"Ажылыкка дагы барармын, ал эми көпүрө салуу - чоң соопчулук"
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
76 жаштагы Кадамжай районунун тургуну Нурхан Кочкорова Кызыл-Булак жана Гайрат айылдарын бөлгөн Ак-Суу дарыясынын үстүнөн көпүрө салдырып, жергиликтүү элдин көйгөйүн чечип берди.
Нурхан апа көпүрө салууга кеткен акчасын башында ажылыкка деп чогулткан.

Сүрөттүн булагы, Social media
Н.Кочкорова: Ажылыкка барам деген акчам бар эле. Бирок ойлонсом, ажылыкка барсам бир эле өзүм үчүн барып калат экем, андан көрө элдин керегине жарасын дедим да, эки айылдын ортосуна көпүрө салдырттым.
Би-Би-Си: Көпүрөгө акчаны кантип чогулттуңуз?
Н.Кочкорова: Күйөөм бар эле, 43 жашында эле каза тапкан. Бирок үйүбүз жанында алмаларды тигип кеткен эле. Ошол алмалар байлап, түшүмүн сатып, пулун жыйдым. Өзүм жалаң пенсия менен жашадым, алмалардын акчасын тийбей чогулттум. Көпүрө салганга баш-аягы 600 миң сомдой кетти. Мен бул акчаны беш жыл чогулттум. Башында ажылыкка барам деп баштагам да, кийин көпүрө салууну чечкенден кийин үстүнө дагы акча чогултууга туура келди.
Көпүрөнүн акчасын акимиатка бербедим. Ош шаардык мэриясында иштеген бир баладан көпүрөгө керектелчү темир, курулуш материалдарын алдырттым. Акчасын бердим. Темир, цемент, арматура, сваркага деп 170 миң сом кетти.
Андан тышкары усталарга иш акы деп өзүнчө 210 миң сом бердим. Усталарды деле өзүмдүн айылыман жалдадым, өзүмдүн тааныш балдарым эле жасады. Коңшү-колоң, кайнагаларымдын балдары, жээк-жаттан чыгышты. Көпүрө салышты баштан-аяк өзүм контролдоп турдум.
2,5 метр тереңдикке арматура кагышты, сваркасы болду. Күндө барып карап келип жаттым, акырында мен ойлогондой болду.
Көпүрөнү бир айга жетпей бүтүрдүк. Узундугу 25 метрдей болду. Сонун иш кылдым деп, азыр өзүмдү-өзүм мактап отурам (күлүп).

Сүрөттүн булагы, Social media
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Көпүрөлүү болгон айылдаштарыңыз сизге абдан ыраазы болуп жатса керек?
Н.Кочкорова: Өтө кубанып атышат. Көбү ыйлап да атышат. Сүйүнүчтө жүрүшөт. Эки айылдын ортосунда Ак-Суу дарыясы акчу, бири-бирине катташыш үчүн суудан өтө албай, жолду айланып өтүшчү. Жол узак эле да. Өзүм 76 жаштамын, эки эле кызым бар, эркек балам жок. Бир кызымды ошол кошуна айылга күйөөгө бергем. Жөө жүрсөм кыйналып барат элем, анан машина менен барууга туура келчү. Ушул жакыныраак болсунчу деп көпүрө салып койдум. Эми эки айылдын эли да жакын болуп, сүйүнүп жатышат.
Би-Би-Си: Жаш кезиңизде ким болуп иштечү элеңиз? Кесибиңиз кандай эле?
Н.Кочкорова: Көп жылдар бою быткомбинатта закройщица болуп иштегем. 22 жыл ошол жерде иштеп, анан пенсияга чыккам. Күйөөм каза болуп калгандан кийин, артынан калган алмалары менен кыздарымды окуттум. Уулдарын үйлөдүм-жайладым.
Би-Би-Си: “Ажыга барбай эле көпүрө салайынчы” деген ой сизге качан келди?
Н.Кочкорова: Меккеге барсам деп эле тилек кылып жүрдүм. Анан ойлонсом, эркек балам жок, ажылыкка барсам кыздарымды кыйнап коембу дедим. Өзүм жалгыз ал жакка бара албасам, уул бала деген болбосо...Анан көпүрө салсам деле соопчулук да деген ой келди. Көпүрө салыштын сообу мусулманчылыкта көп экен. Акчам жетпей калбасын деп, беш жыл топтодум. Анан мына кечээ көпүрөнүн ачылышы болду. Райондук акимчиликтен келишти, ачылышына катышып, чай ичишип анан кетишти. Өкмөттөн келгендер өтө ыраазычылыгын айтышты, грамота беришти, гүл алдым. Жүда сүйүнүп жатам.
Би-Би-Си: Советтер союзунда да жашадыңыз. Дин жолуна качан түштүңүз эле?
Н.Кочкорова: Эс тарткандан бери эле динге жакынмын. Дайым соопкерчилик издейм, ошондой иштерди кылам. Сообу балдарыма тийсин дечүмүн. Кудайга шүгүр, тилектерим орундалды. Бир кызым түрк лицейинде окутуучу, бир кызым Кадамжайдагы комбинатта лабараторияда иштейт эле, анысы жабылып калып, Москвада иштеди. Небере-чөбөрөлөрүм баары окуп, билимдүү болушту. Кыздарым, күйөө балдарым андан жакшы.
Би-Би-Си: Азыр ким менен турасыз?
Н.Кочкорова: Өзүм эле турам. Жалгыз эле. Тиричилик, чай куйгандан эч кыйналбайм. Өкмөттөн бир кызды беришкен, ошол келип кабар алып турат. Күн алыс келип, карап, ишимди жасап берип кетет.
Азыр деле күүлүү-күчтүүмүн, демдүүмүн. Кудай буйруса, алмалар бышып, дагы байлай берсе дагы акча чогултам, ажылыкка деле барып калаттырмын.

Сүрөттүн булагы, Social media
Нурхан Кочкорова жашаган айыл өкмөтүнүн башчысы Раим Табалдиев Би-Би-Сиге 76 жаштагы апа көпүрө салам деп өзү демилге көтөрүп, аны аягына чыгарганын тастыктады.
“Эки айыл бири-бирине оңой каттап калды. Болбосо жол боюндагы сууну айланып өтүүгө туура келип, кийинки көпүрөгө чейин эки километрдей жөө басышчу. Кызыл-Булак айылында Кадамжайга кеткен трасса бар эле. Эми Гайрат айылынын ургунларына борборго каттачу да жол кыскарды”, - дейт Табалдиев.
“Нурхан эже көпүрө салуу оюн былтыр эле билдирген, дарыяда суу азайганда баштайлы дегенбиз. Быйыл суу тартылып, көпүрө курулушуна жакшы шарт түзүлдү”.
Быйыл ажылык сапардын баасы 4500 доллар болушу мүмкүн. Бул былтыркыга салыштырмалуу 1000 долларга кымбат.
2022-жылы Кыргызстандын жарандарына ажылыкка барууга 2766 квота бөлүнгөн. Зыяратчылар акчасын 25-30-апрелге чейин тапшырышы керек эле. Ал арада Кадамжайдагы Нурхан Кочкорованын мындай соопчулук иши көптөргө үлгү болуп жаткандай.

































