“Мирзиёевдин экинчи ирет шайланышынан эч ким күмөн санаган эмес”
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Google
Өзбекстанда 24-октябрда президенттик шайлоо болуп өттү. Добуш берүүгө жеринен барып катышып келген кыргызстандык саясат талдоочу Кубан Абдымен эгемен Өзбекстандын тарыхында алтынчы ирет өтүп жаткан шайлоо туурасында Би-Би-Сиге айтып берди.
Би-Би-Си: Өзбекстанда жекшембиде өткөн президенттик шайлоо кандай мүнөздө өттү? Чыныгы атаандаштык болдубу?
Кубан Абдымен: Шавкат Мирзиёев менен кошо президенттик тактыны талашканга Өзбекстанда беш партия менен беш талапкер чыкты. Бирок башка талапкерлердин Мирзиёев менен тең тайлашканга салмагы, тажрыйбасы, элдин колдоосу да жетишпеди.
Бирок ошондой болгон күндө да бардык кандидаттарга бирдей шарттар түзүлүп, бирдей мүмкүнчүлүктөр берилди. Мен барган шайлоо участкаларында бардык талапкерлерге тең мамиле байкалды. Ташкенттин өзүндө белгилүү делген беш шайлоо участкасында болдум.
Кызык, баса белгилей турган жери – шайлоодо бул жерде активдүүлүк абдан жогору экен. Андан да чоң таасир калтырганы добуш берүүгө келген жаштардын көптүгү көзгө урунду. Мирзиёевди колдогон эл дагы добуш берүүгө активдүү келип берип жатты.
Мисалы, Улуттук университетте уюштурулган шайлоо участкасына бардык. Ал жерде 2,5 миң шайлоочу бар экен. Биз ал жерге шайлоо участкасы жабыларга үч-төрт саат калганда бардык. Ошондо эле 2,5 миң шайлоочунун 2,4 миңи добушун берип коюптур. Бул деген 90% да.
Эми бул шайлоодо, албетте, Мирзиёевдин шансы абдан чоң. Себеби, мен жолуккан, маектешкен адамдардын баары эле аны колдоорун айтып жатышты.
Албетте, башка талапкерлердин да колдоочулары болду. Бирок Мирзиёевге болгондой колдоону байкаган жокмун.
Андыктан ал 80% кем эмес добуш менен жеңип чыгат деген ойдомун. Мирзиёевдин экинчи ирет шайланышынан эч ким күмөн санабайт.

Сүрөттүн булагы, Kuban Abdymen
Би-Би-Си: Мирзиёевдин президенттикке кайрадан шайланышы Кыргызстан үчүн кандай мааниге ээ?
Кубан Абдымен: Мирзиёев учурда Борбор Азия жетекчилери арасында урмат-сыйга, таасирге да ээ болгон лидер. Анын Афганистан маселесинде болобу, Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанга да таасири бир топ болору шек туудурбайт.
Ал аймактагы элдер арасында алаканы түздөп, алдыга жыла тургандай шартты түзгөнгө багытталган саясат жүргүзүүдө.
Кыргыз-өзбек алакасы Мирзиёев баштагандай уланса, экономикалык жактан бир аз өйдө турган Өзбекстандын таасири Кыргызстанга чоң боло турганын Ташкентте, Бишкекте да саясатчылар жакшы түшүнүп атат.
Андыктан Мирзиёевдин шайланып келиши бир гана Өзбекстан үчүн эмес, кыргыз элине да пайдалуу болот деген ойдомун.

Сүрөттүн булагы, Kuban Abdymen
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Мирзиёев бийликке келгени Өзбекстанда бир катар реформалар жүрдү. Экономикасы либералдашты. Бул өлкөнүн өзүндө болуп кайттыңыз. Өзбекстандын өнүгүү темпине кандай баа берет элеңиз?
Кубан Абдымен: Өзбекстандын азыркы бийлиги өлкөнүн өнүгүүсүнө жаштардын салымы маанилүү экенин тынымсыз айтып турат экен. Дүйнөдөгү жаңы шарттын талаптары кандай экенин элге бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, таратып жатыптыр.
Мындан улам элдин азыркы саясий өнүгүүгө, мамлекетке болгон мамилеси абдан өзгөргөнү байкалат. Экономикалык жактанбы, либералдаштыруу саясатыбы же саясий партиялардын өнүгүшүн алабызбы, бардык жакта өзгөрүүлөр ылдам баратыптыр.
Шайлоого дүйнө өлкөлөрүнөн, белгилүү эл аралык уюмдардан келген байкоочулар мындай ойду айтып жатканын Өзбекстандын ММКлары берип атты.
ШКУ, Россия, Испания, Түштүк Кореядан келген байкоочулар Өзбекстанда катуу кетип аткан өзгөрүүлөргө таң экенин айтышты. Албетте, бул өзгөрүүлөрдүн артында Мирзиёев туурат.
Ал өзү “эгер Өзбекстан коомдук өнүгүүдө бир аз эле басаңдай турган болсок, турмуш өзү бизди ашып өтөт, артта калабыз. Жаштардын кызыгуусунан ашып өтө тургандай темп менен өнүгүүнү ишке ашырсак, анда Өзбекстандын келечеги бар. Жаштарды алдыга жылдыралы, потенциалын колдонуп, аларга шарт түзөлү" деген саясатты жүргүзүп, ошонун арты менен тез өнүгүү процессинде экен.
Бул коомдун өнүгүүсүндө аң-сезимдин өнүүгүсүн шарттайт экен. Эл арасында Мирзиёевди колдогондор көп болгондуктан анын жүргүзгөн саясатын колдоосу күч экен.
Би-Би-Си маалымкат: Эл аралык айрым укук коргоо уюмдары Өзбекстандагы саясий режим мурункудай эле авторитардык мүнөздө калып жатканын айтып келишет. Human Rights Watch уюму президенттик шайлоону утурлай соңку жылдары бул өлкөдө чындап оппозициялык бир дагы партия саясий процесстерге коё берилбегенин белгилеген.
































