Канзаада Филиппти жерге берүү зыйнаты ишембиде өтөт

Ишембиде Виндзордогу парадда 730 аскер кызматкери жана төрт оркестр болот

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ишембиде Виндзордогу парадда 730 аскер кызматкери жана төрт оркестр болот
Published

Эдинбург герцогун жерге берүү зыйнаты 17-апрелде өтөт. Канзаада Филипп өткөн аптанын жума күнү 99 жашында дүйнө салды. 

Жерге берүү зыйнаты коронавируска байланышкан коопсуздук эржелерин сактоо менен өтөт жана британ телеканалдары аркылуу түз көрсөтүлөт . Ага көп сандагы британ аскерлери, Аба күчтөрү, королдук флот жана  аскер-деңиз күчтөрүнүн жөө аскерлери катышмакчы. 

Уюштуруучулар британ жарандарынан жерге берүү зыйнаты өткөрүлө турган жерге келбөөнү өтүнүштү. Королдук үй-бүлөгө көңүл айтуу үчүн атайын сайт ачылды. Көзү тирүүсүндө канзаада Филипп “көп ызы-чуусу жок эле жерге берүүнү” керез кылганы айтылууда.

Маркум герцог үчүн Куралдуу күчтөрдүн ичинен флотко кызмат кылуу өтө маанилүү эле. Ошондуктан жерге берүү зыйнатында деңиз аскерлери көп болот. Андан сырткары жогорку даражалуу аскер жетекчилери чакырылды.

Бул аптада жерге берүү зыйнатына кызуу даярдыктар жүрдү.

Гвардия аскерлеринин даярдыгы

Сүрөттүн булагы, PA Media

“Биз чыңалууну сезип жатабыз, бирок биз мыкты даярдыкта болуу ниетиндебиз”,-деди королдук деңиз жөө аскерлеринин өкүлү  Жейми Ричи. Жерге берүү зыйнатына даярдык иштери бир аптадан бери жүрүүдө.

Анализ

 Жонатан Бил, Би-Би-Си

Канзааданы жерге берүү зыйнатына анын эки үй-бүлөсү  - өзүнүн королдук бүлөсү жана чоң аскердик үй-бүлөсү катышмакчы.

 Ишембиде Виндзордогу парадда 730 аскер кызматкери жана төрт оркестр болот. Алар Суррей графтыгындагы Пирбрайт полигонунда бир апта даярданышты. Салтанатка канзааданын өмүр жолуна байланышы бар бардык аскер түзүмдөрү катышат.  Алардын айрымдарынын канзаада Филипп менен өзүнчө тарыхы бар.

Салтанатка катыша тургандардын көбү аны жанынан деле көргөн эмес. Бирок алар мекенге кызмат кылууну, тартипти жана бекем ишенимди карманып, ушул баалуулуктарды туу тутуп жашаган кишиге таазим кылышмакчы.

Суррей графтыгындагы Пирбрайт полигонунда бир апта даярданышты.

Сүрөттүн булагы, PA Media

Канзааданын сөөгүн алып өткөн жол боюнча королдук флоттун, деңиз жөө аскерлеринин, Аба күчтөрүнүн, Шотландиядагы королдук 4-батальондун аскерлери тизилет. Хансарайдын чыгыш тарабынан королдук атчандар артиллериясы пушкадан асманга ок чыгарат. Ошондой эле  сарайдын батыш ыптасындагы Күзөт мунарасынан коңгуроо кагылат.

Канзаада Филипп флотто кызмат өтөгөн

Сүрөттүн булагы, PA Media