"Алиса". Чынында чоңдор үчүн жазылган балдардын китеби
Холли Уильямс

Сүрөттүн булагы, Kristjana S Williams
150 жылдан ашык убакыттан бери Люис Кэрроллдун Алиса жөнүндөгү аңгемелери окурмандарды, сүрөтчүлөрдү, кинорежиссерлорду жана дизайнерлерди таӊ калтырып келет. Холли Уильямс мунун себебин иликтейт.
Таң каларлык кубулмалар жөнүндө жазылган китептер үчүн, балким, "Алиса укмуштуулар дүйнөсүндө" жана "Күзгү артындагы дүйнө" кайра-кайра жазылган окуялардын бири болгондугу таң калыштуу эмес. Алиса коёндун ийинине түшүп кетип, күзгү аркылуу өтөт да, бардык нерсе боло турган, атүгүл өзүн-өзү сезүү да өзгөрө турган дүйнөгө кадам таштайт: мында суусундук сизди кичирейтип, ал эми козу карынды өстүрөт; ымыркайлар чочкого, ал эми кичинекей кыз ханышага айланат; бул жерде гүлдөр, жаныбарлар жана оюн карталары сүйлөйт, бирок логика жана билимдер түшүнүксүз болуп калат.
Чынында эле Люис Кэрролдун фантастикалык, акылга сыйбаган чыгармаларын жаңы формалар менен берүү дайыма оӊунан чыгып келгени - таӊ каларлык нерсе. 1866-жылы жарык көргөн "Алиса укмуштуулар дүйнөсүндө" жана 1971-жылы анын уландысы катары жарык көрүп, андан ашып түшпөсө кем калбаган "Күзгү артындагы дүйнө" кинодон театрга, көркөм искусстводон поп-музыкага чейинки бардык медиада иштеген сүрөтчүлөрдүн бүтүндөй муундарын эргитип шыктандырды. Мына ушул үзгүлтүксүз уланып келген мурас Кэрроллдун чыгармачылыгы тууралуу акыркы блокбастер музей шоусунун негизин түзөт. "Alice: Curiouser and Curiouser" ушул айда Лондондогу V&A көргөзмөсүндө ачылат, аны Ковид-19 бир топ кечеңдетти.

Сүрөттүн булагы, V&A
“Көргөзмө адатта “эмне үчүндөн” башталат: эмне үчүн Алиса мынчалык көп түрдүү чыгармачылык таасирлерди жаратты?” - дейт куратор Кейт Бэйли. “Мен Алисанын таасирин карап көрүп, кеңири маданий, коомдук-саясий контексттер жөнүндө ойлоно баштадым: мындай ар түрдүү интерпретациялар жана активдешүүлөр эмне үчүн жана качан болгон? Сиз аны биздин жамааттык аң-сезимге түрткү берген учурлардан издейсиз”.
Алиса жана укмуштуулар өлкөсү биздин жамааттык аң-сезимде жашайт. Алаӊгазар шляпачынын чай кечеси кандай болорун баарыбыз билебиз, бактысыз түгөйлөрдү Твидледум менен Твидлидиге, же жалжайган жылмаюуну Чешир мышыгына салыштыра алабыз. Көк көйнөкчөн кичинекей ак саргыл кыздын образы жана Алисанын тасмасы дайыма Алиса болот. (Ооба, тасманын аты анын атынан коюлган).
- Алисаны кайра элестетүү оңой, анткени ал эң биринчи кезекте ушунчалык кодификацияланган – сүрөтчүлөр аны бир эле учурда колдонушат жана жокко чыгарышат.
Алисанын укмуштуулар дүйнөсүндөгү жоруктары 1862-жылы жайдын бир күнү түштөн кийин Люис Кэрролл деген ысым менен белгилүү болгон Чарлз Лутвиж Дожсон жип токуп отуруп, чыныгы балдардын - Алиса Лидделл менен анын эже-сиӊдилеринин көңүлүн ачайын дегенде башталган дешет.
Чынында көптөгөн окурмандар үчүн Алиса да, укмуштуулар дүйнөсү да балалыкка эле тиешелүү эмес, алар билинбей эле чоӊдордун жашоосуна кирип кеткен. Менин Алиса канышанын сүрөтү тартылган футболкам бар; мен башка нерселерге караганда ушул жомоктон көбүрөөк таасирленген “Мени ич” деген бөтөлкөлөрдөн тартып чылым чеккен курттарга чейинки татусу бар адамдарды билем. Айрым саптар азыркы доордо Инстаграмга шыктандыруучу үзүндү (“Кээде мен таӊкы тамакка чейин алты акылга сыйгыс нерсеге ишенип койчумун”) катары чечмеленет жана биз көрүп тургандай, Кэрроллдун жомогунан таасирленген сүрөтчүлөрдүн кээ бир адаптациялары чоңдорго гана арналат.
Бирок “Алиса” биринчи басылышынан тартып эле “балдар адабиятынын” чегинен чыгып, ушундан улам “The Nation” гезити бул китеп чынында балдарга эмес, чоңдорго арналган деп жазган. Кэрролл эмне кылып жатканын билген: ал куулук кылып, китепти Жон Тенниел иллюстрацияласын деп туруп алган, анткени анын балдар китептери менен байланышы жок эле, тескерисинче, ал саясий ишмерлерди тарткан “Punch” карикатуристи катары белгилүү болгон. Тенниелдин таасири күчтүү болгон: ал алгачкы тираждын сапатына ушунчалык нааразы болгондуктан, аны чоң чыгым менен кайра басууну талап кылган. Ал эми “Күзгү артындагы дүйнө” китебинин басылышы өтө көпкө созулган, анткени Кэррол өз кезегин күтүүгө мажбур эле.

Сүрөттүн булагы, V&A
“Бул китеп балдар үчүнбү же чоңдор үчүнбү?” деген суроо бар болчу”, - дейт Бейли. “Punch” иллюстраторун тандап алуу жана чоң кишилердин аудиториясын тартуу Кэрроллдун оюнда болгон. Бул укурукту узун таштаган чечим болчу”.
Тенниелдин башкалардан өзгөчөлөнгөн, көбүнчө кооз, көп учурда көзгө дароо урунган ак-кара түстөгү сүрөттөрү ошол замат эле элге алынып, сакталып калды. Балким, ал бүгүн өз сүрөттөрү түшүрүлгөн буюмдардын санына таң калмак, бирок антпеши да ыктымал: жарыялангандан кийин эле Тенниелдин сүрөттөрү Виктория товарларында кеңири колдонула баштаган. V&A шоусунда оригиналдуу Алиса “брендинг” үлгүлөрү печенье идиштеринен оюн карталарына чейин көрсөтүлөт.
Алисаны адаптациялоо
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ошентип, “Алисанын” образы башынан эле дайыма борбордук орунда турат. Тенниел, албетте, иллюстрациялар үчүн өтө бийик чекти койду жана ар түрдүү чөйрөдө анын алжапкычынан баштап, Шляпачынын цилиндрине чейинки укмуштуулар дүйнөсүнүн көптөгөн образдарын жаратты. Алисаны кайра элестетүү оңой, анткени ал эң биринчи кезекте ушунчалык кодификацияланган – сүрөтчүлөр аны бир эле учурда колдонушат жана жокко чыгарышат.
Бирок биз “Алисанын укмуштуулар дүйнөсүнөн” деп ойлогон кээ бир нерселер Тенниелге таандык эмес. Алисаны адаптациялоо процесси тез эле башталды: анын сахналык алгачкы версиясы 1876-жылы коюлган, бирок Бэйли белгилегендей, ак саргыл Алиса салты “Голливудда белгилүү бир актриса “тиби” пайда болгонго чейин күчүнө кирген эмес”. Рут Гилберт, Шарлотта Генри жана Кэрол Марш 30-40-жылдары жарык көргөн тасмаларда чачы жайылган сулуу Алисалардын ролун ойношкон.
Бирок 1951-жылкы Диснейдин толук түстүү анимациясы сары чач тенденциясын баштаган, ошондой эле Алисага көк көйнөктү да Дисней кийгизген (китептин биринчи түстүү версиясында чындыгында сары түс колдонулган). Эгер сиз Чешир мышыгы кызгылт жана кызгылт көк түстө болуш керек деп ойлосоңуз же Ак коёндун “Мен кечигип атам! Кечигип атам! Өтө маанилүү жолугушууга!” деп айтышын күтсөңүз... бул да Уолт Дисней.

Сүрөттүн булагы, Disney
Бүгүн биз күткөн Алиса Голливуддун жолун жолдогон болушу мүмкүн, бирок укмуштуулар өлкөсүндөгү каармандардын таӊ каларлык өзгөчөлүгү – алардын ушунчалык оңой өзгөрүп, сүрөтчүнүн ыгына көнүп, ошол эле учурда таанымал бойдон калганында.
300дөн ашык иллюстратор өз Алисаларын сунуш кылышты: мында 1905-жылкы Артур Рэкхэмдин керемет жомоктогудай наристесинен “Муминстин” автору жана иллюстратору Тове Янсондун 1966-жылкы жумшак, импрессионисттик вариантына жана саясий карикатурачы жана балдар иллюстратору Крис Ридделлдин өткөн жылы жарыяланган чыныгы Элис Лидделлге көбүрөөк окшош версиясына чейин бар. Кээ бир сүрөтчүлөр өз стилдерин киргизгенге аракет кылышат: Сальвадор Далинин сериалында анын ийилчээк сааты бар; Ральф Стэдмандын “Алаӊгазар шляпачысы” жана “Март Хареси” анын “Лас-Вегастагы коркунуч жана жек көрүүсүндөгү” атактуу иллюстрацияларынан чыга калгандай көрүнөт, ал эми Йайои Кусаманын 2012-жылкы китебинде көптөгөн укмуштуулар дүйнөсүнө салыштырмалуу анын соода маркасындагы буурчактары жана ашкабактары көп.
Түп нуска аңгемелер сөз оюнуна, бурмалоого жана маанисиз сөздөргө негизделгенине карабастан, Алиса ушунчалык сыйынган нерсеге айлангандыктан, ал визуалдык медиада да сынап көрүү үчүн колдонулат. Кристофер Уилдон биринчи жолу балет версиясын сунуш кылганда, анын дизайнери Боб Кроули сөзү жок кереметтерди жаратуу үчүн өзүн “толугу менен жинди” деп ойлогон деп айтышат. Бирок Королдук балеттин 2011-жылкы оюну эң чоң хит болгон, мында Кроулинин дизайны да ишке жарап, Алисанын тааныш стенографиялары классикалык жана заманбап сахна чеберчилиги, оп-арт проекцияларынан тартып көп бөлүктөн турган Чешир мышык куурчагына чейин айкалышкан. Ханыша болсо “Уйкудагы сулуу” балетинин ырааттуулугуна пародия бийлеген.
"Сыйкыр жана сыр"
Алиса да көптөн бери мода эталону болуп келет. Вивьен Вествуд, Зак Позен, Виктор жана Рольф, жана Жон Галлиано Кэроллдун каармандарынан жана Тенниелдин сүрөттөрүнөн эргүү алышып, подиумга образдарды чыгарышты, ошол эле учурда укмуштуулар дүйнөсүнүн кубулма, башка дүйнөгө мүнөздүү мүмкүнчүлүктөрү мода тартуучуларды кызыктырат.
"Менин оюмча, көп адамдар Алисанын окуясынын сыйкырынан, сырдуулугунан жана ээликмелигинен эргүү алышат”, - деген легендарлуу Vogue чыгармачыл директору Грейс Коддингтон кийинки онлайн баянында. 2003-жылы ал Vogue үчүн Энни Лейбовицтин тартуусун башкарган, анда мода дизайнерлерине укмуштуулар дүйнөсүнүн каармандарынын кийимдери тапшырылган. “Ал жерде Стивен Жонс Алаңгазар шляпачынын ролун ойногон, Виктор менен Рольф Твидлиди менен Твидлдум ролдорунда болгон. Жон Пол Готье Чешир мышыгын ойногон, анткени ал дайыма жылмайып, ар дайым тилке кездемелерди кийип жүрөт”, - деп эскерет Коддингтон.
- Алиса жаңы кылымдын жаңы аял каарманы болуп калды – Кейт Бейли
Алисаны кайрадан ойлоп табуу жөн эле визуалдык маселе эмес: кайрадан интерпретациялоо сөзсүз түрдө көптөгөн маданий жана социалдык проблемаларды алып келет. 2018-жылы Тим Уокер Pirelli календары үчүн “Укмуштуулар дүйнөсүнүн” сериалын тартып, анда ынды кара актёрлор модель Даки Тот Алисаны, РуПол Королеваны жана Вупи Голдберг герцогинянын ролун аткарышкан. “Укмуштуулар дүйнөсүндөгү” тааныш архетиптерди ынды кара актёрлор ойногондуганан, сериал күчтүү чыккан.

Сүрөттүн булагы, Tim Walker Studio courtesy of Pirelli
“Мен эч качан ынды кара Алисаны көргөн эмесмин, ошондуктан ойдон чыгарылган фантастикалык каармандар кантип көрсөтүлүшү мүмкүн экенин жана сулуулуктун өнүгүп жаткан идеяларын изилдегим келди”, - деген Уокер V&A каталогунда.
Алиса көп учурда кеңири коомдук өзгөрүүлөрдүн орду же символу болуп келген. Бейли белгилегендей, эң алгачкы кооптациялардын бири суфрагеттер тарабынан болгон; ал V&A архивинен 1911-жылы коюлган “Алиса Гандерлендде” пьесасын таап алган жана бул “Алиса кантип жаңы кылымдын жаңы аял каарманы болгонун көрсөтөт”. Бул бирдей эмгек акы үчүн өткөрүлгөн кампаниянын бир бөлүгү болгон.
30-40-жылдары Кэрроллдун окуясы жаңы көркөм агым үчүн пайдубал текст болуп калды. Фрейддин аң-сезимсиздик теориясына таянган сюрреалисттер Кэрроллдун жүйөгө сыйбаган түш баяндарына кызыкканы да таң калыштуу эмес. 1936-жылы Улуу Британиядагы биринчи сюрреалисттик шоуну баяндаган “Guardian” рецензиясында ал тургай Алиса алардын сүрөттөрүн түшүндүрүүдө колдонулган: “Эгер Льюис Кэрролл кальян чеккен курттардын, сүйлөгөн булактардын дүйнөсүн жарата алса, анда эмне үчүн Макс Эрнст же Жоан Миро боёк менен ушундай дүйнөнүн эквивалентин жарата албайт?”
- Кэрролдун аңгемелерин кайра окуп чыгыңыз, акылсыздыктын арасында көптөгөн нааразычылык, чочулоо жана чыныгы коркунуч бар.
Эрнсттин, Эдвард Бурранын, Леонора Кэррингтондун жана Доротея Таннингдин сүрөттөрү, кыязы, масштаб жана белгисиздик менен ойноп, укмуштуулар дүйнөсүнүн коркунучтуу же тынчсыздандырган аспектилерин күчөтүп, бизди Тенниел/Дисней огунан эң алыска алып баруучу интерпретациялар болсо керек. Бул жерде үңкүр коридорлор, матырайган жүздөр, чачы тик турган үрөй учурган кичинекей кыздар бар. Бул Викториялык эркелик эмес эле аң-сезимдин укмуштуудай чыласы, бирок Кэрроллдун аңгемелерин кайра окуп чыгыңыз, акылсыздыктын арасында көптөгөн нааразычылык, чочулоо жана чыныгы коркунуч бар.
Сальвадор Далинин “Алиса укмуштуулар өлкөсүндө” деген абстракттуу иллюстрациялары кийинчерээк, 1969-жылы пайда болгон – ошол убакта Алиса дагы бир маданий “учурду” өткөрдү. Мында укмуштуулар өлкөсү толугу менен психикалык тажрыйба катары тандалып алынган: акыл-эсти кеңейтүүчү галлюцинация, анда жандыктар сүйлөп, денеңиз өзгөрөт жана сиз өзүңүздүн ким экениңизди суроого аргасыз экениңизди туясыз.

Сүрөттүн булагы, Salvador Dali / Dallas Museum of Art
Алисанын бул мезгилдеги интерпретациялары көп. Адриан Пайпер жана Жозеф МакХью Алисадан эргүү алып, психоделиялык искусствого мүнөздүү ачык кызыл жана ачык сары түстөргө басым жасашкан. Буга “Jefferson Airplane” тобунун 1967-жылкы “Ак коёнунан” тартып “Битлздын” “Күзгү артындагы дүйнөдөгү” “Морж жана жыгач уста” ырынан таасирленген Жон Леннон ырдаган “Мен моржмун” деген ырына чейинки музыканттар катышты. Ральф Стидмандын иллюстрацияларында Леннондун өзү курт катары сүрөттөлөт, ал эми немис сүрөтчүсү Зигмар Полке Тенниелдин оригиналдуу куртун коллаж кылып эмгектерине киргизген. Йайои Кусаманын 1968-жылкы чыгармасында дагы темгилдер бар, анда жылаңач, боёлгон аткаруучулар Борбордук парктагы Алиса айкелинин айланасында ойношкон. “Алиса хиппилердин чоң энеси болгон. Ал кичине кезинде биринчи болуп көңүлүн көтөрүү үчүн таблеткаларды ичкен”, - деген Кусама бир аз түшүндүрмө берип.
Коёндун ийининен ылдый карай
Мунун баары биздин Алиса жөнүндөгү түшүнүгүбүздү биротоло өзгөрттү, ошондуктан башында бейкүнөө элементтер азыр акыл-эсти өзгөртүүчү заттарга шилтеме катары колдонулат: тамеки чеккен курт, козу карындар, ак коёндун артынан сая түшүү... Чынында эле, 1971-жылкы АКШ өкмөтүнүн билим берүүгө арналган тасмасы “Таң каларлык Алисада” укмуштуулар дүйнөсүнүн каармандары ар кандай наркомандар катары сүрөттөлгөн: чөпкө жабышкан курт; амфетаминдерге март коён; барбитураттагы уйкучу. Бул балдарды эскертүү максатында жасалган, бирок анын ордуна өзүнчө эле бир психоделиянын жагымдуу бөлүгү болгондуктан, культ статусуна жеткен.
Бирок ошол доордун Алисаларынын баары эле жагымдуу болгон эмес: Питер Блэйктин 1970-жылкы иллюстрациялары түркүн түстүү гүлдөр жана оймо-чиймелер менен кооздолуп турушу мүмкүн, бирок алардын жалпы маанайы чөгүңкү. Алиса көрүүчүнү муңдуу тиктейт; Алаңгазар шляпачы түрмөдө жатканына кайгырат. Түсүнө карабастан, алар Жонатан Миллердин 1966-жылы Би-Би-Си үчүн жасаган кызыктай адаптацияланган дүйнөсүнүн бир бөлүгүндөй сезилет. Ак-кара түстө тартылган, бардык каармандар жаныбар эмес, таанымал (көбүнчө жогорку класстагы) “типтер" катары ойногон, Алиса адаптацияларынын ичинен бул эң эле түш сыяктуу сезилет. Бирок оригиналын жакшы билбесеңиз, ал түшүнүксүз болуп калат жана балдарга да жагышы күмөндүү.

Миллер окуяга алдын ала маанай тартуулайт жана укмуштуулар дүйнөсүнүн бала түшүнө албай турган чоңдор дүйнөсүнө таянат. Ошентсе да, башкаруучу класстар таңуулаган маанисиз конвенциялар менен байланышкан коомдун сатирасы катары бул 1960-жылдардын так чечмелөөсүндөй сезилет жана Рави Шанкардын ситар саундтрегине окшоп кетет.
Ал эми “Алиса укмуштуулар дүйнөсүндө” эс тартуу окуясы катары сахнада жана экранда көп колдонулат жана ал турсун “Кичинекей Симздин” 2017-жылкы “Дагы эле укмуштуулар дүйнөсүндө” деген концептуалдык альбомунда Алиса өзүн-өзү таануу үчүн негиз катары пайдаланылган.
Бирок Алисанын жыныстык жетилүү символу катары потенциалы (денедеги бардык өзгөрүүлөр!) же аялдыктын башталышы дагы тынчсыздандырган көз караштарды өзүнө тартып турат. Анна Гаскеллдин жаш Алисаларды чагылдырган сүрөт сериясы (кээде бири-бирин чочуткан, же денелери чырмалышкан) бейкүнөө кыз бала идеясын бузуп салат.

Сүрөттүн булагы, Solomon R Guggenheim Museum, courtesy Galerie Gisela Capitain
Алисанын соңку интерпретациялары ал окулган учурду чагылдырууну улантууда, андыктан анын 21-кылымда санарипке өткөнү таң калыштуу эмес. “Америкалык МакГи” компьютердик оюну Алисаны эс-учун жоготкон абалда Жеббервок жана Королева сыяктуу кара ниет адамдар менен күрөшүп жараланган каарманга айлантат. Дэймон Олбарндын музыкалык укмуштуулар дүйнөсүндө коёндун ийининен ылдый түшүү менен санариптик дүйнө башталат жана мында жалгыз өспүрүм Алисаны онлайн оюнда аватар катары кабыл алат.
“Укмуштуулар өлкөсү – дайыма күчтүү метафора же иштөө үчүн идея”, - дейт Бейли. V&A шоусун ушул кызыктырат: кичинекей кыздын көңүлүн ачуу үчүн айтылган бир адамдын маанисиз окуясы көптөгөн окурман муундарына жана көптөгөн тынчы жок ойлоп тапкыч сүрөтчүлөргө өз фантазиясынын коён ийинине түшүп кетүүсүнө мүмкүнчүлүк берген.
“Китепте эбегейсиз көп идеялар жана концепциялар бар, бирок ал чыгармачылык үчүн да мейкиндик берет”. - дейт Бейли. “Бул - чынында эле кыялкечтердин Ыйык Китеби”. (ТА)
































