Зеленский менен Си Цзиньпиндин баарлашуусу канчалык олуттуу?

Published

Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы

Эки лидердин сүйлөшүүсүнөн кийин кандай өзгөрүү болушу мүмкүн деген суроо турат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эки лидердин сүйлөшүүсүнөн кийин кандай өзгөрүү болушу мүмкүн деген суроо турат

Украинанын президенти Владимир Зеленский Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен телефон аркылуу “узак жана маңыздуу” сүйлөшкөнүн айтты. Бул – алардын Орусиянын Украинага каршы ири көлөмдөгү согуштук баскычы башталгандан берки биринчи байланышы болуп саналат. Бул баарлашуу Кытайдын жетекчисинин марттагы Москвага жасаган иш сапарынан кийин күтүлүп жаткан. Кытайдын өзүнө таандык тынчтык демилгеси бар, бирок бул долбоорго Киев сабырдуулук менен мамиле кылат, ал эми Батыш болсо – ишенбестик менен карайт.

"Менин оюмча, бул телефон чалуу, ошондой эле Украинанын Кытайдагы элчисин дайындообуз эки тараптуу мамилелерибиздин өнүгүшүнө кубаттуу түрткү берет", — деп президент Зеленский "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Кийинчерээк Украинанын Кытайдагы элчиси болуп Павел Рябикин мырза дайындалганы белгилүү болду. Президент Зеленский аны дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Буга чейин Рябикин мырза стратегиялык өнөр жай тармактарынын министри болуп иштеген. Ал 2009—2010-жж. Украинанын Даниядагы элчиси болгон.

Расмий Бээжин бул телефон сүйлөшүүсү украин тараптын демилгеси менен болгонун билдирди, деп Франс Пресс агенттиги жазып чыкты.

Си Цзиньпин Орусиянын Украинага толук деңгээлде басып киришин эч качан айыптаган эмес.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Си Цзиньпин Орусиянын Украинага толук деңгээлде басып киришин эч качан айыптаган эмес.

Украина менен Кытайдын лидерлеринин телефон аркылуу байланышы Кытай лидеринин Москвага үч күндүк иш сапарынан кийин дароо эле болот ко деп күтүлүп жаткан. Си Цзиньпин март айында Кремлдин кожоюну, президент Владимир Путин менен сүйлөшүүлөр жүргүзгөн болчу.

Си Цзиньпин Украинада 2022-жылдын 24-февралында кеңири өлчөмдөгү согуш башталгандан бери алгачкы жолу президент Зеленский менен сүйлөшүүгө беленденип жатканын Wall Street Journal басылмасы Кытай лидеринин Москвага сапарынын алдында эле жазып чыккан.

Си Цзиньпиндин Москвага иш сапары 20–22-март күндөрү жүзөгө ашырылды. Марттын аягында Financial Times гезити Евробиримдик Зеленский менен сүйлөшүүгө Си Цзиньпинди көндүрүүгө аракет кылып жатканын жазган. Басылманын булагы Кытайдын жетекчилигинин Украинадагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга кызыкдар болушунун өзүн жагымдуу белги катары баалоо керектигин белгилеген.

путин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Зеленский өзү март айында Yomiuri Shimbun басылмасына берген маегинде Кытайдын лидери менен өз ара сүйлөшүү сунушун дипломатиялык каналдар аркылуу Бээжинге жөнөткөнүн айткан. Апрелдин башында Кытай лидери Украинанын президенти менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген.

Ушул тапта Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары расмий Бээжин Украинага атайын өкүлдөрүн жөнөтүүгө жана тынчтыкты көздөгөн бардык тараптар менен сүйлөшүүгө даяр экенин Си Цзиньпин Зеленскийге айтканын кабардашууда. Бул тууралуу Рөйтерс агенттиги жазып чыкты.

Али күнгө чейин Бээжин орусиялык баскынчылыкка карата бейтарап турумун көрсөтүүгө умтулуп келген. Си Цзиньпин – алигиче бул согушту айыптоодон карманып жаткан эң таасирдүү дүйнө лидери. Февраль айынан бери ал Украина боюнча 12 беренеден турган тынчтык долбоорун сунуштап келет. Бул долбоорду Батыш анчейин ишенбестик менен тосуп алса, расмий Киев өзгөчө этияттык менен кубаттап чыкты, деп Рөйтерс агенттиги белгиледи.

ALEKSEY MAYSHEV/TASS

Сүрөттүн булагы, ALEKSEY MAYSHEV/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ALEKSEY MAYSHEV/TASS

Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлагандай, Си Цзиньпин Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү маалында Кытай алдыдагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө колдоо көрсөтүү маселесине өзгөчө назар бурат жана ок атышууну эртерээк токтотууга жетишүү үчүн далаалат жасайт, деп айткан.

“БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү жана жоопкерчиликтүү чоң өлкө катары биз жөн карап отурбайбыз, отко май тамызбайбыз жана, анан калса, бул кырдаалдан пайда көрүү үчүн эч далаалат кылбайбыз”, – деп Кытай лидери баса айтты.

Кытай, расмий Синьхуа агенттигинин маалыматына караганда, "жаңжалды жөнгө салуу" боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында Украинага атайын өкүлүн жибермекчи. Кытай бийликтери өз билдирүүлөрүндө Украинадагы согушту атайылап “жаңжал” деп атап келишет. Кытайдын Орусиядагы мурдагы элчиси Ли Хуэй Украинага келе турган атайын өкүл болуп тандалды.

Европадан жаңы досторду табуу далалатыбы?

Би-Би-Си Кытай кызматынын өкүлү Ховард Чжандын пикири

Телефондук сүйлөшүүнүн чоо-жайын айтпай туруп эле, Кытайдын расмий маалымат каражаттары Си Цзиньпиндин "кырдаалды көзөмөлгө алып жаткандыгы" үчүн ага коёндой окшош мактоо сөздөрүн айтып, андан тышкары Кытайдын "бейтараптыгын" баса белгилешүүдө.

Бирок Кытайдын расмий баяндамаларын окуп жатып, бир маанилүү өзгөчөлүктү – тымызын, бирок байкаларлык өңүттү байкоого болот: азыр Украина жана анын президенти жөнүндө сөз кылууда ачыктан-ачык терс маанайды билдирүү далаалатынын жоктугу сезилет.

Эми Украина КЭР үчүн кайрадан “стратегиялык өнөктөш” болуп калды, ал эми Зеленский – эки тараптуу мамилелерге “ар дайым көңүл бурган” президент деген баага арзыды. Ошондой эле Си Цзиньпин согуштун алгачкы күндөрүндө кытай жарандарын бейпил жайларга чукул көчүрүп кетүүгө жардам бергендиги үчүн Украина тарапка биринчи жолу ыраазычылык билдиргени белгиленген.

Бул жагдай – Кытай ЖМКларынын 2022-жылдын 24-февралынан берки Орусиянын эгемен Украинага каршы кеңири өлчөмдөгү согушунун башталышында Украинага жана президент Зеленскийге жасаган мамилелеринен таптакыр башкача.

Орусия Украинага кеңири өлчөмдө кол салып киргенден бери Кытайдын расмий медиа каражаттары Москванын көз карашын жана баяндарын жөн гана көчүрүп жарыялап салышчу: орус бомбалары кантип Украинанын курал кампаларын ийгиликтүү талкалаганынан баштап, НАТОнун Украинага колдоосу кандайча согуштук жаңжалды ого бетер курчутканына чейин кремлдик турум айтылып келген. Кытайдын интернеттеги коомдук тармактары да Батышка каршы жалындуу чакырыктарга толуп чыккан.

Бул маанайдын расмий деңгээлде өзгөрүшү учурда Си Цзиньпиндин бийлигинин Европада “жаңы досторду табууга” багытталган “чоң дипломатиялык чабуулу” катары каралып жаткан умтулуусуна дал келет окшобойбу.

Бул телефон чалуу Кытайдын Франциядагы элчиси мурдагы советтик жумурияттардын эгемендүүлүгү тууралуу күмөн санаган жеке пикирин айтып, чоң чуу салгандан көп өтпөй орун алды.

Бул телефон чалуу – кетирилген дипломатиялык калпыстыктын зыянынын ордун толтуруу максатында болду бекен? Си Цзиньпин чындап эле "кырдаалды көзөмөлгө алууга" жөндөмдүүбү? Бүткүл дүйнө ушул тапта КЭРге зор кызыгуу менен байкоо салып жаткандыгы талашсыз.

Мунасабы же жеңишпи?

Би-Би-Синин Украинадагы кабарчысы Жеймс Уотерхаус бул телефондук сүйлөшүүнүн мааниси жөнүндө мындай дейт:

Бир ай мурда президент Зеленский Си Цзиньпин менен сүйлөшкүсү келээрин ачык туюнтуп айткан, ал түгүл Си Цзиньпин Москвада Владимир Путин менен жолуккандан кийин аны Киевге чакырган болчу. Бирок Кытай лидери мындай иш сапарларды алардын зарылдыгын алдын ала байкамайынча эч качан жүзөгө ашырчу эмес.

Расмий Бээжин Орусиянын Украинага басып киришин айыптоодон баш тартып койгон жана, тескерисинче, Орусия менен өз ара экономикалык алакасын ого бетер чыңдап кирген. Эми ал акырында Кытай менен байланышты чыңдоого үмүттөнүп жаткан расмий Киев менен өз ара кызматташууга даяр болуп калды сыяктанат.

Арийне, алардын ортосунда согушту кантип токтотуу керектиги боюнча өзгөчө олуттуу идеологиялык айырмачылыктар орун алууда. Расмий Бээжин саясий мунасага келүүнү каалайт, ал эми расмий Киев болсо согушта жеңишке жетишүүнү эңсейт. Ага карабастан, президент Зеленский бул телефон чалуу ишаарасы расмий Бээжинди Орусиянын баскынчылыгын колдоп келген турумун жокко чыгарууга багыттайт ко деп үмүттөнөт. (TT)