Дүйнөлүк конференцияда сүйлөгөн Талант Мамытов, Кытай Афганистанга $31 млн берет

Published

Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү соңку окуялардын топтому

Талант Мамытов спикерлердин дүйнөлүк конференциясында сүйлөдү

Талант Мамытов

Сүрөттүн булагы, kenesh

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов парламенттердин спикерлеринин дүйнөлүк конференциясында глобалдык климаттагы өзгөрүүлөрдүн кесепетин азайтуу үчүн бардык өлкөлөрдүн парламентарийлеринин мүмкүнчүлүгү жөнүндө сүйлөдү.

“Глобалдык докладка караганда, азыркы учурда 36 мамлекет табигый ресурстар тартыш болуп жаткнада суу каатчылыгынын эң чоң деңгээлине дуушар болду. Жылуулук, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү, суу ташкындар, кургакчылык көбөйүп, мөңгүлөр эрип жатканы суунун сапаты менен жеткиликтүүлүгүнө таасир берүүдө. Калктын санынын жана сууну керектөөнүн өсүшү көп жагынан индустриализация менен урбанизацияга байланыштуу бүт дүйнөдө суу ресурстарын азайтууда”,-деди төрага.  

Спикерлердин дүйнөлүк бешинчи конференциясы Вена шаарында өтүп жатат. (КС)

Өзбекстан Афганистанда түзүлгөн жаңы өкмөттү колдойт

Өзбекстан Афганистанда түзүлгөн жаңы өкмөттү колдойт.

Сүрөттүн булагы, flagof

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өзбекстан Афганистанда түзүлгөн жаңы өкмөттү колдойт.

Өзбекстан Афганистанда түзүлгөн жаңы өкмөттү колдойт. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги жарыялады.

Маалыматта өзбек ТИМи бул кадам Афганистанда улуттук макулдашуунун, туруктуулуктун жана тынчтыктын башталышы экенине ишенерин айтылат.

Ошондой эле, өзбек тарап жаңы ооган өкмөтүнүн курамы менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Эске салсак, 2 күн мурун Талибан кыймылы Афганистандагы убактылуу өкмөттү түзүп, өлкөнү “Ислам Эмираты” деп жарыялаган. (MD)

Кытай Афганистанга $31 млн берет

Синовак вакцинасы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кытай Афганистанга 200 миллион юан ($31 млн) өлчөмүндөгү жардам, анын ичинде азык-түлүк жана коронавируска вакцина берерин убада кылды.

Жардам Бээжин Талибан менен байланышты жөнгө салууга даяр экенин айткандан кийин берилүүдө.

Кытай бийлигинен кошумчалагандай, жаңы убактылуу өкмөттүн түзүлүшү Афганистандагы “тартипти калыбына келтирүү үчүн керектүү кадам” болгон.

Талибандын убактылу кабинети өткөн аптада куралып, өлкө “Ислам Эмираты” деп жарыяланган.

АКШнын президенти Жо Байден Талибандын өкмөтүн “жакын арада” тааныбай турганын айткан.

Ал ортодо Кытай ылдам кадам таштады.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Афганистанга жардам берүү жөнүндө шаршемби күнкү жолугушууда билдирген. Жолугушууда Афганистандын бир нече коңшулары - Пакистан, Иран, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан - дагы катышкан.

Ван И коңшу өлкөлөрдү Афганистанга жардам берүүгө кол кабыш кылууга чакырып, Кытай өлкөгө 3 млн доза вакцина берерин кошумчалады. (EA)

Шайлоо-2021: Партиялар тизмеси 54 орундан ашпайт

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова келе жаткан парламенттик шайлоодо бюллетенге кирчү партиялардын талапкерлер тизмеси 54төн ашпашы керек экенин тактады.

Анын айтымында, буга чейин партиялык тизмелерге 200дөн ашык адамдардын аты-жөнү киргизилип жүргөн жана шайлоо өнөктүгү учурунда айрымдары кызматын убактылуу токтоткон учурлар да болгон.

Ошондой эле, Боршайкомдун төрайымы бул шайлоодо партиялык тизмеге түшкөн талапкерлер бир мандаттуу округдардан талапкерлигин коюуга мүмкүн эместигин эскертти.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөнү жатат.  (EK)