Октябрь окуялары боюнча сот: саясий оппоненттерге сыйыртмакпы?

Published

Элеонора Сагындык кызы, БиБиСинин Бишкектеги кабарчысы

Сот залынан сүрөт

Сүрөттүн булагы, 24.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сот залынан сүрөт

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Октябрь окуялары боюнча сот уланууда. 18-октябрда өткөн баштапкы угууда сот бул иште айыпталуучу катары өтүп жаткан бардык саясатчылардын баш коргоо чарасын узартты.

Буга чейин Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев жана экс-президентке тийиштүү делген “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков өлкөдөн чыгып кетпейм деген тил кат жазып беришкен. Ал күчүндө калды.

Ал эми Атамбаев өзү, президенттик аппараттын мурунку башчысы Фарид Ниязов, ИИМдин мурунку орун басар министри Курсан Асанов жана “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов камакта калышты.

Соттун жүрүшүндө Жеңиш Молдокматов Октябрь окуялары боюнча жети айдан бери абакта жатканын, бирок ага карата бир да күнөө кое албай жатышканын айтты.

“ Жети айдан бери түрмөдө жөн гана отурам. Бийликти басып алуу деген күнөөнү коюп жатышат. Анда бүгүнкү күндөгу бийлик өзү мыйзамсыз да”, - деди Молдокматов.

Молдокматов быйыл 8-майда кармалган

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Молдокматов быйыл 8-майда кармалган

Бул иште айыпталуучу катары өтүп жаткан дагы бир саясатчы , экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун иши өзүнчө каралууда.

Ошону менен Октябрь окуялары боюнча жети саясатчынин иши тергелип, алардын көбү мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары болууда.

“Былтыркы  бийлик үчүн күрөштө Садыр Жапаровго жардам бергени үчүн Жээнбековго ыраазылык билдирип жатышкандай. Анткени “Ала-Тоо” аянтындагы 9-октябрдагы тынчтык митингин так ушул Жээнбеков кууп тараткан. Жапаровдун премьер-министрликке келишин да ошол камсыздап берген. Алар экөө тең корккон бир душман табышты. Ошондуктан Алмазбек Атамбаевди, Фарид Ниязовду, Канат Сагымбаевди жана Өмүрбек Бабановду соттоону чечишти”, -  делет Фарид Ниязовдун бул тууралуу билдирүүсүндө.  

Фарид Ниязов

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фарид Ниязов
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Былтыркы октябрь окуяларынын негизинде ачылган кылмыш иши 99 томдон турат. Ал окуяларда 1020 милиция жабыркап, кылмыш ишке тиркелген материалдын көбү эле ошол соттук-медициналык экспертизанын актыларынан турат. Бирок ошол эле убакта жарадар болгон катардагы жарандар тууралуу маалымат жок экендиги айтылууда. Ал окуяларда каза тапкан Алтынбек уулу Үмүтбекке ким ок ачканы да тактала элек.

Буга чейин Октябрь окуялары боюнча былтыр Ала-Тоо аянтына чыккан ондогон саясатчы, анын ичинде Жогорку Кеңеш депутаттары, жарандык активисттер жана журналисттер суракка кирип чыгышкан. Бирок иши сотко өткөн онго жетпеген саясатчы калды.

“Бул соттун абсурддук жагдайлары болуп жатат. Тынчтык митингине келишкен ошол эле Бабанов, Молдокматовду кууп таркатып, аркасынан ок атышкан башкалар да. Аягында ошол тынчтык митингине келип кубалангандар соттолуп, куугунтукталып жатат. Саясий оппоненттерге сыйыртмак салынган жагдай болуп атат. Саясий куугунтук болуп жатат. Ушул нерсе ачык айтылышы керек”, - деди Би-Би-Сиге саясат талдоочу Айданбек Акмат уулу.

Октябрь окуялары

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Октябрь окуялары

Садыр Жапаров Атамбаевдин тушунда саясий туткун болуп келгенин айтып келет.  Мындан улам коомдук сайттарда мурунку президенттен өч ачуу болуп атабы деген да талкуулар жүрүп жатат. Бирок Садыр Жапаров мындай мазмундагы сөздөргө былтыр эле деп жооп берген эле:

“Алмазбек Атамбаев боюнча дагы кайталап айтып коеюн. Жеке мен чече турган маселе болсо, үй камагына чыгарып коюп, анан сотко катыша бер демекпиз. Анткени ал жаманбы-жакшыбы, баары бир алты жыл өлкөнү башкарган адам. Камакта жатпай, соттолсо анан сотко барса туура болот эле деп ойлойм. Ал эми өткөндөгү окуялар боюнча камакка алынганы туура эмес”.

Деген менен жакында Батукаев иши боюнча Атамбаевди 11 жылга кескен сот өкүмү кайрадан күчүнө кирди. Жогорку Сот өткөн аптада эле бул тууралуу Баш прокуратуранын өтүнүчүн канаттандырды.

Ошентип өлкөдө саясий күрөш күчөп, ал Кыргызстан пандемиянын экинчи жылын баштан өткөрүп жаткан чакта, экономика алсырап, ал эми өлкө кезектеги парламенттик шайлоону өткөрөм деген маалда өтүп жатат.

Айрым дасыккан саясатчылар Октябрь окуялары боюнча эч кимге айып койбой, ишти жабууну сунуштап келишет. Былтыркы окуяларда Ала-Тоо аянтында болбогон Өмүрбек Текебаев:

“Мен азыркы бийлик Садыр, Камчыбекке  жана башкаларга кайрылат элем. 6-15-октябрга чейинки убакта мен мыйзамдуу болгом деп эч ким айта албайт. Ошол күндөрдөн биз жакшы чыктык. Оор жоготуулар болгон жок.  Ошого ыраазы болушубуз керек. Алдыда эң татаал сыноо, кыйынчылыктар турат. Экинчи жылы ковид пандемиясы уланып атат. Экономикабыз болуп көрбөгөндөй түштү”.

Ушу тапта жоон топ саясатчылар өтүп жаткан дагы бир ири "Кумтөр" ишинин тергөөсү уланууда. Серепчилер бул кылмыш ишин да саясатташкан деп жатышат, бирок УКМК аны коррупцияга каршы айыгышкыс күрөш экенин айтууда.