Жапониянын мурдагы ханбийкеси Мако титулунан баш тарткандан кийин Нью-Йоркко келди

мурдагы ханбийке Мако

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жапонияда мурдагы ханбийке Мако Нью-Йоркко учуп барганын теледен көрсөтүшкөн
Published

Мурдагы жапон ханбийкеси Мако императордук үй-бүлөдөн кеткенден кийин карапайым күйөөсү Кей Комуро менен АКШга келди.

Колледжде табышкан сүйүшкөндөр өткөн айда үйлөнүп, жекшемби күнү эртең менен Токио аэропортунан жөнөп кетишкен.  

Нью-Йоркто Комуро юридикалык фирмада иштейт. Алар ал жакта ижарага батир алып жашашат.

Жапониянын мыйзамдарына ылайык, императордук үй-бүлөнүн аял мүчөлөрү карапайым кишиге турмушка чыкканда статусун жоготот.

Жубайлар учуу терминалынан өтүп баратканда полиция жана аэропорттун коопсуздук кызматкерлери тарабынан кылдаттык менен кайтарылган. Алардын кеткенине күбө болгон 100гө жакын журналисттин жанынан өтүп, бирок суроолорго жооп беришкен жок.

Алардын Нью-Йоркко көчүп кетери туурасында көптөн бери айтылып келген жана алар үйлөнгөндө күйөөсүнүн фамилиясын алган Мако Нью-Йоркто жумуш таап иштейт.

Мако менен Камуронун АКШга көчүп баруусу Британиянын королдук үй-бүлөсү Меган Маркл жана ханзаада Гарри менен салыштырылып, жаңы үйлөнгөн жубайлар "Жапониялык Гарри менен Меган" деген лакап атка ээ конушкан.

Мурдагы ханбийке Мако император Нарухитонун инисинин кызы. Ал турмушка чыкканда падышалык үйлөнүү үлпөт-тоюнан жана ага берилчү акчадан баш тарткан императордук үй-бүлөнүн биринчи аял  мүчөсү. (MD)

Өзбек президенти Шавкат Мирзеёв Москвага барат

Мирзеев жана Путин

Сүрөттүн булагы, РИА

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шавкат Мирзеёвдин Москвага сапарынын так датасы такталган жок

Өзбек президенти Шавкат Мирзеёв бул аптада мамлекеттик сапар менен Россияга барып, Владимир Путин менен жолугат. Бул тууралуу "Россия 1" телеканалы билдирди.

Эки тараптуу жолугушууда 30га жакын документке кол коюулары күтүлүүдө.

Айрым, орус басылмалары бул расмий иш-сапар алкагында Өзбекстандын Жизак облусунда Борбор Азиядагы биринчи АЭС куруу боюнча сүйлөшүүлөр өтөрүн жазып чыгышты.

Буга чейин 2018-жылы  “Росатом”  Өзбекстанда “үч плюс” муунундагы ВВЭР-1200 реакторлуу эки энергоблоктон турган комплекс куруп берери боюнча макулдашылган.  

Өзбекстанда өткөн президенттик шайлоолодогу жеңишинен кийинки эле бул Шавкат Мирзеёвдин биринчи чет элдик  расмий сапары болуп жатат.

Буга чейин өзбек президенти 11-12-ноябрда Стамбулда өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезектеги жыйынына да катышкан.

Соңку президенттик шайлоодо Шавкат Мирзеёвге добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 80,1% колдогон. (EK)