Байденге чабуул күчөдү. Ал талапкерлигин коргойбу же жарыштан четтейби?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШда бул жолу өтө турган президенттик шайлоонун алдында талапкерлердин жаш курагы жана психикалык абалы маанилүү маселеге айланды. Өзгөчө Байдендин ден соолугуна байланыштуу шайлоого барышына каршы чыккан демократтардын үнү барган сайын өктөм чыга баштады.
Өзүнүн дарегине көп сын айтылганына карабай президен Байден шайлоодо атаандашы Дональд Трампты жеңе аларын дагы бир жолу кайталады. Бул тууралуу ал НАТОнун Вашингтондогу саммитинин алкагындагы маалымат жыйынында айтты.
Бейшембиге караган түнү пресс-конференцияда Байден журналисттердин суроолоруна жооп бергенде токтоо жана эркин болуп көрүндү, бирок адаттагыдай эле каталар менен коштолду.
Биринчи суроого жооп берип жатып, ал жаңылыш түрдө орун басары Камала Харристи "Вице-президент Трамп" деп атаган.
Бир саатка созулган маалымат жыйында Байден адашып калганын оңдогон да жок.
Андан мурдарак Украинага жардам көрсөтүү брюнча маалымат жыйынында Владимир Зеленский менен Владимирдин атын алмаштырып алды:
"Айымдар жана мырзалар, мен президент Путинди тааныштырам..."
Бирок Байден көп өтпөй катасын түшүнүп, “Президент Путин... Президент Зеленский. Путиндин жеңилүүсүн мээмден кечке издеп жүргөнүм жетиштүү", - деп оңдоп кетти.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бир нече демократтын аны Трампка каршы жарыштан баш тартуу чакырганына, "баштаган ишти аягына чыгаруу үчүн экинчи мөөнөткө баратам" деп чечкиндүү жооп кылды. Бирок анын бул жообу өз партиясындагы сынчылардын оозун баса алган жок.
НАТОнун саммитинин алкагында өткөн маалымат жыйын Жо Байдендин президентке жарамдуулугун көрсөтүү максатында уюштурулган.
Ошого карабай жыйын аяктагандан кийин Байден дагы үч демократтын колдоосунан ажырады. Демократтардын лидери Скотт Питерс 81 жаштагы Байденге кайрылып, талапкерлигин алып салууга чакырды.
Буга чейин Өкүлдөр палатасынын мурдагы спикери Нэнси Пелоси жана Байдендин шайлоо өнөктүгүнө каражат чогултууга жардамдашып жүргөн белгилүү Голливуд жылдызы Жорж Клуни Байдендин ден соолугуна байланыштуу шайлоого баруудан баш тартууга чакырышкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Шаршемби күнү кечинде Вермонт шататынан келген Питер Уэлч Байденден "өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн" талапкерлигин алып салууну ачык суранган биринчи демократ сенатор болду. Бул пикирин ал Washington Post гезитине жазган макаласында айтты.
Колорадо штатынын сенатору Майкл Беннет президент Байденди "шайлоодо Трампка чоң айырма менен жеңилет" деп ачык айткан биринчи демократ болду. Бирок ал президентти талапкерлигин алып салууга үндөгөн жок.
Ошол эле маалда АКШ Конгрессинин таасирдүү мүчөсү Кара Кокус жана Конгресстин белгилүү либералдык мүчөлөрү Байденди колдой тургандыгын билдиришти.
Байдендин кийинки чакырылышка жарамдуулугу боюнча талашта демоктраттар кыйын абалга кептелди. Кырдаал жөнгө салынабы же мындан да татаалдашабы азырынча белгисиз. Байдендин алдыга жылуудагы дагы бир көйгөйү - адамдар ар бир иш-чарада ага кылдат көз салып турушат.
Кээ бир демократтар талапкерликти вице-президент Камала Харристке алмаштыруу керек деп эсептешет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Голивуд жылдызы Жорж Клунинин айтымында, абалдан чыгуу үчүн партия биригип, жаңы талапкерди көрсөтүүгө тийиш. Бирок ал бул процесстин кандайча бүтөөрү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.
Ошентип Америкадагы бул жолку президенттик шайлоодо талапкерлердин жаш курагы жана психикалык абалы маанилүү маселеге айланууда.
Президенттикке талапкерлер Жо Байден менен Дональд Трамп экөөндө тең бул маселеде өтө деле айырма жок. Байден 81 жашта, Трамп 78де.
Бул талаш өткөн айда Трамп менен Байдендин дебатынан кийин күтүүсүз жерден курчуп кетти. Байден Америка тарыхындагы эң кары президент. Эгер Трамп кайра шайланса, ал Америка тарыхындагы эң кары экинчи президент болуп калат.
ABC News телеканалына берген маегинде президент Байден эс тутум жана логикалык ой жүгүртүүсүн аныктоочу когнитивдик тест тапшыруудан баш тартып, "менин күнүмдүк ишим когнитивдик тест" деди. Дарыгерлер тест тапшыруунун зарылдыгы жок дегенин да белгилеп өттү.
Трамп эки жолу когнитивдик тест тапшырганын, экөө тең ийгиликтүү болгонун сыймыктануу менен айтууда. (СА)
































