Өзбекстанда президенттик шайлоо өттү деп таанылды

Өзбекстанда президенттик шайлоо
Published

Өзбекстанда алтынчы жолу президенттик шайлоо болуп өттү. Эгемендүүлүк алгандан бери өлкө тарыхында бир жолу президент алмашкан. 2016-жылы мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн шайлоодо азыркы президент Шавкат Мирзиёев жеңишке жеткен болчу.

Кечээ, 24-октябрь күнү, кечке чейин шайлоочулардын көпчүлүгү өз добушун беришкен.

Шайлоо участкаларынын жабыларына аз калганда жүргүзүлгөн эсептерге ылайык, добуш бергендердин саны 70% ашкан.

Онго жакын чет мамлекеттерде дагы шайлоо участкалары ачылган.

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчисинен кийин эле өлкөнүн башкы прокурору дагы мыйзам бузуу боюнча маалымат түшпөгөнүн билдиришти.

Бирок борбор шаар Ташкентте “үй-бүлөсү” менен добуш берген учурлар катталганы кабарланган.

Иликтөөдө табылган материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Өлкө мыйзамдарына ылайык, Өзбекстанда расмий каттоодон өткөн беш саясий партия президенттикке өз талапкерлерин көрсөтүшкөн.

Шавкат Мирзиёев - президенттик шайлоого экинчи жолу катышып жаткан талапкер. Ал Өзбекстандын либерал-демократиялык партиясынан көрсөтүлгөн.

Баш мыйзам боюнча, бир жаран эки жолу гана президенттик мөөнөткө шайлана алат.

Мирзиёевден тышкары “Улуттук жаралуу” (Миллий тикланиш) демократиялык партиясынан Алишер Кодиров, Элдик-демократиялык партиядан Максуда Ворисова, “Адилет” (Адолат) социал-демократиялык партиясынан Бахром Абдухалимов жана Экологиялык партиядан Нарзулло Обломуродов президенттик үчүн ат салышкан. (EA)

85 киши ууланды деген тамактануучу жай убактылуу ишин токтотту

Аталган жайдагы 35 түрлүү тамак текширилип жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аталган жайдагы 35 түрлүү тамак текшерилип жатат
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бишкекте тамак-ашка ууланган 85 кишинин үчөө оруканада, калганы медициналык кароодон өткөрүлүп, үйүнө жиберилген.

Коомдук тамактануучу жайлардын биринде суши-ролл жегенбиз деген 85 киши кыйналганын айтып ооруканага кайрылган. 12 киши ишемби күнү, калганы жекшембиде медициналык жардам сурап кайрылышкан. Санэпидем кызматы “Империя пиццы” деп аталган жайды текшерүүгө барып, 35 түрдүү тамактын үлгүсүн алышканын айтты. Мекеме кайрылгандар азырынча кайсы тамактан ууланышканын тактап, изилдеп жатканын Би-Би-Сиге билдирди.

Аталган тамактануучу жай убактылуу ишин токтотту. Алар байланыш номерди жазып калганын  жетекчилик бул боюнча түшүндүрмө берүүнү кааласа өзүлөрү байланышаарын айтышты.   

“Не сахар” долбоору Кыргызстандагы, анын ичинде борбор калаадагы коомдук тамактануучу жайлар, ашкана, цехтердин бир тобу тазалык боюнча талаптарды сактабай турганын ашкерелеп келе жатат. Ал туоргай өтө одоно эреже бузууларды, тамак-аштын кээ бир турлөрү жийиркеничтүу шартта даярдалаарын көрсөтүп келет.

Коронавирусту 66 адам жуктуруп, экөө каза болду

66 жаңы учур катталып, 2 адам көз жумду

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 66 жаңы учур катталып, 2 адам көз жумду

Өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19дун 66 жаңы учуру катталды. Анын ичинен 41и Бишкек шаарында. Ал эми 36 адам бул оорудан айыкты.

Тилекке каршы, 2 бейтап көз жумду, республикалык штабдын маалыматына караганда, экөө тең эмдөөдөн өткөн эмес.

Ушуну менен өлкө боюнча жуктургандардын саны 180 629, айыгып чыккандардын саны 175 097 жана каза болгондордун саны 2655ке жетти.

Учурда стационарда 712 жана амбулатордук түрдө 655 адам дарыланып жатат.

Кечээ 1429 адам вакцина алып, 25-октябрга карата Кыргызстанда эмделгендердин саны 1-доза менен 944 603 адам, 2-доза менен 716 669 адам болду. (MD)