Эрдоган: Орхан Инанды Түркияга алынып келди

Орхан Инанды

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орхан Инанды
Published

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-июлда өз элине кайрылып жатып, Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемелеринин башчысы, кыргыз жараны Орхан Инанды Түркияга алынып келингенин билдирди.

"Атайын кызматтын өкүлдөрү Борбор Азиянын ФЕТО боюнча жооптусу Орхан Инандыны өлкөбүзгө алып келип, сот тармагына өткөрүп берди. Башка террордук уюмдар менен күрөшкөндөй эле ФЕТО менен да күрөштү улантабыз", - деди Эрдоган.

Быйыл 31-майга караган түнү Бишкекте иштеп, жашап келген теги түркиялык, кыргыз жараны Орхан Инанды өзү жашаган үйдүн короосунан уурдалып кеткен.

Президент Садыр Жапаров аны издөө иштерин күчөтүү талабын койгон, бирок бүгүнкү күнгө чейин УКМК, ИИМден аны издөө иштеринде илинчек табылганы тууралуу кабарланган эмес.

Буга чейин "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды кыргыз бийлигине кайрылуу менен чыккан эле. Ал жолдошу "Түркиянын Бишкектеги элчилигинде кармалып турат" деген кабары бар экенин айткан.

“ Менин жолдошум мага келген маалымат боюнча жолдошум түрк элчилигинин имаратында кармалып жатат экен. Аны кыйнап кыргыз жарандыгынан баш тарттырып, Кыргызстандан алып чыгып кетишет экен”.

Түрк элчилиги мындай билдирүүлөргө жооп кайтарган эмес.

Фейсбуктагы унаа

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орхан Инандынын автоуунасындагы видеорегистратордогу сүрөт

Өткөн айда кыргыз президенти Садыр Жапаров Түркияга расмий иш-сапар менен барып, Орхан Инандынын маселеси да көтөрүлгөн.

Садыр Жапаров анда Эрдогандан Орхан Инанды тууралуу тууралуу сурап, бирок Эрдоган ал тууралуу эч кандай маалыматы жок экендигин айткан.

Кыргыз президентинин Түркияга сапары алдында жана андан кийин дагы Бишкекте  "Сапат" окуу жайынын бүтүрүүчүлөрү өкмөт үйүнүн алдына үнсүз акцияга чыгып жатышты.

Бишкек, үнсүз акция. 07.06.2021
Орхан Инанды бир аптадан бери дайынсыз болууда

Орхан Инанды жана анын үй-бүлөсүнүн адвокаты Таалайгүл Токтакунова кыргыз бийлигине бир нече жолу кайрылып, дайынсыз кеткен кыргыз жаранын таап берүүнү суранып келишкен.

Буга чейин Орхан Инанды маселеси Жогорку Кеңеште да бир нече жолу көтөрүлгөн.

Орхан Инанды жетектеген Кыргызстандагы “Сапат”лицейлерин жабуу боюнча расмий Анкара буга чейин Кыргызстанга сунуштар берген.

Себеби, турк бийлиги бул мектептерди Түркияда тыюу салынган Фетхулла Гүлен менен байланышта деп эсептейт.  Бирок буга чейинки кыргыз бийлиги андай сунуштарга ынабай келген. Бул да болсо соңку жылдары эки өлкө мамилесин солгундаткан себептердин бири катары аталып келет.