боюнча жолугушуусу
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз-түрк тараптардын экономикалык кызматташуу боюнча жолугушуусу
Published

Темирлан Сарлыкбек уулу: Эки тараптуу бир канча келишимдерге кол коюлду. Мени кызыктырганы экономикалык байланыштар. Кыргызстанда өнөр-жай аймактарын куруу боюнча келишимге кол коюлду. Экинчиден, Кыргызстанда Соода жана өнөр-ай палатасына реформа жүргүзүү боюнча келишимге кол коюлду. Бул багытта бизге шыр эле көп инвестор Кыргызстанга келе калат, экономикалык, соода байланышыбыз тез эле өнүгүп кетет дегенден алысмын. Бирок экономикабыздын өнүгүшүнө кээ бир кадамдар ташталды десем болот.

Би-Би-Си: Өнөр-жай аймагы деп баса белгилеп калдыңыз, ушуну чечмелеп кетсек.

Темирлан Сарлыкбек уулу: Анкарадагы "OSTIM" өнөр-жай аймагы менен сүйлөшүү болду.  Мунун максаты Кыргызстанда кыргыз-түрк өнөр-жай аймагын куруп, Түркиядан чыгарылган айрым өнүмдөрдү Кыргызстанда өндүрүп, аларды оңой жол менен Борбордук Азияга, ЕАЭБге  экспорттоо.

Би-Би-Си: Бул канчалык реалдуу деп ойлойсуз?

Темирлан Сарлыкбек уулу: Бул келишимде Туркия тараптан болчу жардам - Кыргызстанда өнөр-жай аймактарын куруу, аны кантип иштетүүнү үйрөтүү. Калган иш толугу менен өз моюнубузда. Түркиялык ишкерлерге, деги эле өзүбүздүн ишкерлерге ыңгайлуу шарт жарата алсак, ишке ашышы мүмкүн. Эгер андай кыла албасак анда мүмкүн эмес.

Би-Би-Си: Жыйынтык бергидей аракеттер, сүйлөшүүлөр болду деп айтууга кандай аргументтер бар?

Темирлан Сарлыкбек уулу: Негизи Түркия мамлекети биз эгемендикти алгандан бери эле колунан келген жардамын берип келе жатат. Бирок, бул жолку жолугушуунун жыйынтыгын биз өзүбүз түзүшүбүз керек,  өзүбүз бир натыйжага жетишибиз керек. Бул жолку жолугушуулар кызматташууну күчөтөлү, айрым бир кадамдарга баралы деген эле нерсе.  Бирок ийгиликке жеткирүү өзүбүздөн, Кыргызстан тараптан көз каранды. Соода, өнөр-жай палатасына реформа кылабыз деп жатпайбызбы, бул реформа жүрө турган болсо ишкерлердин ишканаларын мыйзамсыздыктан, жаңылыш мыйзамдардан жана башка тоскоолдуктардан сактаган система түзүлөт. Ошондо Кыргызстанда өндүрүш ачып, соода ишин баштоого ыңгайлуу шарт пайда болот,  ишкерлерге да кызык болот.

Би-Би-Си: Ушул сүйлөшүлгөн макулдашуулар сөз эле бойдон калып калбаш үчүн эмне кылуу керек?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Темирлан Сарлыкбек уулу: Өзүбүз аракет кылуубуз керек.  Кыргызстандын Соода өнөр-жай палатасын Түркияныкындай моделге өзгөртүшүбүз керек.  Кыргызстан келчү ишкерлерге мамлекет катары кепилдиктерди бериши керек.  Сиз биздин өлкөдө өндүрүш кылсаңыз мамлекеттик мекемелер тоскоолдук кылбайт, тез арада керектүү уруксат кагаздарын ала аласыз, коңшу өлкөлөргө өнүмдөрүңүздү сатам десеңиз чек араларда эч кандай көйгөй болбойт деп кепилдик беребиз -деген сыяктуу өтө зарыл шарттарды түзүшүбүз керек. Кышында жарыгыңыз өчпөйт, сизден эч ким пара талап кылбайт, алдап же тоноп кетсе мамлекет катары тез арада алардын артынан түшүп, коргоп бере алабыз деген сыяктуу кепилдиктерди берүү зарыл.  Өзү үчүн дагы, ишканасы үчүн дагы кепилдик болбосо, коопсуздугу камсыздалбаса, опурталдуу жагдай болсо Кыргызстанга эч кандай инвестор келбейт.  

Би-Би-Си: Мындай кепилдиктер буга чейин жок беле?

Темирлан Сарлыкбек уулу: Жок. Буга чейин биздин мамлекетте мындай шарттар болгон эмес. Жалаң эле чет өлкөлүк эмес, өзүбүздүн ишкерлерге да кепилдик жок.

Би-Би-Си: Түркиялык ишкерлердин арасында “Мен Кыргызстанга кызыгам. Ошол жерге барып инвестиция  салат элем" деп кызыккандарды байкадыңызбы? Бар бекен?

Темирлан Сарлыкбек уулу: Албетте.  Мисалы, Кыргызстанда “CASA 1000” деген долбоор бар. Эл аралык долбоор. Анда электр энергиясын өндүрүп башка өлкөлөргө сатуу. Кыргызстанда энергетика, шамалдан электр энергиясын өндүрүү тармагына инвестиция кылам дегендер бар. Алардын келишине мен айтып өткөн тоскоолдуктар себеп болуп, бир аз артка тартып турат.  Бирок, кызыгуу бар.

Темирлан Сарылбек уулу
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Темирлан Сарылбек уулу

Би-Би-Си: Бул форум  же сүйлөшүүлөр алгачкысы эмес, буга чейинкилерден эмнеси менен айырмаланды?

Темирлан Сарлыкбек уулу: Эң чоң айырмасы, өзгөчөлүгү биз сөз кылган кепилдиктердин баарын чет элдик инвесторлорго берүү аракети.  Аларды коргоо багытында биз өзүнчө бир министрлик  ачтык. Мурда инвесторлор мамлекеттик кызматкерлердин артынан чуркаган болсо, мындан ары мамлекеттик  чиновниктер инвестордун артынан чуркай турган акыбалга алып келебиз деп президент өзү сөз берди.  Андан башкасы бүт окшош.

Тектеш макалалар