Эрдоган менен Жапаров эмнени сүйлөштү?

Published

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен кыргыз президенти Садыр Жапаров АКШда бозгунда жүргөн түрк динаятчысы Фетхуллах Гулен жана анын кыймылына каршы биргелешип күрөшүү жөнүндө макулдашты.

Садыр Жапаров менен Эрдоган

Сүрөттүн булагы, official

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий сапарынын жыйынтыктаган басма сөз жыйынында Эрдоган эки тараптуу сүйлөшүүлөр учурунда террордук уюмдарга, анын ичинде ФЕТОго каршы күрөшүү жөнүндө маселе талкууланганын билдирди.

«Соңку саясий проблемалар ФЕТОнун кара, кандуу, суук түрүн көрсөттү. Кудай буюрса, биз бири-бирибизди колдоп, аны биргелешип жеңебиз. Мен Түркия кыргыз элин жана анын бийлигин колдой турганын урматтуу президентке дагы бир жолу айттым. Саясий туруктуулукка карай Кыргызстан менен ар бир кадамыбыз бирге",- Эрдоган.

Анкара 2016-жылы ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш үчүн түрк динаятчысы Фетхуллах Гуленди жана анын “Хизмет” кыймылын айыптап келатат. Түркия бийликтери аны ФЕТО деп аташып, аны террордук уюм катары таанууга чакырууда.

Гүлендин өзү бул төңкөрүшкө эч тиешеси жок экенин билдирип келатат. Ошого карабастан анын жолун жолдогон миңдеген адамдар Түркияда кармалып, жазаланууда.

Бишкектеги нааразылык жүрүштөрү

Сүрөттүн булагы, Social media

Түркиянын бийликтери убагында Гулендин жолун жолдоочулар тарабынан Кыргызстанда ачылган “Себат” лицейлерин жабууну талап кылган. Кыргыз бийликтери “Себат” лицейлеринин эч кандай зыяны жок деп жооп берип, бул талапты кабыл алган эмес.

Алар “Сапат” лицейлери деп аты өзгөртүлүп, Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин көзөмөлүнө берилген.

Анкарада Жапаровдун сапары учурунда бул маселе козголдубу, жокпу, расмий маалымат болгон жок. Ошондой эле Бишкекте он күндөн бери жоголуп, табылбай аткан “Сапат” лицейлеринин президенти Орхон Инандынын тагдыры жөнүндө да кандай сөз болгону белгисиз.

Бишкектин өзүндө “Сапат” лицейлеринин окуучулары, мугалимдери жана аларга ылым санаган активисттер күн сайын нааразылык жүрүшкө чыгып жатышат.