"Азаттык-медиа": Эрегишти эскалация кылган себептер

Азаттык

Сүрөттүн булагы, Screenshot

    • Author, Кубат Чекиров
    • Role, Би-Би-Си, Бишкек
  • Published

Кыргызстанда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык-медианын” ишин токтотуу жөнүндө доо арыз менен сотко кайрылганы азыркы учурда коомдук пикирди удургуткан эң резонанстуу маселеге айланууда.

Бул темада Жогорку Кеңештин бир нече депутаты, бир топ саясатчылар, журналисттердин коомдук уюмдары жарыша реакция кылышты. “Эркин Европа\Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай өз кезегинде кыргыз өкмөтү кандай чечим кабыл алган күндө дагы “Азаттык” ишин токтотпой турганын айтып жооп берди.

"Биз өлкөдөгү ишибизди улантуу үчүн мүмкүн болгон баардык мыйзамдуу жолдорду колдонобуз. Кыргыз өкмөтү кандай гана кадамга барбасын бизге ишенген аудиторияга биз кызматыбызды уланта беребиз", - деди Флай.

Андан мурда эле америкалык сенаторлор Боб Менендес менен Жим Риш президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, "Азаттыкка" коюлган чектөөлөргө тынчсыздануу билдирди.

Бул чырлуу маселе Кыргызстанда эркин маалымат каражаттарын бийлик кысымга алып жатат деген кабатыр билдирүүлөр байма-бай айтылып жаткан учурда чыгып отурат.

Анын үстүнө азыр Украинадагы согуштун таасири астында Батышка каршы маанай курчуган убак. Украина менен Россия тиреши башталган 2014-жылы эле АКШдагы Gallup  изилдөө институту постсоветтик өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда дагы Батышка каршы маанай күчөп баратканын изилдеп чыккан эле. Андан бери балээнин баарын Батыштан көргөн адамдардын бир тобу "Азаттыкты" жабууну талап кылып, анын Бишкектеги кеңсесине чейин барганы белгилүү. Дегеле азыр сырттан каржыланган уюмдарды мокочо, эл душманы кылып көрсөтүү өзүнчө бир күчөгөн тенденция болуп баратат. Бийликтин радикалдуу кадамдарына ушундай ички-тышкы факторлордун да таасири бар сыяктуу. Ошол эле учурда өкмөт өзү баш болуп батыштан каржылык дагы, башка дагы жардам алып, жыртык-тешигин бүтөп жүрбөйбү дегендер да бар.

Президентттин басма өз катчысы Эрбол Султанбаев сенаторлорго жооп кайтарып, өлкөнүн демократиялык жолдон тайбай келатканын баса белгилеп, "Азаттык Медиа" өткөн жылы сентябрда Баткендеги окуялар жөнүндө туура эмес маалымат бергени үчүн анын сайты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан “иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык” эки айга токтотулганын билдирди.

“Кыргызстан көз карандысыз медиалар толук кандуу иштөөсүнө бардык шарттары бар эркин, демократиялык өлкө”, - деп баса белгиледи басма сөз катчы.

Жалган маалыматтан коргонуу жөнүндө мыйзам кабыл алынып жатканда жарандык активисттер каршы болуп Ак үйдүн алдына чыгышкан.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Жалган маалыматтан коргонуу жөнүндө" мыйзам кабыл алынып жатканда жарандык активисттер каршы болуп Ак үйдүн алдына чыгышкан.

Эки башка чечмеленген мыйзам

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык-медианы” «Жалган (анык эмес) маалыматтардан коргоо жөнүндө» мыйзамдын негизинде жоопкерчиликке чакырып жатканын билдирген.

Ошол эле убакта бир катар журналисттик уюмдар министрлик бул мыйзамды туура эмес колдонуп жатат деген жүйө келтирүүдө.

“Мыйзамга ылайык, "анык эмес маалымат — бул чындыкка дал келбеген, башка адамдын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкер беделине шек келтирген маалымат". 2022-жылдын 8-апрелинде КР Министрлер Кабинети бекиткен мыйзамды ишке ашыруунун механизми жана тартиби «ар-намысыма, кадыр-баркыма же ишкер беделиме шек келтирилди, мага карата анык эмес маалыматтар таратылды» деп эсептеген жарандардын же юридикалык жактардын арызы боюнча гана сайтты бөгөттөөгө жол берет. Ал эми "Азаттык Медиага" байланыштуу иште министрликтин дарегине мындай арыз түшкөн эмес. Министрлик 2022-жылдын 24-октябрында "Жалган (анык эмес) маалыматтардан коргоо жөнүндө» мыйзамдын негизинде сайтта эмес, Youtube социалдык тармагындагы "Настоящее время. Азия" каналында жайылтылган программаны өчүрүү талабын койгон. Бул катта министрлик арыз ээсин көрсөткөн эмес (ар-намысына, кадыр-баркына же ишкер беделине шек келтирген анык эмес маалыматтар жайылтылган деп болжолдонгон адам), себеби мындай адам башында эле болгон эмес жана ушул кезге чейин жок”, - деп айтылат “Медиа Полиси” институту жарыялаган кайрылууда.

"Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам долбоору 2021-жылы парламент каникулга тарар алдында добушка коюлуп, биринчисинде өтпөй калган. Ак үйдүн алдына митингге чогулган активисттер кубанып, таркап кетишкен. Андан бир айдан кийин, жарандык активисттер баары туш-тушта эс алууда жүргөн учурдан пайдаланып, демилгечилер аны кайра добушка коюп, өткөрүп алышкан болчу.

“Жалган маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзам кабыл алынып жатканда анын көз карандысыз маалымат каражаттарынын үнүн басуу үчүн колдонулат деген кабатыр пикирлер көп эле айтылган.

"Карапайым адамдар бийликке үнүн кантип жеткизе алат, социалдык медиа, эркин сайттар аркылуу гана жеткире алат. Бир жыл мурун коронавирус боюнча кечирим сураткан нерсени азыр мыйзамдуу түрдө киргизген жатышат. Эл айтып чыккан нерсени азыр жалган деп, кечирим суратып, алардын баракчаларын жабууга жана кылмыш ишин козгоого барган жатышат", - деген ошол учурда Би-Би-Сиге жарандык активист Улан Үсөйүн.

Азыр эми ошол тынчсыздануулардын олуттуу болгонун практика көрсөттү дейт белгилүү юристтердин бири Таттыбүбү Эргешбаева:

“Фейк боюнча мыйзам алгач көз карандысыз маалымат каражаттарын басуу үчүн кабыл алынганын практика тастыктады. Маданият министрлиги тарабынан бир дагы аймактык канал же мамлекеттик маалымат каражаттары жоопко тартылган жок, алар тарабынан көрсөтүүдө мыйзам бузуулар көп...”.

Кыргызстанда мыйзамды ар ким ар кандай чечмелеген көрүнүштөр көп, ошол себептүү соттордо туура эмес чечимдер чыгып, анын артынан чыр-чатак чубалган иштер дагы толтура.

Бирок расмий түрдө мыйзамды чечмелөө аны кабыл алган Жогорку Кеңештин колундагы ыйгарым укук. Демек, Маданият министрлиги менен “Азаттык-медианын” ортосундагы чырды чечүүнүн бир жолу ушул жакта тургандай. Бул үчүн эки тараптын кимиси болбосун, расмий түрдө кайрылып, парламенттен мыйзамдын талаштуу жобосуна расмий чечмелөө эмнеге алышпайт деген суроо бар.

Жогорку Кеңеш

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Оторчулуктан кийинки оору

Кыргызстан сыяктуу бир-эки кылым бою колонияда болуп келген мамлекеттер өз акылы менен жашай албай, эскиче мурдагы метрополияны карап, кылчактап, ошол жакты туурап калма адаты көпкө чейин калбайт деп Би-Би-Сиге ошол эле “Азаттыктын” ардагер журналисти Эсенбай Нурушев айтты эле.

Айткандай эле кыргыз парламенти көп мыйзамдарды алиге чейин сырттан көчүрүп алып кабыл алып жатканы жөнүндө көп эле сындар айтылды. Ал түгүл кээ бир мыйзамдар кабыл алынып жарыяланганда “Россия федерациясы” деген сөздөр өчпөй кала берген учурлар да ашкере болгон эле.

Айткандай эле, “жалган маалыматтан коргонуу жөнүндө” мыйзам убагында Россиянын ушундай мыйзамынын жаман көчүрмөсү экенин айтышкан.

“Сырттан башкаруунун бир белгисин көрүп атабыз. Себеби бул мыйзам долбоорлору Россиядан көчүрүлүп келип жатат. Кыргызстанга EАЭБдин алкагында бирдей стандарттарды киргизүү, бирдей чектөөлөрдү киргизүү, бир стилдеги башкарууну киргизүү аракети болуп жатат”,- деп айткан эле укук коргоочу Эржан Кайыпов.

Ошол эле учурда интернетте жалган маалымат жайнап кетип жатканы да жаңылык эмес. Бирок кыргыз интернет коомчулугу жалган маалымат менен өз алдынча эле заманбап жол менен көзүн таап күрөшүүдө. Маданият министрлиги жабам, жоём деп опурулма саясат жүргүзүп жатканда, Temirov Live, "Клооп", “Политклиника” сыяктуу медиа уюмдар жалган маалыматтарды изилдеп, ашкере кылып жаткан толтура мисалдар бар.

Фейктер менен күрөшүүнүн ушундай далилденген эффективдүү жолу турса, ага мамлекеттин сокур тыйыны коробосо, санарипке адистешкен алдыңкы көз караштагы коом катмары аны өзү аткарып жатканда, Маданият министрлиги күчкө салган саясаттын жолоюнда калганы өкүнүчтүү иш болуп калбас бекен?

 "Сөз эркиндигинин символу болуп калган “Азаттык” ошентип ушуну менен төртүнчү ирет - акыркысы азыркы бийликтин тушунда да - басымга капташты. Ар бир жолу - элдик ыңкылаппы, төңкөрүшпү, революциябы – бийлик алмашары менен, алсак, Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев бийликтен шыпырылган күнү эле, - “Азаттык” эфирге чыгып келген. Бул ирет окуя эмне менен аяктаары белгисиз",-деп жазды "Азаттыктын" телепродюсери Кубат Оторбаев.