Эсенбай Нурушев: "Биздин коом Орусияны туурап атат"

- Author, Акчолпон Койчиева
- Role, Би-Би-Си, Бишкек
- Published
Кыргызстанда туура эмес маалымат берген деп Kloop сайтына бөгөт коюу эскертилди. Буга чейин ушул сыяктуу доомат менен "Азаттык Медианын" сайтына бөгөт коюлуп, бийликтин анын ишин токтотуу жөнүндө сотко кайрылганы кызуу талкууланууда. Би-Би-Си коомдук ишмер Эсенбай Нурушевди кепке тартып, Кыргызстанда Батышка каршы маанай күчөдү деген айрым билдирүүлөр болуп жаткан шартта эркин маалымат каражаттарына мындай мамиленин геосаясий контексттеги себептерин сурады.
*Сөз Kloop’тун бул макаласы жөнүндө болуп жатат. Kloop Маданият министрлигинин талабын аткаруудан баш тартты.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Э.Нурушев: Албетте, муну ушул контексттен караса болот. Коммерциялык эмес уюмдар, активисттер, укук коргоочулар болгон. Алардын баары ачыктан ачык эле каржыланган, ал кезде мааниси жок болчу. 2014-жылдан кийин бул акырын-акырын күчөп отуруп, биздин коом азыр Орусияда эмне болуп жатса, ошону туурап атат. Себеби биз экономикалык же тарыхый жактан деле эмес, башка жактан, баарынан мурда маданий жактан дале Орусия менен киндиктешпиз деп айтсак болот. Сөзсүз таасир этет.
Би-Би-Си: Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу жаңы мыйзам каралып, талкууланып жаткан учурда аны кыргыз реалдуулугун эске албастан "орусиялык мыйзамдын көчүрмөсү" деп сындап чыккандар бар. Бул дале босо сырттан башкаруу, баягы эле "постколониалдык синдромдун" көрүнүшү дегенге негиз барбы?
Эсенбай Нурушев: Колониализмден чыгыш үчүн, арылыш үчүн көп нерсени унутуш керек. А биздин азыр жашап жаткан муун унута элек да. Кайра ушуну көксөп аткандар бар, "ошол кез жакшы эле" дегендер бар. Андыктан сөзсүз негизи бар.

Сүрөттүн булагы, Kloop
Би-Би-Си: Жакынкы тарыхыбызды карасак, сөз эркиндигине кысым жасалды дегенде Кыргызстанда нааразылык реакциялар чыгып кетет эле. Бул жолу да кандай бир реакция болушу мүмкүнбү?
Э. Нурушев: Ушул азыркы кезде болушу кыйын, себеби көбү коркуп калды, ичинен тынчып калды. Бирок баары бир чыгат, болуп атат. Бүгүн [Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты] министрлиги "Клоопко" [макаланы өчүргүлө деп] айтыптыр, болбосо бөгөттөйбүз деп. Алар болсо айтып жатат "биз мындай мыйзамды тааныбайбыз, аткарбайбыз" деп. Бул маселенин жаман жагы да.
Жоопкерчилик жөнүндө сөз болгондо биринчи кезекте жалаң эле журналисттердин жоопкерчилиги жөнүндө айтылат. Бирок мамлекеттик мекемелердин, мамлекеттик уюмдардын мыйзам аткаруудагы жоопкерчилиги таптакыр көңүлгө алынбайт. Ошол эле Маданият министрлигинин аракеттерин карап көрсөңөр: мыйзам кадимкидей эле бузулуп атат. Мыйзам бузулган үчүн жоопкерчилик бар да. А эмне үчүн ал жөнүндө сөз болбойт? Мыйзам бизде бир нече кишинин менчигине айланып атат. Каалагандай [айтат]: "биз кандай кылып түшүндүрсөк - ошол мыйзам, а силер түшүнгөн мыйзам - мыйзам эмес" дегендей. Бул дагы өзү жакшылыкка алып барбайт.
Би-Би-Си: Бийлик өкүлдөрү "сөз эркиндиги десе эле аны анархияга айлантпаш керек" дегенди айтты. Бийлик кандай анархиядан кооптонуп жатат?
Э. Нурушев: Бийлик деген кайсы учурда болбосун - бейпил турмушта деле, дегеле эч нерсе болбосо деле өзүнүн көлөкөсүнөн өзү корко берет. Себеби, [Жорж] Оруэллдин сөзү бар го: "Бийлик чындыкты айтып жатып деле калп айтат" деген.
Сөз эркиндиги деген бул Батыш тапкан сөз эмес, илгертен келаткан сөз. Ошону [Карл] Маркс да өнүктүргөн. Маркстын аныктамасы боюнча "адам рухунун артыкчылыгы". Анан бүгүнкү күнү "Батыштын концепциясы, Батыштын стандарты" деп айтып жатышпайбы - бул бардыгына эле тиешелүү стандарт. Ошону биз жакшы өздөштүрө албай жатабыз.
































