АКШ Кытайдын шарын атып түшүрдү. Бул тыңчылык кылган жабдыкпы?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Америкалык аскерлер Түштүк Каролина штатынын жээгинде абада калкып турган Кытайдын чоң шарын атып түшүрдү. Бул шар АКШнын аба мейкиндигине кирип, тыңчылык кылган деген күмөндү жаратты.
Reuters агенттигинин фотографы шарды истребитель атып түшүргөнүн, бирок шар жарылбай, кулай баштаганын тартып алган. Атлантика океанына түшкөн Кытайдыкы делген аэростатынын бөлүктөрү изилдөө үчүн жиберилет.
АКШнын президенти Жо Байден шарды атып түшүргөн учкучту куттуктады.
Кытай өкмөтү аба ырайына байкоо жүргүзгөн аэростат шары Кошмо штаттардын аба мейкиндигине капысынан учуп барганы үчүн кечирим сураган. Ошол эле мезгилде Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШ шарды атып түшүргөнүнө нааразылык билдирди. Министрлик АКШны ашыкча реакция кылып, эл аралык практиканы олуттуу түрдө бузду деп айыптады. Ошол эле мезгилде Кытай АКШны окуяны иликтөөдө сабырдуу болууга жана "салкын" болууга үндөдү.
АКШда башынан эле бул учуучу объектти атып түшүрүү чакырыктары болгон, бирок аскерлер шарды атып түшүрүү чечимин кабыл алууга шашылган эмес, анткени ал жарандык авиация коридорунда болгон. Эгерде аны атып түшүрсө, шардын бөлүктөрү жерге түшүп, кимдир бирөө же маанилүү имараттар жабыркашы мүмкүн эле.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ишемби күнү АКШнын Федералдык Авиация башкармалыгы (FAA) коопсуздук үчүн үч аэропортту, ошондой эле Түштүк Каролина жээгин жапты.
Өткөн бейшембиде АКШнын аба мейкиндигинде Кытайдын гигант “тыңчы шары” байкалгандан кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Бээжинге жасай турган расмий сапарын токтотуп, Бээжиндин аракеттерин жоопкерчиликсиз деп атады.
АКШнын айтымында, шар Аляска менен Канаданын аймагынан учуп өтүп, андан соң Монтана штатына келген, бул жерде өзөктүк дүрмөттөрдү чыгарууга жөндөмдүү болгон америкалык баллистикалык ракеталарды башкаруу шахталары жайгашкан.
Мындан улам бул окуя АКШ жетекчилеринин кыжырын келтирип, Энтони Блинкен АКШнын аймагында Кытайдын "чалгындоочу шарынын" пайда болушу АКШнын эгемендүүлүгүн жана эл аралык мыйзамдарын ачыктан-ачык бузуу, ошондой эле жоопкерчиликсиз кадам болуп саналарын айтты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Блинкен бир катар маанилүү маселелерди, анын ичинде эл аралык коопсуздук, Тайвань жана Covid-19 талкуулоо үчүн 5-6-февралда Пекинге барууну көздөп жаткан, бирок кытайлык "чалгынчы шар" АКШ асманында пайда болгондон кийин сапар күн тартибинен жокко чыгарылган.
Пекин шар тууралуу көпкө унчуккан жок, бирок жума күнү шар Кытайга таандык экенин, бирок ал чалгындоо шары эмес, аба ырайынын улам багытынан чыгып кеткен тынч метеорологиялык зонд экенин жүйө келтирүүдө. Бул үчүн Пекин өкүнүчүн билдирди.
Ишемби күнү Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий билдирүүсүндө Кытай “эгемендүү өлкөлөрдүн аймагына же аба мейкиндигине эч качан кол салган эмес” деп кабарлады.
Washington Post талдоочусу Дэвид Игнатиус өзүнүн булактарына таянып, Кытай бир нече жылдан бери маалымат чогултуу үчүн чалгындоо шарларын учуруп жүргөнүн жазды. Игнатиустун Пентагондогу булактары “Кытайдын беш шары Жерди ар кайсы убакта айланып өткөнүн жана акыркы он жылда Кытай шар менен дүйнө жүзү боюнча 20-30 жолу учканын” айткан.
Игнатиуска маалымат берген чиновниктин айтымында, абада учуп жүргөн шар сүрөттүн деталдарын жакшыраак бере алышы мүмкүн. Ошондой эле АКШнын радарларынын реакциясын байкоо аракети да болушу мүмкүн. Ал эми шар кичинекей чалгын аппараттарды, айталы жашыруун буталарды байкай алган микродрондорду түшүрүп жатат деген божомолдорго азырынча эч кандай далил жок.
Бирок эгерде атып түшүрүлгөн шардан Пентагон капсула тапса, Кытайдын чалгындоо жана байланыш системаларын изилдөө үчүн пайдалуу маалымат топтолот деп АКШ айтып жатат. (RE)
































