"Барс": Украинанын жаңы ракетасынын артыкчылыгы эмнеде?

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Олег Черныш, Би-Би-Си Украин кызматы

Коллаж

Украинанын "Барс" деп аталган жаңы ракетасы даяр болду. Ал жасалып жаткан учурда узак убакыт бою жашыруун сыр катары эч кандай маалымат чыккан эмес. Би-Би-Си Украин кызматы бул жаңы курал тууралуу кеңири маалымат топтоду.

Макаланын түп нускасын бул шилтемеден окуңуз.

"Барс" тууралуу маалыматты алгачкы ирет 11-апрель күнү Украинанын коргонуусуна арналган иш-чарада Стратегиялык өндүрүш тармактары боюнча министр Герман Сметанин ачык айтып чыкты.

Ал мындан эки жыл мурун Украинанын өз өндүрүшүнөн чыккан жападан жалгыз "Нептун" аталышындагы куралы болгонун, 2024-жылы ракеталык куралдануу боюнча бир нече үлгүлөр пайда боло баштаганын белгиледи.

"Өткөн жылы абдан көп жаңы жасалгаларыбыз пайда болду. Бул 2023-жылдагыга салыштырганда өндүрүшүбүздү сегиз эсеге көтөрүүнү камсыздады",- деп билдирди министр.

Сметанин украин өндүрүшүнөн чыккан ракеталардын аталыштарын санап өттү. Мында "Пекло", "Паляница" жана "Рута" сыяктуу куралдар тууралуу сөз жүрүп жатат. Ал мурда белгилүү болбогон "Барс" аталышындагы ракета тууралуу дагы айтты. Бирок мындан башка эч кандай маалымат айткан жок.

Бул эмне болгон ракета экенин түшүндүрүп беребиз.

Трамп бийликке келгени Украинадагы согуш, курал-жарак менен камсыздоо маселеси кандай болот деген суроо кызуу талкууда

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамп бийликке келгени Украинадагы согуш, курал-жарак менен камсыздоо маселеси кандай болот деген суроо кызуу талкууда

Массалык өндүрүш

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Синин бийликтеги булактарынын сөзүнө караганда, украин өндүрүшүнөн чыккан "Барс" ракетасы мамлекеттик эмес, жеке менчик өндүрүштөн чыккан.

Бул "канаттуу ракета дрондорунун" классына кирет. Бул өздүк ноу-хау болгондуктан украин бийлиги аны ушундай деп аташкан.

Муну кадимки канаттуу ракета менен дрондун ортосундагы курал десе болот. Бир жагынан учакка да окшоп кетет. Жарылуучу затты алып жүрө турган бөлүгү анча чоң эмес (50-100 кг) жана турбореактивдүү чакан кыймылдаткычы бар. Ракетанын мындай техникалык абалы узак аралыкты тез учуп өтүүгө жардам берет, аны аныктоо абадан коргонуу системалары үчүн бир топ кыйынчылыкты жаратат.

Мындай "ракетодрондорду" жерге орнотулган системалардан дагы, учактан дагы коё берүүгө болот.

Параметрлери жагынан алып караганда, "Барс" буга чейин украин өндүрүшүнөн чыккан "Пекло" ракетасына көп жагынан окшош, дейт Би-Би-Синин маектеши.

"Барс" болжол менен 700-800 чакырым аралыкка уча алат. Би-Би-Синин маектеши бул ракетаны Middle Strike же тагыраак айтканда, орточа алыстыкка уча турган ракета деп мүнөздөдү.

Украина чет өлкөлүк куралдарды ала албай, алган күндө да аны толук кандуу пайдаланууга уруксат ала албай келе жатат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украина чет өлкөлүк куралдарды ала албай, алган күндө да аны толук кандуу пайдаланууга уруксат ала албай келе жатат

"Барстын" эң негизги өзгөчөлүгү эмнеде?

Булактардын берген маалыматына караганда, бул ракета Украинада массалык түрдө өндүрүүгө көп жагынан мүмкүнчүлүк берет. Демек коргонуу күчтөрү жакын арада алыска учуп, кыйратуучу күчү жагынан кыйла эле күчтүү куралга ээ болот. Бул Орусиянын ички аймактарына регулярдуу чабуулдарды койгонго мүмкүнчүлүк түзүп берет.

Ачык булактарда бул ракетанын сүрөтү жана техникалык мүнөздөмөлөрү тууралуу маалымат жок.

Украинанын ракеталык программасы

Ракета

Сүрөттүн булагы, United24

Өткөн жылы Украина өздүк ракеталык программасын кыйла активдештирген.

Былтыр август айында Украинанын президенти Володимир Зеленский ракеталык куралдануу өндүрүшүнө кошумча каржы бөлүү жана өндүрүштү тездетүү боюнча буйрук берген.

Ал кезде украиналык өндүрүшчүлөр канаттуу жана баллистикалык ракета өндүрүү боюнча бир эле учурда бир нече варианттын үстүнөн иштеп жаткан эле.

Ошол эле учурда украиналык өндүрүштөн чыккан эң ийгиликтүү курал катары эсептелген кемелерге каршы чыгарылган "Нептун" ракетасы аябай жакшыртылып жаткан эле. Ал ракетанын учуп жетүү аралыгын узартып, кургактыктагы объекттерге дагы сокку ургудай кылып жаңылап жатышканы айтылган.

2024-жылы 24-августта Украинанын эгемендик күнүндө Зеленский өздүк өндүрүштөн чыккан "Паляница" ракетасы биринчи жолу ийгиликтүү колдонулганын билдирген. Көп өтпөй анын сүрөтү жана техникалык мүнөздөмөсү көрсөтүлгөн.