Жомоктон “жоголгон” түрү сууктар менен семиздер...

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Улуу Британияда белгилүү балдар жазуучусу Роалд Далдын жомокторунун кайрадан басылып чыгышы чоң талкуу жаратты. Басмакана жомокторду редакциялоону чечип, каармандарды кемсинткен мүнөздөмөлөрдү алып салдык деп ойлогон. Көпчүлүк жазуучулар, атүгүл премьер-министр Риши Сунак да бул өзгөртүүлөргө каршы.
Роалд Дал ким өзү?
Роалд Дал британиялык жазуучу, балдар жана чоңдор үчүн жазылган чыгармалардын да автору. Анын чыгармалары 1930-80-жылдар аралыгында жазылган. Анын баары Улуу Британияда классика деп эсептелет жана ХХ кылымдагы белгилүү жазуучулардын тобуна кирет. Ал тургай жазуучу өз өлкөсүндө мыкты жомокчу катары биринчи орунда турат.
Далдын дээрлик бардык негизги чыгармалары башка тилдерге дагы которулган. Бирок анын “Матильда”, “Чарли жана шоколад фабрикасы”, “Ак көңүл дөө” аттуу белгилүү чыгармалары КМШ өлкөлөрүндө Европа менен АКШдагыдай популярдуу болгон эмес. Ошого карабай, көпчүлүк окурмандар жазуучунун аты-жөнүн укпаса да, чыгармаларындагы каармандарды билишет.
Техникаларды билгизбей жарактан чыгаруучу герлиндер деп аталган мифологиялык жандыктарды адабиятка Роалд Дал тээ 1940-жылдары эле киргизген. ( Гремлин түшүнүгү 1930-жылдары англиялык учкучтардын арасында пайда болгон. А Роал Дал экинчи дүйнөлүк согуш учурунда учкуч болчу) Мисалы Стивен Спилберг гремлиндер тууралуу тасма тарткан.
2005-жылы "Чарли жана шоколад фабрикасы" тасмасы Орусияда абдан популярдуу болгон. Ага Тим Бертон режиссерлук кылса, башкы ролдо Жонни Депп менен Хелена Бонхам-Картер ойногон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Роалд Дал Жеймс Бонддун "Эки жолу гана жашайсың" тасмасынын сценарийин жазган. Анын " Пари" аңгемесинин негизинде Квентин Тарантино өзүнүн "Төрт бөлмө" тасмасынын акыркы бөлүгүн тарткан.
Далдын чыгармаларына кино укуктарын 2021-жылы Netflix сатып алган.
Далдын чыгармаларында балдар адабиятына мүнөздүү боорукердик сезим жок, тескерисинче катаалдык жана күчтүү юмор көп камтылган. Анын чыгармаларында күтүлбөгөн сюжеттик бурулуштар көп кездешет.
Азыр жазуучунун китептери эмне болду?
Роалд Далдын чыгармалары үзгүлтүксүз басылып келет. Жыл башында анын чыгармаларын басып чыгаруу укугуна ээ болгон Roald Dahl Story Company компаниясы жана Puffin Books басма үйү жазуучунун чыгармаларына жүздөн ашык түзөтүүлөрдү киргизүүнү чечишкен. Алар "заманбап аудиторияга ылайыктуу болуш үчүн" ушундай кылдык деп түшүндүргөн.
Тактап айтканда, китептерде учурдун көз карашы боюнча орунсуз, атүгүл адепсиз делген сөздөр жана сөз айшактары алынып салынган.
Мисалы, “Чарли жана шоколад фабрикасынын” негизги каарманы Август Глупту сүрөттөдөгү “былчык” деген сөз “эбегейсиз” дегенге алмашкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Telegraph басылмасы Далдын китептеринин акыркы басылышында “томпок” жана “семиз” деген сыяктуу сүрөттөлөр толугу менен алынып салынганын жазды.
Буга чейин "Твит" чыгармасындагы Твит айым "коркунучтуу жана түрүү суук" болсо, эми ал жөн эле "коркунучтуу" болуп калды.
Ошол эле китептеги "кызыктай африка тили" мындан ары жөн гана африкалык тил деп айтылат.
Каармандарга карата "жинди" же " алаңгазар" деген аныктамалар Далдын бардык китептеринен алынып салынган. Каармандар мындн ары “кара же” “сүттөй ак” деп сүрөттөлбөйт.
Roald Dahl Story компаниясы Inclusive Minds коомдук уюму менен кызматташканын түшүндүрдү.
Анын түзүлгөнүнө он жылдан ашты жана балдар китептеринин кайра басылышы учурдун талабына ылайык келгидей даярдалып, текчелерден ордун табышы боюнча алектенет
"Көп жылдар мурун жазылган китептерди кайрадан басып чыгууда колдонулган тилди кайра карап чыгуу жана башка деталдарды, анын ичинде китептин мукабасын жана барактарынын түзүлүшүн жаңыртуу боло келген эле көрүнүш", - дейт Roald Dahl Story компаниясы.
Мындай кылуунун өзү туурабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бул окуянын айланасындагы талкуу азыр да уланууда. Ал тургай ага Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунак да аралашты.
Анын өкүлү көркөм чыгармалар түп нускасында сакталышы керектигин айтып, адабий мураска аяр мамиле керектигин баса белгилеген.
Жазуучу Салман Рушди Роалд Далдын чыгармаларына “түзөтүү” киригизели деп чечкендер уялышы керектигин Твиттерге жазды.
Роалд Далды жакындан билген журналист жана жазуучу Саймон Хеффер Telegraph гезитине жазган макаласында “Дал бул чечимди билсе мүрзөсүндө оодарылып алат” деди.
Фантастикалык чыгармалардын автору Филипп Пулман “эгер Далдын китептери бизди мазактап жатса, анда биз аларды басып чыгарууну токтотолу, бирок цензура кылбашыбыз керек” деген оюн ортого салды.
Бирок түзөтүүлөрдүн жактоочулары дагы бар. "Менимче, бул өтө эле кылдат жасалган жумуш болду. Алар "семиз" каарманды "эбегейсизге" алмаштырып аны ого бетер күлкүлүү кылышты”, - дейт акын Дебяне Чаттержи.
Puffin Books жана Roald Dahl Story компаниялары өзгөртүүлөр тууралуу чечимди кайра карап чыгууга ниеттери жок экенин билдиришкен.
Ошол эле учурда Далдын китептерин чыгарган француз басмасы Gallimard басмаканасы китептерге эч кандай өзгөртүү киргизүүнү көздөбөйт. "Бул талкууланган дагы жок" деген анын өкүлү France Presse агенттигине. (SA)
































