Жыл жыйынтыгы: Өкмөттүн отчету

Published

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында 25-декабрда Министрлер кабинетинин жыйыны өттү. Анда 2020-жылдын 5-октябрынан баштап бүгүнкү күнгө чейин аткарылган иштер тууралуу маалымат берилди.

Садыр Жапаров

Сүрөттүн булагы, gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садыр Жапаров

Сөз алды президент быйыл ишке ашкан Конституциялык реформанын негизинде аткаруу бийлиги президентке өткөнүн баса белгилей кетти.

“Бүгүнкү жыйынды жалпы кыргызстандыктардын алдында аткаруу бийлигинин жалпы отчетун берүү деп эсептеймин. Менин да бир жылдык отчетум, кылган иштеримдин жыйынтыгы боюнча элге кайрылууга кезек келди”, -деди президент.

Садыр Жапаров дароо эле шайлоо темасына кайрылып, соңку парламенттик шайлоону жана буга чейинкилерин “теңшайлоо принциби” менен өткөргөнгө аракет болду деди.

“Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына ишенбегендер үчүн добуш кагаздары кайра саналды. Мындай тарыхта болгон эмес”.

Президенттик шайлоодон кийин эл андан экономиканы калыбына келтирип, бюджетти кескин көтөрүүнү тапшырмасын бергенин айтты.

Ошондой эле анын алдында коррупция менен күрөшүү талабы коюлганын белгиледи.

“2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин ачылган коррупциялык схемалар боюнча мамлекеттин кирешесине 8 миллиард сомго жакын каражат жана мүлк түрүндө кайтарылды.  Жогорку кызматтагы аткаминерлер, соттор жана уку коргоо органдарынын өкүлдөрү камакка алынды, жоопкерчиликке тартылды.

Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөш улантыларын жана күчөтүлөрүн убадалады.

Президент өтүп бара жаткан жылы жакырларга жакындан жардам болгонун да белгиледи. Ошондой эле бюджеттик кызматкерлердин айлык акысын, пенсия жана жөлөк пулдун өлчөмү көбөйгөнүн, 112 миңден ашуун үй-бүлөгө электр энергиясы арзандатылганын айтты.

"Орточо пенсия азыркы учурда 6 миң 248 сом. 711 миңден ашуун пенсионердин жашоосун жакшыртуу боюнча Акылбек Жапаровдун сунуштары бар, буюрса аны ишке ашырабыз. Пенсия көбөйдү. Майыптыгы бар адамдардын жөлөк пулу 50-200 пайызга чейин көбөйдү. Тоголок жетим балдарга да жөлөк пул үч эсе көбөйдү. Февралдан тартып, 98 миң 286 адамдын жөлөк пулу көбөйөт", - деди Садыр Жапаров.

Мындан тышкары, элди арзан  турак жай менен камсыз кылуу үчүн ипотекалык насыялардын үстөгү 4% төмөндөгөнүн, айыл чарба насыялары 6% ылдыйлаганын белгиледи.

өкмөт жыйыны

Сүрөттүн булагы, gov.kg

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Президент өз сөзүндө Кумтөр темасына да кайрылды.

"Центерра" Кыргызстандын экологиясын бузуп жатканы үчүн компанияга сырттан башкаруу киргизилгенин жүйөө келтирди.

“ "Кумтөрдү элге кайтардык. Бул иште Акылбек Жапаров, Динара Кутманова, Камчыбек Ташиев, Тенгиз Бөлтүрүк баштаган команда иштеди. Мыйзамдык жактан күчтөндүрдүк. "Улуу көчмөндөр мурасы" аттуу мамлекеттик холдинг түздүк. Кумтөрдөн башка дагы кендерден түшүп жаткан акча мындан ары мамлекеттик казынада сакталат. Кенди жөн эле басып жаткан компаниялардын лицензиясы алынат”,- деди Садыр Жапаров.

Президент кыргыз өкмөтүнүн Кумтөрдөгү ишин алсыратуу максатында түрдүү бут тосуулар болду, деди:

“LBMA Кумтөрдө өндүрүлгөн алтынды сатып алуудан баш тартты. Мен ошондо да айткам, алтындын кардары көп. Сатып жатабыз, сата беребиз. Аягында "Центерра" Кумтөр ага таандык эмес экенин моюнуна алды. Ал өзүнүн баланстык операциясынан 26 миллион долларын эсептен чыгарып, бизнес операциясы токтогонун, аны менен Кумтөр алтын кенине көзөмөлдү жоготконун билдирүүгө аргасыз болду".

Кыргыз бийлигинин Кумтөргө байланыштуу мындай мазмундагы билдирүүсү Бишкекте канадалык компания жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду өтүп жаткан маалга туш келди.

Садыр Жапаров учурда канадалык компанияга бир катар инвестициялык долбоорлор сунуш кылынганын белгиледи:

"Тынчтык жол менен сүйлөшө албасак, анда "Центеррага" экологиялык жана коррупциялык дооматтарды коебуз. Акыр-аягына чейин күрөшөбүз. Жыйынтык чыгарабыз. Кумтөр элге кызмат кылат".

Президент Садыр Жапаров өкмот жыйынында өлкодо күчөп жаткан жол кырсыгына да токтолду. Анын айтымында, быйыл 780 адам каза болуп, 10 миңден ашуун адам түрдүү жараат алды. Балдар аралашкан жол кырсыктарынын саны 43% өскөн.

Садыр Жапаров "Коопсуз шаар" көзөмөл камералары орнотулган жерлерде жол эрежесин бузуу 30-40% азайганын белгиледи. Андыктан аталган долбоордун экинчи баскычын ишке ашырып, "Коопсуз шаарды" жалпы өлкөдө ишке киргизүүнү талап кылды.

Жол кырсыгына башкы себепкер сабатсыз айдоочуларды даярдап жаткан автомектептердин ишине көзөмөл кылууну тапшырды:

 "Айдоочулар күбөлүктөрдү сатып алат, автомектептер коррупцияга баткан. Лицензия берилгени менен көпчүлүк мектептердин окутканы талапка жооп бербейт, автодром, тийиштүү автоунаалары жок. Жол кырсыгынын жоопкерчилиги бардык мамлекеттик органдардын милдети, жалпы элдик күрөш болушу керек. Ата-энелер да балдарына күн сайын айтып, кулагына куюуга тийиш. Жол эрежесин сактоо өлкөнүн коопсуздугу үчүн зарыл. Бул маселени өзүм катуу көзөмөлүмө алдым".

Президент жетекчилик кылган жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2021-жылы аткарылган иштер боюнча отчету да угулду. Мындан тышкары Каржы министри Алмаз Бакетаев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков жана Министрлер кабинетинин башка мүчөлөрү баяндама жасашты. (EK)