Жапон ханбийкеси Мако карапайым жаранга турмушка чыкты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жапон императору Нарухитонун бир тууганы жана тактын мураскору канзаада Акисинонун кызы ханбийке Мако менен анын курсташы Кэй Комуро шейшембиде расмий түрдө никеге турушту. Никени каттоо каадасы баш калаадагы Сибуя районунда болду. Бирок, Эн-Эйч-Кей телеканалы билдиргендей, жаштар өздөрү нике кыюу каадасына катышкан жок, тийиштүү документтерди ал жакка императордук сарайдын башкармалыгынын өкүлү алып барып берди.
Күндүн экинчи жарымында жаштар ЖМК өкүлдөрү менен жолугат деп күтүлүүдө, бирок адаттагыдай басма сөз жыйынынын ордуна алар журналисттер алдында кайрылуу гана жасашат.
Ошондой эле ЖМК өкүлдөрү алдын ала тандалган беш суроого жооп алышат. Басма сөз жыйыны убагында жаңы үйлөнгөн жаштарга суроо бергенге болбойт.
Мындай тартип киргизилгенинин себеби, жаңы үйлөнгөн жаштарды ыңгайсыз суроолор менен стресс кылбаш керек болгондугунда. Анткени, Комуронун үй-бүлөсүндө чечилбеген финансылык маселелер көбөйүп кетти, ошондой эле бул никеге жапон коомчулугунда ар кандай мамиле болуп жатат.
Мако расмий никеге турар алдында өзүнүн ата-энеси – Акисино менен ханбийке Кикого, ошондой эле чоң ата менен чоң энеси, мурунку император Акихито менен мурунку канышага барып, алардын батасын алып, экинчи жагынан коштошуп да чыкты.
Эми Мако императордук үй-бүлөдөн кетип, Жапониянын кадыресе жараны болуп калмакчы. Ал ошондой эле өзүнө тийиштүү болгон 150 миллион иен (1,3 млн доллар) мамлекеттик жөлөкпулдан дагы баш тартты.
Ханбийке менен анын курсташы Комуронун үйлөнүү үлпөтү адегенде 2018-жылдын ноябрь айына белгиленип, бирок токтоп калган. Буга ар кандай себептер айтылып жатты, бирок чыныгы себеби катары күйөө баланын апасынан анын мурунку досу 4 млн иен (35 миң АКШ доллары) доолап жатканы кабарланган.
Бул финансылык чатак дагы эле чечиле элек, ошол себептүү ал жаңы үйлөнүп жаткан жаштарды кыжаалат кылып, эмоционалдык абалына терс таасирин тийгизүүдө.
Жаңы үйлөнгөн жаштар айрым убакыт Токиодогу жалданма үйдө жашамакчы. Андан кийин алар Комуро иштеп жаткан Нью-Йорк шаарына көчүп кетишет.
Мако дагы ал жактан өзүнө ыңгайлуу иш издемекчи. Жапониялык ЖМКлар ал үчүн Американын табигый тарых музейинде иштөө абдан ылайыктуу болмок деп жатышат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Маконун турмушка чыккан жигити өзү менен жашташ, юридикалык фирмалардын биринде кызматкер. Алар Токиодогу Эл аралык христиан университетинде окуп жүрүп таанышкан.
Маконун турмушка чыга турганы жана титулунан ажырап калары боюнча кабарлар жапон коомчулугунда кызуу талкууга алынды.
Макодон сырткары императордун бүлөөсүндө турмушка чыга элек дагы алты ханбийке бар. Император бүлөсүндөгү жаш муундагылардын ичинен бир гана эркек бала бар. Ал - принц Хисахито, Маконун бир тууган иниси.
Жапон коомчулугунда эгерде ханбийкелер жөнөкөй бүлөөгө турмушка чыгып, титулун таштап кете берсе, император бүлөсү өзүнүн коомдук милдеттерин аткара албай калат деген чочулоо айтылып жатат.

Сүрөттүн булагы, EPA
Жапон өкмөтүнүн эксперттик тобу император бүлөсүн чоң боюнча сактап кала турган чараларды көрүү зарылдыгы тууралуу билдирген. Тагыраагы, ханбийкелер турмушка чыгып кеткенден кийин, аларга император бүлөсүнүн өзүнчө бутагын түзүүгө уруксат берүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканы айтылган эле.
Жапон император сарайынын мыйзамдары боюнча эгерде император бүлөөсүндөгү кыздар ак сөөк эмес, теги жөнөкөй тукумдагы кишиге турмушка чыгып жатса, ал титулунан ажыратылып, мамлекет тарабынан бир жолу төлөнчү жөлөкпул берилет. Анын суммасын премьер-министрдин катышуусу менен мамлекеттик кеңеш аныктайт.
2005-жылы император Акихито менен ханыша Митиконун жалгыз кызы Саяко Курода жөнөкөй дизайнерге турмушка чыкканда, ага 150 млн иен (1,3 млн доллар) жөлөкпул беришкен.
2014-жылы императордун аталаш тууганы мурдагы ханбийке Норико Сенге дагы жөнөкөй бүлөнун уулуна турмушка чыкканда, ага 100 млн иен (870 миң доллар) жөлөкпул беришкен. (КС)
































