Путин Стамбулда өтө турган сүйлөшүүгө жардамчысын жөнөттү

Путин жана Мединский

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путин жана Мединский
Published
Окуу убактысы: 5 мүнөт

15-майда Стамбулда өтөт деп күтүлүп жаткан орус-украин сүйлөшүүлөрүндө Москва делегациясын президент Путиндин жардамчысы жана Орусиянын Жазуучулар биримдигинин башчысы Владимир Мединский жетектейт. Бул тууралуу Кремль кабарлады.

Муну менен расмий Москва Украина президенти Владимир Зеленскийдин сунушун четке какты десе болот. Ал Стамбулда Владимир Путин менен жеке жолугушууну талап кылган болчу.

Орусия президентинин администрациясы сүйлөшүүлөргө катыша турган делегациянын толук курамын жарыялады. Кремлдин сайтында алар төмөндөгүдөй тизмектелген:

  • Мединский В.Р. — Орусия Федерациясынын президентинин жардамчысы (делегация башчысы)
  • Галузин М.Ю. — Орусия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары (делегация мүчөсү)
  • Костюков И.О. — Орусия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы башкармалыгынын башчысы (делегация мүчөсү)
  • Фомин А.В. — Орусия Федерациясынын коргоо министринин орун басары (делегация мүчөсү)

Делегациянын курамына ошондой эле төрт "эксперт" кирген. Алар Коргоо министрлигинин, президенттик администрациянын жана тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери.

Мурда маданият министри болгон Мединский ушул тапта Орусиядагы башкы идеологдорунун бири катары белгилүү.

Орусияда "чет өлкөлүк агент" катары таанылган журналист Михаил Зыгардын ырасташынча, дал ушул Мединский Путинге Орусия менен Украинанын тарыхы тууралуу өзгөчө көз карашты таңуулап, Путиндин атынан тарыхый темаларда тексттерди жазып турган. Алардын арасында орус агрессиясына чейин, тактап айтканда 2021-жылдын жайында жарыяланган "орус, украин жана беларус элдеринин биримдиги" тууралуу макала да бар.

Делегациянын калган эки мүчөсү анча таанымал эмес. Игорь Костюков жетектеген Башкы штабдын Башкы башкармалыгы ГРУ деген кыскартылган аталыш менен көбүрөөк белгилүү. Бул Орусиянын аскердик чалгын кызматы.

Ал эми Михаил Галузин тууралуу Орусия ТИМинин сайтында ал КМШ өлкөлөрү менен мамилелерди тескей турганы айтылган.

Ким ким менен жолугат?

Орусия менен Украинанын делегацияларынын Беларустагы жолугушуусу. 2022-жыл

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусия менен Украинанын делегацияларынын Беларустагы жолугушуусу. 2022-жыл
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Буга чейин Украина президенти Владимир Зеленский Стамбулда бир гана Владимир Путин менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген.

Ал бардык форматтагы сүйлөшүүлөргө даяр экенин айтып, бирок кеңири түшүндүрмө берген эмес.

Мединский 2022-жылы жазында Беларуста жана Стамбулда өткөн Украина жана Орусия делегацияларынын ортосундагы түз сүйлөшүүлөрдө да орус делегациясын жетектеген.

Сүйлөшүүлөргө Украина тараптан кимдер катышары жана кеңешмелер өтөр-өтпөсү азырынча белгисиз.

Бейшембиде Түркиянын Анталия шаарында НАТО мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны да өтөт. Ага АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио баш болгон делегация катышат. Анталияга Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига да барган. Шаршемби күнү кечинде ал Рубио жана америкалык сенатор Линдси Грэм менен жолукканын кабарлаган.

Зеленский бейшембиде Анкара шаарында Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүнү пландап жаткан. Эгер Путин Түркияга келсе, анда Стамбулга (же башка шаарга) учуп барууга даяр болгон.

Мурдараак Зеленский калкына жасаган кечки кайрылуусунда Украина Орусия тараптан келе турган кишилердин курамына жараша чечим кабыл аларын айткан.

"Алардын медиа аркылуу берген белгилери азырынча ынанымдуу эмес. Бирок биз президент Трамп Түркияга келиши мүмкүн экенин угуп жатабыз. Бул чечүүчү аргумент болушу мүмкүн. Бул жума чын эле көп нерсени өзгөртө алат", – деген Зеленский.

Бирок Дональд Трамп Түркияга келбей турганы белгилүү болду. Бирок ал аптанын башында Сталбулдагы орус-украин сүйлөшүүлөрүнө катышуу ыктымалдыгын четке каккан эмес.

Шаршембиде АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф журналисттерге маек куруп, 16-майда Стамбулга барарын билдирген. Аны менен кошо Стамбулга АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио да барат. Бул тууралуу буга чейин Дональд Трамп да айткан болчу.

Жума күнү Стамбулда сүйлөшүүлөр кандай форматта өтөрү азырынча белгисиз.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков шаршемби күнү күндүз "Интерфакска" курган маегинде Уиткофф жана Келлог менен жолугушуулар азырынча пландалбаганын билдирген.

Ушул эле күнү кечинде Песков орус делегациясы Украинанын делегациясын Стамбулда күтө турганын кабарлаган.

"Президенттин 11-майдагы түнкү билдирүүсү толук актуалдуу экенин дагы бир жолу тастыктай алам. Орус делегациясы украин делегациясын 15-майда, бейшемби күнү, башкача айтканда эртең Стамбулда күтөт", – деген ал.

Жакында эле Кирил Дмитриев АКШга сүйлөшүулөр боюнча барып келгени тууралуу кабарлар тараган

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жакында эле Кирил Дмитриев АКШга сүйлөшүулөр боюнча барып келгени тууралуу кабарлар тараган

"Стамбул форматына" кайтуу

Сергей Горяшко, Би-Би-Синин орус кызматынын кабарчысы

Владимир Путин Украинанын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдө "Стамбул форматына" түз кайтууну чечти. Кремль орус делегациясынын курамын жарыялоо менен бардык күмөн саноолорду четке какты.

Путин Владимир Зеленскийдин Стамбулда жеке жолугушууга чакырганын тоготкон жок. Кремль шаршембиге чейин интриганы сактап келгени деле түшүнүктүү. Эгер сүйлөшүүгө катыша турган адамдардын аты-жөнү ишемби күнү эле айтылып калганда, жолугушууга болгон кызыгуу дароо жоголмок.

Делегациянын башчысы катары кайрадан Владимир Мединский дайындалды. Ага КМШ өлкөлөрү менен болгон мамилеге жооптуу ТИМ жетекчисинин орун басары Михаил Галузин кошулду ( Украина эч качан КМШнын толук кандуу мүчөсү болгон эмес жана 2018-жылы уюмдан расмий түрдө чыккан). Ошентсе да баары адилеттүү болду – делегациянын курамына президенттик администрациянын да, тышкы иштер министрлигинин да өкүлдөрү кирди.

Аскердердин атынан генерал Александр Фомин катышууда. Чалгын кызматы да четте калган жок, делегацияга адмирал Игорь Костюков кирди.

Де-юре Украина тарап жолуга турган кишилер бар. (Костюков боюнча маселе бар, себеби Украинанын чалгын кызматынын башчысы Кирилл Буданов Түркияга барбайт).

Де-факто орусиялык делегациянын даражасы Киевдикине салыштырмалуу төмөн. Себеби курамга министрлер эмес, алардын орун басарлары кирген.

Дал ушул Мединский менен Фомин үч жыл мурун болгон орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгынан кийин Орусия "жакшы ниеттин ишараты" катары Киев жана Чернигов облустарынан чегинерин, Москва Киев менен Украинанын нейтралдуулук макамын талкуулай турганын жарыялашкан.

Ошол кезде Стамбулда өткөн жолугушууда Крымдын макамын 15 жылга "тоңдуруу" жана ал кезде орусиячыл "элдик республикалар" көзөмөлдөгөн Донбасстагы аймактардын маселесин орус-украин президенттеринин деңгээлинде талкуулоо сунушталган. Бирок демилге кагаз жүзүндө гана калган.

Украинадагы согуш токтобой, ал тургай өзөктүк курал тууралуу да бир топ сөздөр айтылды

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинадагы согуш токтобой, ал тургай өзөктүк курал тууралуу да бир топ сөздөр айтылды

2023-жылы Путин Украинанын делегациясы кол койгон деген келишимдин долбоорун көрсөткөн. Ал "Украинанын туруктуу нейтралдуулугу жана коопсуздугунун кепилдениши жөнүндө макулдашуу" деп аталган. Бирок расмий Киев муну четке каккан. Алар Путин көрсөткөн документте Орусия менен Украинанын ортосунда көп келишпестиктер бар экени даана көрүнүп турганы жана ал келишимге кол коюп, президенттердин деңгээлинде талкууга чыгарууга делегаттардын биринин да укугу болбогонун билдиришкен.

Путин 2022-жылы эле тынчтык келишими түзүлөрүнө аз гана калганын, бирок европалык өнөктөштөр Украинаны согушту улантууга мажбурлашканын кайра-кайра айтып келет. Кремль жарыялаган делегациянын курамы – үч жылдан ашуун убакыттан бери уланып жаткан кандуу согуштан кийин да Москванын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө болгон мамилеси эч өзгөрбөгөнүн айгинелеп тургансыйт.