Октябрь окуялары: журналист Али Токтакунов суракка чакырылды

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов

Сүрөттүн булагы, Screenshot

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов Ички иштер министрлигине суракка чакырылды. Журналист октябрь окуялары боюнча күбө катары чакырылган.

"ИИМден мага чакыруу алып келген адамдын колунда дагы бир топ чакыруу кагаздары жүрүптүр. Демек, суракка алына тургандар дагы бир топ. Алардын арасында мен күбө катары чакырылдым. Барып октябрь окуяларында эмне болду өзүм билген маалыматтар менен бөлүшөм деп турам. Негизи ошол күндөргө юридикалык баа берилиши керек. Себеби, Үмүтбек аттуу бирөөнүн чырактай баласы көз жумду. Андан тышкары ондогон адамдар жарадар болушту. Аларга ок аткандар сөзсүз түрдө жазасын алышы керек. Андан сырткары түрмөдөн мыйзамсыз бошотулгандары бар. Аларга да баа берилиши керек", -деди журналист Би-Би-Сиге.

Али Токтакунов 2020-жылы 7-октябрда Чехиядан Кыргызстанга учуп келген. 9-октябрда криминалга каршы митингге чыгып, саясий күчтөрдү диалогго келип, өлкөнү мыйзамдуу башкарууну калыбына келтирүүгө чакырган.

Буга чейин октябрь окуялары боюнча суракка чакырылып, оппозициячыл саясатчы Жеңиш Молдокматов камакка алынган. Ал УКМК имаратын басып алууга аракет кылган деп айыпталууда. "Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов суракка күбө катары гана чакырылганын, тергөө адилетсиз жүрүп жатканын айткан эле:

"Айтарым, жалпы октябрь окуялары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана ошого катышкан бардык тараптар суралышы керек. Бул иштин тергөөсүнө да катышышы керек. Мына ошондо адилеттүү тергөө болот. Бул иштин эң негизги күнөөкөрлөрү суракка чакырылбай жатат. Аларга карата иш козголгон жок. Опумбаев, Жунушалиев жана башкаларды айтам".

Октябрь окуялары боюнча буга чейин ондогон саясатчылар ИИМге суракка чакырылышты. Алар: Жогорку Кеңеш депутаттары Дастан Бекешов, Рыскелди Момбеков, экс-депутат Элвира Сурабалдиева, "Реформа" саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулова, журналист Кундуз Жолдубаева жана башкалар.

Былтыр 4-октябрда өткөн Кыргызстандагы парламенттик шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен коштолгондуктан көптөгөн саясий партиялар жыйынтыгын тааныбай нааразылык акциясына чыгышкан. Бул митингге катышкандардын саны көбөйүп, 6-октябрь күнү тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, Ак үй басылып алынган. Натыйжада өлкөдө бийлик алмашкан.

Демонстранттар Ак үй тосмосун бузушту, 6-октябрь, 2020

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Демонстранттар Ак үй тосмосун бузушту, 6-октябрь, 2020

Ал күндөрү түрмөдө жаткан бир топ саясатчылар: мурунку өлкө башчы Алмазбек Атамбаев, экс-өкмөт башчы Сапар Исаков, мурунку мэр Албек Ибраимов, азыркы президент Садыр Жапаров жана башкалар эркиндикке чыккан.

"Ошол күндөрү "Ала-Тоо" аянтында, Атамбаевдин "Форум" имаратында, өкмөт үйүнүн алдындагы эски аянтта бир топ саясий күчтөр турушту. Алардын укуктук сакчысы — баарыныкы бирдей. Бири мыйзамдуураак, экинчиси мыйзамсыз деп айтканга болбойт. Алардын баарынын ниети бир, өзүнүн түшүнүгүнө жараша өлкөнү конституциялык нукка алып келип, жаңы бийлик органдарын түзүү болгон. Ошентип, былтыр 6-октябрдан 15-октябрга чейин Кыргызстанда мыйзамдуу бийлик болгон жок. 14-октябрда тарап кеткен парламент кайра чогулуп, Садыр Жапаровду премьер-министр кылып дайындады. Ошол күндөн баштап Кыргызстан мыйзамдык нукка кайра келди. Садыр Жапаровдун да өкмөт башчы болуп дайындалышы да кынтыксыз, мыйзамдык процедураларды сактап өттү деп айтууга болбойт. Анткени конституциялык укуктан чыккандан кийин кайра келүү үчүн сөзсүз анча-мынча жерлерди аттап өтүү керек болчу", - деген эле буга чейин "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

Ал Жеңиш Модокматовдун кармалып-камалышын саясий куугунтуктуктун бир көрүнүшү деп билерин айткан.

Октябрь окуяларында бир адам каза таап, 170 чакты адам жараат алып, арасында ондон ашыгы көзүнөн ажыраган.