Дастан Догоев ким жана анын отставкага кеткени чынбы?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Иштеп баштаганына эки айдай гана болгон Санарип өнүктүрүү министри Дастан Догоев отставкага кетүү тууралуу арыз жазганы айтылып жатат. Бирок ал өзү бул маалыматты тастыктай да, ырастай да элек.

Сүрөттүн булагы, Official
Догоевди шайлоодон кийин БШКнын маалыматтык автоматташтырылган системасындагы техникалык ката үчүн күнөөлөп жатышкан.
Шайлоонун жыйынтыгы расмий чыгарылгандан кийин Бишкекте Турсунбек Акун баштаган “Келечекке жол” улуттук кыймылынын мүчөлөрү Догоевдин бул үчүн кечирим суроосун талап кылышкан эле.
"Догоев өкмөттүн санарип тармагына жоопкерчиликтүү адам. Ал башкарган мекеменин түздөн-түз милдети - шайлоодо колдонулган техникалык аппараттарды, АСУларды сертификациядан өткөрүшү керек эле. Азыр эми ушунун баары кайсы бир IT адистин жеке катасы болгон деп жатышат. Бирок “Шайлоо” системасын ишке киргизгенден кийин бардык жоопкерчилик биринчи жетекчиде болот. Тилекке каршы, Догоев мырза Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана Нуржан Шайлдабекованын артына жашынып алды”,- деген эле “Келечекке жол” улуттук кыймылынын өкүлү Таалайбек Жумадылов.
Анын эртеси эле Санарип өнүктүрүү министрлиги атайын билдирүү менен чыгып, анда шайлоого даярдык жана аны уюштурууга БШК өзү гана жоопкер экени айтылат.
“Санарип өнүктүрүү министрлигинин БШКнын маалыматтык системасынын иштешин камсыздоого багытталган кандай гана аракети болбосун ал анын ишине кийлигишкенге жатмак”.
Догоевдин иштен кетип жатышынын дагы башка себептери да аталууда. Алардын бири – Кыргызстанда мобилдик телефондорду идентификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору. Ага ылайык, телефон же модем сыяктуу техникалык гаджеттерди өлкөнүн аймагына импорттоо үчүн төлөм акысы 100 сомдон, 700 сом го көтөрүү каралып жатат.
Жаңы документ Санарип өнүктүрүү министрлиги тарабынан 10-декабрда коомдук талкууга коюлуп, нараазылык жараткан. Догоевдин бул демилгеси да анын отставкасына негиз болушу мүмкүн деп жатышат.
Айрым жергиликтүү басылмалар Догоевдин орду президенттин администрациясындагы санарип бөлүмүн жетектеген Таалайбек Байтереков үчүн бошотулуп жатышы мүмкүн экенин жазып чыгышты. Бирок Байтереков өзү андай жоромолдорду четке какты.
Дастан Догоев Акылбек Жапаровдун өкмөтүндөгү эң жаш министрлердин бири. Ал бул кызматына быйыл шайлоого эки ай калганда бекиген.

Сүрөттүн булагы, Official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Алдыңыздарда үч маанилүү багыт турат. Кыска мөөнөттө калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү жаатында жигердүү өзгөрүүлөрдү жасоо зарыл. Бардык суроо-талаптар электрондук документ жүргүзүүгө өткөрүлүшү керек", -деген эле Акылбек Жапаров.
Электрондук өкмөткө өтүү тууралуу президент Садыр Жапаров да буга чейин сөз кылып, кийинки жылы 1-июлга чейин муну ишке ашырууну тапшырган. Коомдук сайттарда кошумча каржылоосу жок, мындай тапшырма коюу дагы Догоевдин отставкага кетүү чечимин шартташы мүмкүн экени айтылууда.
Жаш болсо да Догоев буга чейинки президенттер – Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбековдун тушунда чоң мамлекеттик кызматтарды аркалап келди.
2017-жылы, ал кезде болгону 31 жаштагы Дастан Догоев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине келди. Бул кызматта ал бир жылдай гана кармалды. Бирок бул убакыт аралыгында жергиликтүү Клооп басылмасы президенттик шайлоого байланыштуу ызы-чуулуу иликтөөсүн жарыялап, Догоевдин да ысымы аталган. Журналисттер шайлоо алдында мамлекеттик серверлердин биринде мамлекеттик эмес samara kg сайты бар экенин таап чыгышкан. Бул сайт Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоо алдындагы кампаниясы менен байланыштуу болушу мүмкүн экендиги айтылган эле. Догоев мындай айыптоолорду четке каккан.
Сооронбай Жээнбековдун тушунда Догоев президенттин кеңешчиси болуп дайындалган. Бирок ушундай рангда турса дагы ал УКМК тарабынан суракка чакырылып, ал Каттоо кызматын жетектеп турган маалда сатылып алынган биометрикалык паспорттор тууралуу көрсөтмө бергени белгилүү.
УКМКда сурак бергенине бир ай өтпөй ал кайра мамлекеттик кызматка кайтып келген, бул жолу ал Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчылыгына дайындалган. Андан кийин Санарип министри болуп, бирок 2020-жылы июнда Гарвард университетине өткөндүгүнө байланыштуу отставкага кеткен эле.
Дастан Догоев 1986-жылы Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында туулган. Лондондо билим алганы белгилүү.
































